Окуучуну тамактандыруу кандай болуш керек.

Мектептин  окуучусун тамактандырууну  туура уюштуруу – анын ден-соолугунун  сакталышынын  жана өсүшүнүн  зарыл шарты. Балдарынын тамактануусун  уюштурууда ата-энелер  жооптуу.

Балдар  мектепте  жана үйдө  зарыл болгон  аш болумдуу тамактарды ичиш үчүн  рационду туура  түзүш керек:

  • балдар күнүнө  канча калория коротсо,  ошончо алыш керек: бала канчалык  активдүү болсо, анын рационунда ошончолук  белок болуш керек;
  • белоктор,  майлар, углеводдордун  катышы: 1: 1 : 4 болуш керек.
  • өсүмдүктөн  алынуучу жана  мал азыктары организмге  бирдей катнашта болушу зарл;
  • азыктардын  ассортименти болушунча  кенен: эт, балык, акшактар,  нан, жашылча, жемиштер, сүт  азыктары кошулат;
  • аш  болумдуу  заттар көбүрөөк  сакталып калыш үчүн,  тамакты даярдоодо сууга,  духовкада. бууга бышыруу, демдөө  жолдору бар;
  • тамактануу  режими катуу  сакталсын.   

Бала  тамак менен  ВИТАМИНДЕРДИ  алышы  маанилүү.  Анткени алар  организмге өтө  керек.

Ар  кайсы  азыктар  ар кайсы  витаминдердин  булагы, ошондуктан  ар түрдүү тамактануу  – рационалдуу тамактануунун  негизи.

МИНЕРАЛДАР – организмдин,  тканьдардын түзүлүшүнө  катышат, клеткалардын нормалдуу  иштешин камсыз кылат, алмашуу процесстерине  катышат.

СУУ – организмге  таза суу зарыл:

  • баардык  алмашуу процессине  катышат;
  • клеткаларга,  ткандарга аш болумдуу  заттарды ташыйт;
  • организмден  зыяндуу заттарды  чыгарат;
  • дененин  температурасын  жөндөйт;
  • организмди  минералдык заттар  мен камсыз кылат: кальций, магний;
  • курамында  сөөктү жана  тишти калыптандырган  фтор бар.

Теңдештирилген рацион  кантип түзүлөт.  

Мектепте теңдештирилген жана ар түрдүү рацион түзүүгө таза тамактануунун Пирамидасы жардам берет. Ал Гарварддагы америкадагы коомдук тамактануу мектебинин диетологдору тарабынан түзүлгөн жана таза тамактануунун принциптеринин схематикалык көрүнүшү болуп эсептелет.

Пирамиданын  негизинде турган  азыктарды колдон келишинче  бат-бат жеш керек. Пирамиданын  чокусунда турган азыктарды пайдалануудан  тап-такыр алып салуу керек же болбосо аз  ченемде жеш керек.

Балдарга  төрт категориядагы  азыктарды күнүгө берип  туруңуз


Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа