«Түйүндү чеч»

Сүрөттө оң жана сол кол кашык, сайгыч жана бычак байланган жиптердин учтарын кармап турат. Кайсы кол эмнени кармап турганын билиш үчүн түйүндү чеч:

https://lh5.googleusercontent.com/qdqY--uM1DLMfvsPC6eHXJ5mncAXY3m5wi_KUozB4JReQu3FiZw60fi3BTEry2wxUvoDWQ2cfdZcKNqmJTLl1yBjxiGX83lhbGNbKEoHGn4TWRGPK-yIfMFtZU1fWIZyDPJXm8FE

Ырлар

Тарбиясыз  тыйын чычкан

Тыйын  чычкан баласы,

Майрамдык   тарелкасында,

Эмнеси  бар, карачы!

Колбаса  менен нан  турат.

Кайнатма   алча, бал турат.

Табакын  теңи боткосу,

Тамак  көп, тоодой  окшоду.

Барын  аралаштырып,

Кантип  жейт аны  аш кылып.  

Тамактарына  жанагы,

Тыйын  чычкан карады:

Жей  албайм  муну баарын  дейт,

  Жок  табитим,  алым дейт.

  Көк  чымчыкты  сыйласам,

  Жешип  бер деп  кыйнасам.

Бул  кылганы  болбостур.

Уят  го дейм,  жолдоштор! 

Кана,  балдар,  келели,

Тартипсиз  тыйын чычканга,

Тарбияны  берели!

Юлиана  Шевченко.  

(перевод  не точный,  но по смыслу  – переводчик)

Балдар  менен кийинки  суроолорду талкуулагыла.

.

Тыйын  чычкан тамактардын  баарын бир табакка салып  алып, туура кылдыбы?

Өзү  жебеген  тамак менен  досторун сыйласа  болобу?

Өзүнүн  табагынан  же деп башка  бирөөгө сунуш кылса болобу?

А  силер дасторкондао  антпейсиңерби?

Табышмактар

Пил  баласы  конокто өтө  эле аз жептир..

Бир  чака варенье,  бир бочка бал жептир.

Он  беш порция  сорпо, дагы  аш жептир!

Биз  мындайды  болбос дейбиз,  же болбосо ,,,,,,,,,,,…дейбиз.(Тойбос) 

Ирина  Оржинская.  

 (Перевод  по смыслу.  Переводчик))

Мишка  чай ичкен  болуп жатат,

Момпосуйду  агызып соруп  жатат.

Мейли  сорсо, сорсун,  

Бирок,  колунда ,,,,,,,,,,,,,,,,  болсун. ( Салфетка)

Вера  Алямовская.     (Аналогичный  перевод)

Ичесиңби  жашылча щи,

Суп  же башка  азыкты?

Колуңа  эмне аласың?

Унутпагын  ,,,,,,,,,,,,,,,…      (кашыкты) 

Автор белгисиз.  (Аналогичный  перевод)

Көптөн  бери жей  элек нан.

Шакек  сымал тегерек  нан.

Достор  менен көрүшөмүн,

Жалгыз  жебейм, бөлүшөмүн.  (бублик)

Автор  белгисиз. (Аналогичный  перевод)

Физкультмүнөтчө

Физкультура  мүнөтчөлөр – балдар  бир аз эс алып, колдорун  иштетип жана чарчоосун арылта  турган зарыл танапис. Бул балдардын  көздөрүнүн, кулактарынын жана дене боюн  эс алдыра турган кыскача эң жөнөкөй тыныгуу.  Бул жөнөкөй көнүгүүлөрдү балдар бир аз эс алып  алыш үчүн сабактар арасында, же үйгө берилген тапшырмаларды  аткаруу учурунда пайдаланышы керек.

Шарттары

Физкультмүнөтчөлөр  2-3 минутта оңой жаттай  турган ырлардын коштоосунда   жүргүзүлөт.

Көнүгүүнү  олтуруп, же болбосо  туруп алып деле жасаса  болот.

Көнүгүүлөр  буттарды жана  денени түзөп, ийиндерди  жайып, башты көтөрүп, манжаларды  бошотуп, дем алуу көнүгүүсүнүн коштоосунда  жасалат.

Көнүгүүлөр  эч кандай алдын  ала даярдыгы жок эле  жасалат.

Мугалим  же улуу адам  окуйт, ырларда айтылган  кыймылдарды көрсөтөт, балдар  кайталап турушат.

“Тамак  аш азыктары”  темасындагы физкультура  минуттары

1.Жашылчаны   Кодек (эшектин  баласы) тандайт.  (көздү  тегеретүү)

А  дегенде  эмне жешти  билбейт,

Алча   бышып үстүндө , (жогору  чоюлуу)

Чалкан  турат астында.

Сол  жагында  кызылча,

Оң  жагында  – кызылча,  оң жагында  брюква (солго,  оңго ийилүү)

Жашыл  чөп бар  астында(эңкейүү)

Көк  жалбырак  үстүндө (жогору  чоюлуу)

Эмнени жейт,  таппады

Тандай  албай чарчады.  (көздү кысуу,  кайра ирмөө)

2. Салаалардын  “Капуста” гимнастикасы.

Капустаны  туурайбыз, (балта  чапкансып, колдорду  шилтемей)

Ушалайбыз,  тынбайбыз.(капуста  ушалагансыйт))

Капустаны  сыгабыз,(салааларды  ачып, жабуу

Капустаны  туздайбыз, (туз  “чымчып”, “туздоо”)

3. Бир, эки, үч,  төрт, беш (салааларды  ачып, жуммай)

Жемиштерди  санайбыз,(салааларды  ачып, жуммай)

Шабдаалы  менен мандарин(кезеги  менен эки салаасын   жумат)

Алмурут,  өрүк , апельсин,(кесеги  менен үч  салаасын жумат)

Бир,  эки, үч,  төрт, беш.(салаарын  ачып, жумат)

Жемиш  саны туура  беш. (алакан  чабат)

4. Балдар  турушуп, партадан  чыгышат. Мугалим ар  кайсы жашылчаны атайт. (балдар  тез олтурат).

5.Балдар  партадан турушат.  Мугалим (же улуу дагы  бирөө) пайдалуу жана зыяндуу  азыктарды санап кирет. Эгерде пайдалуу  азыктарды (жемиштер, жашылча, сүт азытары,  буурчактар, дандар ж.б.) атаса балдар алакандарын  чабышат. Эгерде зыяндуу азыктарды (чипсылар,, гамбургерлер,  оңой даярдалма кесмелер, газдалган ичимдиктер ж.б.) атаса, балдар  колдору менен көздөрүн жабышат.

Жалпы  көнүгүүлөр

Биз  шайыр  маймыл сымал,

Кыйкырабыз,  ойнойбуз.

Колубузду  чабабыз,

Ооздорду  көптүрүп,

Ордубузда  секиребиз.

Жапырт  көккө умтулуп.

Сөөмөйдү  бетке такап,

Бирибизге  бирибиз,

Тилибизди  сунабыз.

Ооздорду  чоң ачып,

Өңүбүздү  бузабыз.

Мен  “үч” –  дегенде,

Баарыбыз  басылабыз.

Бир,  эки, үч!

2.Жаныбызда  коёнек,

Кулактарын  шалпайтып, (колдору  менен коёнекти туурашат)

Мына  минтип,  мына минтип.

Кулактарын  кыймылдатты,

Үшүдүбү  олтуруп.

Алаканды  жылытабыз (колдор  менен ийиндерди  ушалайт)

Мына  минтип,  мына минтип.

Алаканды  жылытабыз,

Үшүп  жатат коёнек

Секирсинчи  коёнек (ордунда  секирмей)

Мына  минтип,  мына минтип.

Секирсинчи  коёнек

Карышкырдан  чочуп кетти,

Коёнегим  качып кетти.(партага  келип олтурушат)

3. Буратино  керилди

Бир  – керилди,

Эки – эңкейди

Үч – эңкейди
Колдорун  жайып салды.

Ачкычын  таба албады,

Тапканга  жардам кылып,

Бут  башына  туралы!

4. Колду  өйдө көтөрөлү
Кайрадан  түшүрөлү.
Колдорду  жаялы,
Кайрадан  жабалы.

Андан  кийин жакшылап,
Алаканды  чабалы.

5.Ордубузда  басабыз,

Колубузду  чабабыз.

Башыбызды  чайкайбыз,

Колдорду  көтөрөбүз,

Колдорду  түшүрөбүз.

Кайрадан  жазып баштайбыз.

6.Бир – турабыз,  керилебиз,

Эки –  эңкейебиз, түзөлөбүз.

Үч – үч  жолу кол чабабыз.

Үч  жолу  баш ийкейбиз,

Төрт  дегенде – колду  жайып,

Беш –  кол шилтейбиз,

Алты  – кайрадан  олтурабыз.

7.Мына  биз колду  жайдык,

Жерге   жете эңкейдик,
бирибиз  бирибизге,

Бел  таянып  жүгүнөбүз.

Белди  ийип, кайра  түзөп,

Белди  ийип, кайра  түзөп,

Эринбейбиз,  төмөнүрөөк,

ийилебиз,  жылмаябыз.

Көз  чарчагандагы  көнүгүүлөр

1.Көздөрдү  5 секундга бекем  жумуп, кайра ошончо  убак ачып, чекени бырыштырбай  3-4 жолу кайталаш керек.

2.Калемди  колго алып,  колду созгула.  Калемиңерди карагыла,  көздү ажыратпай мурундун  учуна чейин алып келгиле.  4-6 жолу кайталагыла.

3.Чоң  айлананы  алкагын тегерете  караган сыяктуу жайыраак  көздү тегереткиле. 2 жолу  оңго, эки жолу солго. 2-4 жолу  кайталагыла.

4.Бөлмөңөрдүн  үстүнкү сол жак  бурчун карагыла, андан  соң назарыңарды мурундун  учуна алып келгиле. Андан  соң үстүнкү оң жак бурчун карагыла,  кайрадан мурундун учун карагыла. 5-6 жолу  кайталайсыңар.

5.Күндүн  кулагы (радуга).

Оой,  биз көпкө  жаздык.

Көздөр  чарчады.(көздөрдү  ымдоо)

Баарың  терезени  карагыла. (оң  жак, сол  жакты кароо)

Ах,  күн кандай  бийик экен. (өйдө  кароо)

Биз  азыр көз  жабабыз. (алакан  менен көздөрдү  жабуу)

Күндүн  кулагын көрөбүз.

Өйдө  коштоп  карайбыз.   (күндүн  нурун коштоп, оңго, солго,  өйдө, ылдый кароо)

Оңго,  солго которобуз.

Анан  ылдый карайбыз.(ылдыйды  кароо)

Көздү бекем  жумуп, көз ымдайбыз. (көздү  жумуп, ачып, ымдоо)

6.Көздү  жумуп, айланта  тегеретүү, солго,  оңго. 2-3 жолу кайталоо  керек. Көздөрдү ымдоо. 5-6  жолу кайталоо.

7.Балдар  көздөрүн жумушат.   Ачпай туруп, терезени  карашат, каалганы карашат.  Бөлмөгө көпөлөк учуп кирди деп  эсептеп, учуп жүргөн көпөлөктү карагандай  көздү тегерете беришет.

Эс  алдыруучу  көнүгүү

1.Ралли.

“Жарышка  катышкан машина  айдайбыз” – деген команда  боюнча балдар буттарын сунуп,  бир аз өйдө көтөрүп, колдорун сунат,  “рульду бекем кармап”, денени бир аз артка  кайкалатышат. Булчуңдар чыңалган абалга келет.  10-15 секунддан кийин, кайра баштапкы абалга кайтышат.

2.Маятник

Өйдө  туруп,  дененин салмагын  кайра-кайра согончоктон  буттун башына которуу. Колдор  түшүрүлүп, денеге кысылган болот.   Согончокту жерден үзбөш керек. Дене  жай бирде алдыга, бирде артка ооп турат.  Буттун башы полдон көтөрүлбөйт.

3.Баш  оңго- солго,  алга-артка кулатуу.

Олтурган  абалда башты  оң жак ийинге,  сол жак ийинге кулаткан сымал  жыгып, айлантуу. Андан соң алдыга  жыгуу. Көнүгүү 10-15 секунд жасалат.  Көнүгүүнүн аягында жагымдуу эс алган сымал  сезим чакыруу керек.

Мээнин  кан айлануу  процессин жакшыртуучу  көнүгүүлөр

1.Алгачкы  абал – стулда  олтуруу.

1-2 – башты  артка жыгып,  акырын жай алдыга  эңкейтүү.

3-4 – Башты  алдыга жыгуу,  ийин көтөрүлбөсүн.  4- жолу.

2. Алгачкы  абал – олтуруп,  эки кол бөйрөккө  таянган.

1- башты  оңго буруу.

2- Алгачкы  абалга келүү.

3 – башты  солго буруу.

4 – алгачкы  абалга келүү.

6-8 жолу  кайталоо.

3.Алгачкы  абал – туруп  же олтурган абалда,  эки колду бөйрөккө алуу.

1 –Сол  колду баштын  үстүнөн айланта  башты солго жыгуу  менен оңго шилтөө.

2 –Алгачкы абалга  келүү.

3-4 – ошол  эле кыймылды  оң кол менен.

4-6  жолу кайталанат.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа