Эгерде бала бардыгын жегенде да тойбосо

Мектеп ашканасынын менюсу болушунча ар түрдүү жана тоюмдуу болушу керек. Эгерде окуучу ашканада берилген тамакты түгөткөндө да тойбосо, анын эки себеби бар: 

1. Порциянын көлөмү ченемдерге жооп бербейт (салат 50-75 г, каша, жашылча кошулган тамак – 200 г, сорпо – 250 г, суусундук – 200 мл), 

2. Менюга киргизилген тамак жетишерлик тоюмдуу эмес. 7-10 жашта балдар жетиштүү белок алуусу зарыл, ошондуктан балдардын рационунда эт, балык,сүт азыктары, жумуртка болуусу керек. Булардан сырткары, менюга дан азыктары, нан, мезгил жашылчалары, жемиштер жана кургатылган жемиштер киргизилиши керек. 

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа