БУУ ДАТП программасы жөнүндө

2013-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өлкөдө Мектептерде ысык тамак уюштуруу программасын ишке ашырып келе жатат.

Кыргыз  Республикасынын  билим берүү жана  илим Министрлиги мектептерде  туруктуу, натыйжалуу ысык тамак  уюштуруунун моделин иштеп чыгууга    жетишти. Бул модель азыркы учурда Өкмөт  тарабынан мектептерге акырындан киргизилип жатат.

Программанын  алкагында окуучулар  ар бир окуу күнүндө ысык  тамак (сорпо же ботко), жаңы бышырылган таттуу токоч  жешет жана компот ичишет. Мектептердин ашканалары заманбап жабдуулар  менен жабдылган. Ал эми ашканада иштеген ашпозчулар үчүн кесиптик деңгээлин   жогорулатуу боюнча тренингдер өткөрүлүп турат.  

“Кыргызстандагы кенже класстын окуучулары жыл бою сапаттуу жана пайдалуу ысык тамак менен камсыз болушун биз каалайбыз. Мектепте тамактандыруу баланын жалпы өнүгүү процессине таасирин тийгизет, региондордун жана жалпы эле өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн келечегине негизги шарт болгон жагымдуу билим алуу атмосферасын түзөт” – дейт  Кыргыз Республикасынын  билим берүү жана илим министри  Исаков Каныбек Абдуваситович.

Мектепте ысык тамак уюштурууну ишке ашыруу.

Негизги фактылар жана сандар. 

https://drive.google.com/file/d/1lfgeeubBizBbFmfWtoxu7NzdQp8dvlZA/view

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа