Мектеп окуучусунун үйдөгү эртең мененки тамагы кандай болушу керек

Тамактануу маданиятын балачактан үйрөтүү зарыл. Жадагалса мектепке чейинки жаштагы балага бир күн ичинде эртең мененки, түшкү, түштөн кийинки жана кечки тамак болору маалым. Балаңызды эртең мененки тамактанууга көндүрүү менен жашоосу боюнча туура адаттын калыптануусуна көмөкчү болосуз. 

Муну менен бирге окуучуга кандай эртең мененки тамак көбүрөөк пайда алып келерин да түшүнүү маанилүү. 

Бир гана ботко эмес

Ботко абдан жакшы тоюндурат, бирок өсүп жаткан организмге биринчи кезекте белок жетишпейт. Организмдин өсүү жана өнүгүү процесси белоктун жардамы менен ишке ашат, ошол себептен өсүү үчүн балага табигый белоктуу азыктар керек. 

Мисалы, белок  быштакта, жумурткада,  этте, балыкта, сырда, төө  буурчакта, буурчакта, чечвицада  көп.

Балага  белоктуу  тамакты кандайча  даярдаса болот. 

Быштак 

Кошулмалары жок, табигый быштак сатып алыңыз. Быштакты даамдуу кылган бардык кошулмаларды өзүңүз кошуп алсаңыз болот.  Быштакка бир кашык бал жана бир аз жаңгак же варенье кошсоңуз болот, жайкысын мөмө-жемиштерди да кошсоңуз зыян эмес. 

Окуучунун  күнү быштактан жасалган запеканка же болбосо жыттуу сырник менен эң сонун башталат. 

Жумуртка 

Жумуртка бышырганды бардыгы билет. Өзүңүз жактырган бардык рецептер боюнча ар түрдүү жашылча аралаштырып жасап, нан менен берсеңиз болот. 

Бутерброддор

Эртең мененки тамакта бутерброд жегенди жактырган голландиялыктардан үлгү алсаңыздар болот. Ошол эле учурда Нидерладдардын тургундары бир эрежеге баш ийишет, ал эреже сиздин да балаңыздын көңүлүн көтөрөт. Бутерброддордун бири – пайдалуу (мисалы, сыр, жашылча, каймак менен), ал эми экинчиси – таттуу (мисалы, джем менен). 

Ботко

Тез даярдалуучу  ботколордун бардыгынан  качыңыз. Болушунча кесек  акшакты жана эң аз дегенде 15 мүнөттө бышкан дан азыктарын тандаңыз:  таруу, гречко, күрүч, арпа акшактары.. 

Эгерде баланын ашыкча салмагы болбосо, кашага тоок этин, бир нече кесим сыр же сууга бышырылган жумуртка кошууну адат кылып алыңыз.  Ал эми бал, мөмө-жемиш жана кургатылган жемиш кошуу ашыкча болот, анткени каша ансыз деле углеводго бай. Шекерден көрө боткого бал   же жемиштерди, кургатылган жемиштерди. Кошсоңуз – клетчатка, витаминдержин, минералдардын булагы.

UNICEF 2016

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа