Дос деген ыйык нерсе, эгер аны баалай билсе

Бул окуя Тамактандырууну уюштуруунун Улуттук программасынын  парнерундан- Мерсико*

Бул окуя 25 жылдан бери көрүшпөй жүргөн, 2018-жылдын август айында Мерсико Кыргызстан уюштурган мектеп ашпозчуларынын окутуу курсунда кайрадан жолугушкан, эки курбу тууралуу. Көп жыл мурда, курбулар Фрунзе (азыркы учурда Бишкек) шаарындагы №27 мамлекеттик ашканасында иштешчү, бирок Советтер Союзунун кулашы менен алардын жолдору ажырап, бири-ири менен байланышсыз калышкан.

Эки курбу жолукканы үчүн эле эмес мектептерде ысык тамак уюштуруу калыбына келтирүү жардамы үчүн проектке ыраазычылык билдиришкен. 

Мектептерде ашкана жабдуулар менен камсыздады жана ошондой эле ашпозчуларга ыңгайлуу жана эффективдүү шарттар түзүлдү. Эки курбу, мындай деңгээлдеги өткөрүлүп жаткан окуу курстары үчүн терең ыраазычылыктарын билдирүүшүдө, анткени мындай шарттар көп жылдар бою колдонулган эмес. Тренингте ашпозчулар өздөрүнүн эски билимин жаңылатууга шарт түзүлгөнүн, ошону менен бирге башка ашпозчулар менен тажырыйба алмашуусун, балдарга коопсуз тамак даярдоо шарттарын талкулоо жана кайрадан карап чыгуу жолдорун айтууда. 

Эки курбу тең: “Бул тренингтин аякташы менен, билимибизди жаңылап, ушундай жакшы шарттар аркылуу, эми иштөө жагымдуу болмокчу. Эми, биздин балдар толук кандуу тамак-аш менен тамактанышат, себеби тамак-аш балдардын окуу билимине, ден-соолугуна оң таасир тийгизет, жана биз тараптан балдардын окуусун жакшыртуусуна өз салымыбызды кошобуз,” – дешти.

*МЕРСИКО (Mercy Corps) — эл аралык гуманитардык уюм. Он беш жылдан ашык убакыттан бери АКШнын Айыл чарба министрлиги (USDA) каржылаган Макговерн-Доулдун  программа аркылуу Кыргызтандагы билим берүү мекемелерди ысык тамакка  өтүү процессине жардам берип жатат. Мерсико мектептерге жана балдар бакчасына ысык тамакты колдоо үчүн тамак-аш азык-түлүгүн (байытылган ун, күрүч, буурчак жана өсүмдүк май) камсыз кылат, мектеп ашканаларын калыбына келтирүүгө заманбап ашкана жабдууларын жана ички түзүмдөрдү оңдоо иштерине грант берип жана ашпозчулар үчүн кесиптик даярдоо тренигтерди уюштурууга жардам берет.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа