Программа жөнүндө

Бул  сайт Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде окуучулардын  сапаттуу жана жеткиликтүү тамактандыруусун уюштурууга жардам берүү үчүн түзүлгөн. Окуучулардын ден соолугун жана билим алууда  жетишүүсүн камсыздоо үчүн мектептерде туура тамактандыруунун тажрыйбасын калыптандырыш керек.

Силердин  балдарыңар  мектептерде кандай  тамактандырылып жатканын  жана аны кантип жакшыртса  болоорун билгиңер келеби? Ошону  менен катар, өздөрүнүн ден соолуктары  үчүн кандайча кам көрсө болооруна балдарыңарды  үйрөткүңөр келеби? Анда сиз бул жака!

Сиздер Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан мектептерде тамактандырууну уюштуруунун Улуттук программасы тууралуу пайдалуу маалыматтарды, Россия Федерациясы тарабынан каржыланып жаткан балдарды тамактандырууну оптимизация кылуу жөнүндөгү БУУнун БДАТП программасын жана башка донорлордун долбоорлорун ушул порталдын барактарынан таба аласыздар.

Көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй,  окуучулар үчүн тамактандырууну уюштуруу – бул бир гана  чыгымдар тарамы болбостон, келечек муундардын ден соолугуна  болгон мамлекеттин олуттуу салымы. Мектептеги тамактандыруу балдардын  азыктануусуна жана ден соолуктарын жакшыртууга түздөн түз таасир этип,  билим берүүнүн негизи жана социалдык коргоонун чарасы катары каралат.  

Мектептеги тамактандыруунун реформасы балдардын тамактандыруусун уюштурууда ийгиликтүү тажрыйба топтогон БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана башка донорлордун колдоосу менен  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министрлиги тарабынан ишке ашырылып келет.. 

Акыркы  жылдары башталгыч  класстардын окуучуларын  ысык тамак менен камсыз  кылууда маанилүү өзгөрүүлөр  пайда болду: көптөгөн мектептер  “Ысык тамак берүү” моделине өтүп  жатышат, Кыргыз Республикасында 150дөн  ашык тамактын түрлөрүн камтыган мектеп  окуучулары үчүн “Рецептер китеби” иштелип чыкты.  Ал тургай алыскы райондордогу мектептердин ашканаларында  тамакты заманбап жабдыктар менен даярдашып, мектеп ашпозчулары  такай адистигин жогорулатып келишет.

Мектептеги тамактандырууну жакшыртуу жалпы коомчулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ошол эле мектептер,  ата- энелер тарабынан кеңири колдоо тапканын баса белгилеп кетүү керек.

Өкмөт бул реформанын ийгилигине ишенип,  өз тарабынан аны ишке ашыруу жаатында бардык күч-аракеттерин жумшоодо.  Тийиштүү мыйзамдар кабыл алынып, көптөгөн стратегиялык документтер бекитилди. Эгерде мыйзам жалпысынан  башталгыч класстардын ар бир окуучусун ысык тамак менен камсыздоо боюнча кепилдик алса, бир катар укуктук – ченемдик актылар  тамак-аш азыктарынын сапатынан жана ар түрдүүлүгүнөн баштап, аны даярдоодогу санитардык-гигиеналык шарттарына чейинки талаптарын жөнгө салат.  

Ошондуктан  эл аралык донорлрдун  жардамы менен жүргүзүлүп  жаткан реформалар жакынкы жылдары  өз натыйжасын берет деп айтууга толук негиз бар.

Мектептердеги  тамактандыруунун  Улуттук программасы  жөнүндө

2006-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн башталгыч класстардын окуучуларын толук кандуу жана балансталган тамактануу менен камсыз кылууга багытталган мектеп тамагын уюштуруу боюнча Улуттук  программаны активдүү ишке ашырып келет. Бул проект окуучулардын ден соолугун жана жетишүүчүлүгүн жакшыртууга, ошондой эле алардын өсүп өнүгүүсүнө ылайыктуу шарттардын түзүлүшүнө маанилүү кадам болуп саналат.

Башталгыч кадам: программанын биринчи этабы

Программаны ишке ашыруунун алгачкы жылдары каржылоо чектелүү эле, бул мектеп рационунун азыктык баалуулугуна таасирин тийгизген. Окуучуларга   болгону сүттөгөн чай менен булочка,  же башка кондитердик азык берилчү. Бирок мындай тамактануу окуучуларды керектүү азыктык заттар менен камсыз кыла албайт.

Мектеп тамактануусун реформалоо: маанилүү өзгөрүүлөр

Мектептердеги  тамактандыруунун  жана жакшыртылган  менюну ишке киргизүү  багытында Өкмөт Улуттук  саясат иштеп чыгууну көздөп,  буга чейинки калыптанган Программаны   оңдоону чечкен.   

Ошентип, 2013-жылдан  тартып, эл аралык уюмдар жана жергиликтүү жамааттардын  колдоосу менен, мектептерде ысык тамак уюштурула  баштаган. Бул окуучулардын ден соолугун жана жетишүүчүлүгүн жакшыртуу боюнча маанилүү кадам болгон.

2019-жылдын декабрь айында “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынган. Мыйзам окуучуларды балансталган тамактануу менен камсыз кылуу үчүн, алардын жашына жараша физиологиялык керектөөлөрдү эске алып, укуктук шарттарды түзгөн.

Каржылоону көбөйтүү

2023-жылы Кыргызстандын өкмөтү башталгыч класстардын окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн бюджетти күнүнө бир окуучуга  7 сомдон 14 сомго чейин жогорулаткан. Бул сумма Бишкек шаарында мэрия бюджетинин эсебинен 22 сомду, ал эми Ош шаарында мэрия бюджетинин эсебинен 15 сомду түзөт.

Жетишкендиктер жана перспективалар

Бүгүнкү күндө бардык окуу жайлардын 75% түзгөн 1735 мектеп булочка менен чайды 500 миңден ашык башталгыч класстардын окуучулары үчүн ысык тамакка алмаштырган. Бул өкмөттүн жана жергиликтүү бийликтин мектепте тамактануу маселесине канчалык олуттуу мамиле жасап жатканын көрсөтүп турат. 2027-жылга карата өлкөдөгү бардык мектептерди балансталган жана түрдүү ысык тамакка өткөрүү пландалууда. Кыргыз Республикасында мектеп тамагын уюштуруу боюнча программа – балдардын дени сак жана  ийгиликтүү келечегине карай маанилүү кадам болуп саналат. Толук кандуу рацион, балансталган түрдүү тамактануу жана мектептеги ысык түшкү тамак окуучулардын физикалык жана психикалык өнүгүүсүнө бекем негиз түзөт. Бул программаны колдоо жана өнүктүрүү келечек муундарга баа жеткис пайда алып келүүчү биздин жалпы милдет.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа