Мектептеги тамактанууда ким эмнеге жооп берет?

Мектептин директору окуучулардын тамагын Кыргыз Республикасынын нормативдүү-укуктук актыларына, санитардык эрежелерине жана ченемдерине ылайык уюштуруу үчүн жооптуу.   

Директор тамак уюштурууга жооптуу кызматкерди дайындайт жана тамак уюштуруу процессине катышкан мектептин бардык кызматкерлерин көзөмөлдөйт.  

Директор бюджеттен окуучулардын тамагын уюштурууга бөлүнгөн каражат максатка ылайык сарпталышына жооп берет.

Тамак уюштурууга жооптуу кызматкер (мектеп кызматкерлеринин ичинен директор тарабынан дайындалат) класс жетекчилердин тамак уюштуруу боюнча иштерин жөнгө салат жана көзөмөлдөйт.

Күн сайын тамак уюштурууга жооптуу кызматкер ашканага ошол күнү канча окуучу тамактана тургандыгы жөнүндө билдирме берет. Тамактануудан кийин директорго жана ашкана жетекчисине канча окуучу эртең мененки/түшкү тамак жегени тууралуу маалымат берүүсү абзел.

Мындан сырткары анын милдетине тамактардын канчалык деңгээлде жээлип жатканын баалоо, мектеп ашканасынын тамагын жакшыртуу боюнча ата-энелерден келген сунуштарды топтоо кирет.

Мектептин ашканасынын ашпозчусу тамак жасоодо, идиш жууганда, имаратты тазалоодо, иштеген жерлерин тазалоодо, азык-түлүктү жана таштандыны сактоодо санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана өздүк гигиена эрежелерин сакташы керек.  

Ашпозчу менюну түзүүгө катышат, тамактын салмагы нормага жана менюга ылайык келип-келбегенин жана азык-түлүктүн туура сарпталышын көзөмөлдөйт.

 Окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөр) баланын ооруп калганын же башка себептер менен мектепке келбей тургандыгын өз убагында класс жетекчисине билдирүүсү керек. Андан сырткары, баланын азык-түлүккө болгон аллергиялык реакциялары тууралуу да билдирүүсү абзел. 

 Ата-энелер окуучулардын тамагын уюштурууга активдүү катышып, аны жакшыртуу боюнча өздөрүнүн сунуштарын киргизе алышат. Ата-энелер бракераж комиссиясынын ишмердүүлүгүнө, ашкананын ремонттук иштерине ж.б.у.с. иштерге катыша алышат. 

Мындан сырткары, ата-энелер балдарын туура тамактануу маданиятына көндүрүшү керек.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа