2006-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн мектептериндеги тамактандырууну уюштуруу боюнча Улуттук программаны ишке ашырып келет. Башталгыч класстардын окуучуларына мектептен күн сайын тамак берүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 7 сомдон 10 сомго чейин (регионго көз каранды) акчалай каражат бөлүнөт. Бишкек шаарында мэриянын бюджетинен бир окуучунун тамагына күнүнө 14 сом, Ош шаарында мэриянын эсебинен – 7 сом бөлүнөт.
Бирок , тоюмдуулук жагынан алып караганда, мындай рацион абдан эле жупуну болуп эсептелет. Окуучуларга болгону сүттөгөн чай менен булочка, же башка кондитердик азык берилчү
Мектептердеги тамактандыруунун жана жакшыртылган менюну ишке киргизүүнүн багытында Өкмөт Улуттук саясат иштеп чыгууну көздөп, буга чейинки калыптанган Программаны оңдоону чечкен.
2013-жылдан тартып Программага олуттуу өзгөртүүлөр киргизилип, мектептерде ысык тамак уюштурула баштаган. Бул маселе боюнча аларга эл аралык уюмдар жана жергиликтүү жамааттар колдоо көрсөтүшкөн.
Бүгүн 1485 мектептин (65%) 200 миңден ашуун башталгыч класстардын окуучуларына булочка менен чай акысыз ысык тамакка алмаштырылды.
2023 – жылга карата балансташтырылган ар түрдүү ысык тамак берүүгө баардык мектептерди өткөрүү пландаштырылууда.
Мектептерди ысык тамак берүүгө өткөрүү эмне берет?
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Иштеп чыккан : Colibri Studio