Таза суу – жашоонун булагы

Бул окуя Тамактандырууну уюштуруунун Улуттук программасынын парнерундан- Мерсико*

Ноокат районунун, Жандама жана Катта-Тал айылдарында акыркы үч жыл аралыгында таза суу болгон эмес. Мурун, бул эки айылдын тургундары Сахаба суу түтүк булагынан суу алып колдонушушкан, бирок акыркы үч жылда суу түтүк булагында суу акпай калган.    

Бул айылдардын тургундары каналдын суу агымы менен сууну узартууга аргасыз болушкан, ушул эле суу жогоруда айтылган айылдардын М. Эргашев (855 окуучу), Амир Темир (1535 окуучу) атындагы мектептердин окуучулары, Жасмин (75 бала) жана Чабалекей (120 бала) балдар бакчалары дагы колдонуп келишкен. Каналдан чыккан суу ичүүгө жараксыз химиялык курамга ээ болчу. Бирок, кудуктун жабдууларын оңдоого каражат жок болгондуктан, жергиликтүү калк ушул тандоону кабыл алышкан. Жамгыр учурунда булганган сууну, тургундар жана балдар бул кир сууну ичип келишкен. 

Көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулоо максатында, Мерсиконун долбоорунун кызматкери Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы, мектеп администрациясы, райондук билим берүү бөлүмү жана райондук Санэпид көзөмөл станциясынын

өкүлдөрү менен жолугушту. Топ учурдагы кырдаалды талкуулап, кийинки иш-аракеттерди тез арада бүтүрүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алды: 

  • Чөгүп келе жаткан насостун электр кыймылдаткычын алмаштыруу жана электр зымдарын жаңыртуу, (каржылоо булагы – Жаны-Ноокат Айыл ϴкмөтү);
  • РайСЭЗдеги скважинанын суусуна химиялык анализ жүргүзүлү берилиши керек;
  • Каналдардан мектептерге кирген сууну кесип, мектептерди кудуктан келген сууга туташтыруу.                       Сахаба кудугун реконструкциялоо

Бардык талаптар белгиленген убакта аткарылды. Мектеп жана эки айылдын тургундары кудуктан таза ичүүчү суу менен камсыз болушту.

*МЕРСИКО (Mercy Corps) — эл аралык гуманитардык уюм. Он беш жылдан ашык убакыттан бери АКШнын Айыл чарба министрлиги (USDA) каржылаган Макговерн-Доулдун  программа аркылуу Кыргызтандагы билим берүү мекемелерди ысык тамакка  өтүү процессине жардам берип жатат. Мерсико мектептерге жана балдар бакчасына ысык тамакты колдоо үчүн тамак-аш азык-түлүгүн (байытылган ун, күрүч, буурчак жана өсүмдүк май) камсыз кылат, мектеп ашканаларын калыбына келтирүүгө заманбап ашкана жабдууларын жана ички түзүмдөрдү оңдоо иштерине грант берип жана ашпозчулар үчүн кесиптик даярдоо тренигтерди уюштурууга жардам берет.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа