Түшкү тамактануу. Дүйнө боюнча мектеп тамак-ашына көз чаптырсак.

Кыргыз Республикасы СССРдеги мектептерде акысыз тамак берилген биринчи өлкө болгон. Республиканын Министрлер кеңешинин 1957-жылдын 17-сентябрындагы жана   Кыргызстан КП БКнын 1957-жылдын 1-октябрындагы чечимине ылайык Кыргыз ССРнин бардык мектептеринде 1-4-класстын окуучулары үчүн, кийинчирээк 1958-жылдын 1-январынан тартып Республиканын шаарларындагы жана айылдарындагы башталгыч, жети  жылдык жана орто мектептердин 1-7 класстарынын окуучулары үчүн акысыз эртең мененки ысык тамак алган балдардын санын жыл сайын арттыруу каралган  

СССР кулагандан кийин Кыргызстанда мектеп окуучуларына тамак 2006-жылдан тартып бериле баштаган. Ар бир баштапкы класстын окуучусуна мамлекеттик бюджеттен күнүнө 7 сомдон 10 сомго чейин бөлүнөт. Башында түшкү тамак чай жана таттуу токочтон турган. Акыркы күндөрү мектептерде толук кандуу ысык тамак бериле баштады. 2023-жылга чейин Өкмөт өлкөнүн бардык мектептерин ысык тамак менен камсыздандырууну пландаштырууда. 

Ал эми башка өлкөлөрдүн окуучулары   кандай тамактандырылат? Келиңиздер дүйнөнүн төрт бурчундагы өлкөлөрдүн мектептеринин тамактарын карап, салыштырып көрөлү. Франция, Малави, АКШнын түрдүү штаттары, Алыскы Чыгыш өлкөлөрү болгон Корея жана Япониянын окуучуларына кандай тамактарды сунушташат болду экен.   

Европанын  көптөгөн өлкөлөрүндө өсүп жаткан организмди туура жана сапаттуу тамак-аш менен камсыз кылуудан тышкары, улуттук маданиятты жана ашкана салттарын сиңдирүү үчүн аракет кылышат.  Көптөгөн өлкөлөрдө сапаттуу мектеп тамагын уюштурууга мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүлөт. Мисалы Финляндияда жана Швецияда мектеп тамагынын чыгымдары толугу менен өкмөт тарабынан каржыланат. Швециядагы бир мектептин кадимки түшкү тамагы төмөнкү азыктарды камтыйт: картошка, капуста, фасоль, крекер, кызылгат ширеси.  

Улуу Британияда 2000-жж. мектеп тамагы кандай болушу керек деген темада абдан чоң талкуулар болгон.  2004-жылы мектептердеги тамактын сапатын жакшыртуу боюнча кампания жүргүзгөн Джейми Оливер өзүнүн чоң салымын кошкон.  Анын аракети менен Улуу Британияда өлкөнүн билим берүү мекемелерине окуучулар үчүн татыктуу тамак уюштурууга колдоо көрсөткөн көз карандысыз мекеме түзүлгөн. 

Азыркы учурда Бириккен Падышачылыктын мектептеринде чоң өлчөмдө туз, шекер жана май камтыган азыктардын түрлөрүнө чек коюлган. Мисалга алсак, куурулган тамак жумасына эки жолу гана берилет. Ошол эле учурда күн сайын окуучулар түшкү тамактанууда пайдалуу витаминдерге бай мөмө-жемиш жана жашылча жешет. Менюда көп кездешкен тамактар: ичине түрдүү нерселер салынган пирог жана демделип даярдалган кремдүү десерт.   

Францияда бардык мектептердеги түшкү тамакта сөзсүз түрдө ысык тамак (эт, балык, жумуртка, буурчак, ичеги-карын же сыр кошулуп жасалган), гарнир, сүт азыктары жана ысылык же десерт берилиши керек. Француз мектебинде берилген жөнөкөй ланч чоң кишинин түшкү тамагынан камтылган азыктары боюнча айырмасы деле жок. Мисалы бир күндүк менюну алсак, сарымсактуу жана жашыл чөптүү бадыраң, жашылча менен даярдалган жөжөнүн саны, кызыл жана жашыл таттуу перец жана зайтун майы, кус-кус, органикалык йогурт, алма.  

Уюштуруучулардын ою боюнча күндүн ортосунда тамактануу окуучуларда тартиптүү жүрүм-турум, мыкты табит жана туура тамактануу принциптерин тарбиялайт. Улуттук тамак-аш стандарттары тарабынан тамак берүүнүн жыштыгы жөнгө салынат. Мисалы, эң аз дегенде он тамак жыйырма күндүн ичинде бууга бышырылган жашылча камтып, калган он тамак дан же ундан жасалган тамакты камтып, дагы сегиз тамак мөмө-жемиштен жасалган десерт камтышы керек. 

Италияда мектептерди (оорукана жана башка коомдук мекемелерди) тамак даярдоодо жергиликтүү жана органикалык  азыктарды колдонууга жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн сатып алууга мажбурлаган мыйзам бар. 

Италиядагы стандарттуу мектеп тамагы паста жана ризоттодон турат, салат өзүнчө тамак катары берилет. Эт кошулуп жасалган тамактар жумасына эң коп дегенде эки жолу берилет. 

АКШда балдар жалаң гана бургер жана чипстер менен гана тамактанат деп калыптанган түшүнүк чындыктан алыс эместей. Мектеп окуучуларынын бактысына жараша жакында эле Балдар тамагын жакшыртуу боюнча мыйзам кабыл алынды. Бул мыйзам түшкү тамакты теңдемге ылайык даярдоого, жергиликтүү айыл-чарба менен кызматташтык мамиле курууга жана тамак-аш саткан автоматтарга сабаттуу стандарттарды киргизүүгө милдеттендирет.  

Ал эми жөнөкөй мектеп тамагын карай турган болсок, АКШда ал штатка жараша өзгөрөт. Чочко этинен жасалган сэндвич, хумус жана пита, тоок этинен жасалган такос жашылча салаты менен, капрезе салаты менен индейка эти, мунун бардыгы түрдүү штаттардын мектеп тамактарынын азыктары. 

Японияда баштапкы класстардын окуучуларынын 99%на, жогорку жана ортоңку класстардын окуучуларынын 82%на куюсоку, башкача айтканда мектеп тамагы берилет.  Меню балык жана күрүчтүн негизинде түзүлөт, бирок тамактардын көпчүлүгү батыш стилинде даярдалат. Капуста салаты, помидор, куурулган картошка жана суюк тамак, бул кадимки батыш ланчы. Бул менюнун чыгыштагы варианты гобо (уйгактын тамыры), чикува (балыктан жасалган сосиска), фаршталган сыр, кинаколуу нан (сояга куурулган) сыяктуу экзотикалык тамактардан турат. Күн Чыгыш өлкөсүнүн негизги суусундугу сүт болуп эсептелет. 

Түштүк Кореянын көптөгөн ашканаларында бир нече секцияга бөлүнгөн, металлдан жасалган табактарды колдонушат.  Эки чоң секцияга күрүч салынат, адатта күрүч менен чогуу маринаддалган кимчи жана сорпо берилет. Ал эми үч кичинекей секция дайыма жашылча жана балыктардан турган гарнирлер менен толтурулат. Тамактануу көбунчө таттуу айран менен коштолот. Корея мектебинин адаттагы түшкү тамагы: кимчи, күрүч, тофу жана соя өсмөлөрү. 

Өлкөдө балдардын тамак-ашынын сапатына мамлекеттик деңгээлде кам көрүшөт. Ошону менен бирге, балдарга багытталган тез тамактануу жарнамаларына тыюу салынат. 

Таиланддын  он жаштан он беш жашка чейинки окуучулардын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык мектепте берилген тамактардын арасынан эң популярдуулары куурулган тоок эти менен күрүч (16%), жумуртка кесмеси жана балык менен жасалган сорпо (14%), сууга бышырылган тоок эти менен күрүч (12%), тоок эти менен том ям (салттуу сорпо) (7%), макарон кошулган сорпо (6%). 

Африканын Малави өлкөсүнүн Чимвангомбе айылындагы мектептин түшкү тамагы “Нсимадан” (сулу акшагынын африкалык түрү), фасолдон жана жергиликтүү жыттуу капуста түрүнөн турат. Өкүнүчтүүсү, балдар бир тарелка тамакты эки балага бөлүп жешет. 

Мектеп тамагынын туура түзүлгөн рациону балдардын иммунитетинин деңгээлин, сабакка болгон жөндөмдүүлүгүн жана жетишкендиктерин жогорулатат. Бул болсо келечекте ишке орношууга, дайыма жогорку эмгек акы алууга, бактылуу үй-бүлө курууга  мүмкүнчүлүк берет. 

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа