Биримдиктин күчү. Таластагы 9-чу Мектеп ысык тамак берүүгө кандайча өттү.

Талас  облусунда  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  аракети  менен   мектептер  дээрлик бүт  ысык  тамак  берүүгө  өтүштү. 

Талас   шаарындагы  № 9-чу  мектепте  500  бала  окуйт.  Былтыркы  жылдан  баштап  алардын  дээрлик  теңи – 207  окуучу  ысык  тамак  ичишет.

Баары  эмнеден  башталды?  Мектеп  директору  Орозалиева  Дамира  Атагельдиевна  жана  БУУнун  ДАТПнын  монитору  Елена Михайлиди   ата-энелердин  чогулушун  өткөрүшүп, мектепти  ысык  тамак  берүүгө  өткөрүш  үчүн  ата-энелердин  керектүү  макулдугун  алышты.  Мектептин  директорунун  айтымында,  программанын  башталышында  эле  чогулушка  катышкандардын  ар  кимисинин  позитивдүү  көз  караштары  байкалды: “Биз  ата-энелер  менен  мектепте  ысык  тамак  берүүнүн  артыкчылыктары  жана  эмне  кылыш  керек  экени  тууралуу  көп  сүйлөштүк”.  Мектептин  администрациясынын  демилгесин  ата-энелер  кыйшаюусуз  колдошуп,  мектепке  эки  суу  жылыткыч  сатып  алдык.  Жергиликтүү  өзүн  өзү  башкаруу  органы  ашкана  менен  тамак-аш  блогун  ремонттоого  каражат  бөлдү.  БУУнун  БТПнын  жардамы  менен  ашкананы  оңдоп,  ашкана  жабдуулары  менен  камсыз  болдук.  Райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн,  ата-энелердин  жана  БУУнун  БТПнын  биргелешкен  ишинин  натыйжасында  балдарга  ысык  тамак  берүүгө  мектеп  оңой  эле  өтүп  алды.   

Мектептин  ашпозчусу  жаңы  жабдуулар  менен  иштөө,  балансталган  мектептик  менюларды  түзүү  жана   ашканадагы  санитардык  эрежелер  боюнча  атайын  окуудан  өттү.  Айтмакчы,  мектептеги  ашпозчунун  ишин  баалашат  жана  сыйлашат.  Анын  даярдагандарын  балдар  жактырышат.

Мектепте  активдүү  ата-энелер  комитети  бар.  Ага  мектептеги  тамактандыруу  менен  алектенген  башталгыч  класстардын  окуучуларынын  ата-энелери  кирет.  Кошумча  азыктарды  сатып  алууга  жана  кошумча  ашкана  кызматчысына  айлык  акы  төлөө үчүн ата-энелер  акча  чогултушат.  Эгерде  мектептин  ашпозчусуна  жардам  керек  болуп  калса,  ал  ашкана  кызматчысынын  кандидатурасын  өздөрү  тандап,  мектеп  директоруна  сунуштайт.

Мектеп  өз  тарабынан  балдарга  жагышка  аракет  кылат,  даамдуу  жана  ар  түрдүү  блюдаларды  даярдап,  аларды  ата-энелерге  көрсөтүп,   дегустацияга  чакырып  турат.  Алар  сунушталган  тамактарды  жактырып  келишет.

Балдарына  үйдөн  пайдалуу  жана  ар  түрдүү  тамактарды  даярдап  туруш  үчүн  ата-энелердин  демейде  чамасы  келбейт.  Ал  эми  мектептен  балдар  каша, чечевицанын,  буурчактын  суптарын,  мастава,  фасоль  кошкон  борщ  ичип  турушат.  Даамдуу  даярдалгандыктан,   балдар  дагы  ичкиси  келип,  сурашат.

Дамира  Атагелдиевнанын  ишеними  боюнча  программаны  ийгиликтүү  баштаарда,  балдарынын  ден  соолугу  үчүн  мектептеги  ысык  тамак  ичүүсүнүн   пайдасын  ата-энелердин  түшүнүшү  маанилүү.  Баары  тең  эле  эртең  менен  балдарын  тойгузганга  жетише  албайт.  Кечке  ачка  жүрбөстөн,  балдардын  мектепте  тамактанып  алуу  мүмкүнчүлүгү  болгону  жакшы. 

Мектепте  биринчи  сабак  катары  атайын  оңой  сабактар  коюлат,  мисалы,  музыка  же  сүрөт  тартуу.  Андан  соң  балдар  ашканада  тамактанышып,  курсак  тойгон  соң,  татаалыраак  сабактарга  киришет,  мисалы,  математикага. 

“Жыйынтыгын  балдардын  жетишүүсүнөн,  алар суроолорго  канчалык  кубаттуу,  канчалык  жандуу жооп  бергендеринен  билебиз. Балдары  мектептен  ысык  тамак  ичкени  алардын  ден  соолугу  үчүн  канчалык  пайдалуу  экенин  билген  ата-энелер каршы  болот  деп  эч  ойлобойм.”

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа