Башкысы – коркпош керек Талас шаарындагы мектеп ысык тамак берүүгө өткөндөгү тажрыйбасы тууралуу

Талас  шаарындагы  № 7 – мектеп  320  окуучуга  эсептелинген.  Иш  жүзүндө  800гө  чукул  бала  барат.  Бул жерде  үч  кезмет  менен  окушат.

2019-жылдан  баштап  башталгыч  класстардын  415  окуучусу  үчүн  ысык  тамак  берүү  башталган.  Ал  кандайча  болгон?  Өзүнүн  жаңы  эле  эскерүүлөрү  менен  мектептин  директору  Орозматова  Эркинай  Касымовна  бөлүшөт.

Баары  “Мектепт тамак-аш программасы” өнүктүрүү  долбооруна  катышуу  үчүн  БУУнун ДАТП  арыз  берүүдөн  башталган.  Мектептин  ашканасы  мектептин  каршысында  чоң  жолдун  өйүз  жагындагы  өзүнчө  курулушта  жайгашкан.  Ал  үй  13  жыл  мурда  балдардын  ата-энелеринин  каражатына  сатылып  алынып,  мэриянын  балансына  берилген.  Эки  бөлүккө  бөлүнгөн.  Бир  бөлүгү  англис  тилинен   кошумча  сабак  берүү  үчүн  пайдаланылып  келген.  Ысык  тамак  берүүгө  өтүп  жатканда  ал  кабинет  ашкана  менен  кошулган. 

Программаны  баштоого  даярдаш  үчүн  Мектептин  ашканасын  ремонт  жасаш  керек  эле.  Шаардын  мэриясы  998000  сом  бөлүп  берди.  Бул  каражат  жетпейт  эле.  Андыктан  кошумча  каржылоого  райондук  билим  берүү  бөлүмү  жана  ата-энелер  жардам  берүүгө  макул  болушту.  Ашкананы  оңдоп,  чатырын  кайрадан  жаптык,  жаңы  терезелерди орноттук. 

Программа  башталганда  балдар  аябай  сүйүнүшкөн.  Күн  сайын  алар  даамдуу   жана  топуктуу  ысык  тамак  иче  башташты.  Чынында  ата-энелер  дайым  эле  мектепке  балдарын  тамак  берип  кетире  алышпайт. 

Башында,  балдар  мектепте  4-5  саат  эле  болгондуктан  үйдөн  эле  тамактанышат  дешип,  ата-энелердин  баары  тең эле  ысык  тамак  берүү  боюнча  мектеп   администрациясынын  демилгесин  дароо  колдоого алышкан  жок.   Ремонттон  кийин  ата-энелер  үчүн  экскурсия  уюштурдук,  баардык  өзгөрүүлөрдү  көрсөттүк,  балдарга  ысык  тамак  берүүнүн  артыкчылыктары  жөнүндө  айттык.  Жыйынтыгында,  ата-энелер  ыраазы  болушканын  билдиришти.

Мектепке  чоң  жардамды  Камкорчулар  кеңеши,  анын  төр  агасы  Бакыт  Жолдошбекович  берип  келет. Мындан  сырткары  ата-энелер  комитеттери  тартылган.

Балдары  эмне  менен  тамактанып  жаткандыктарын  ата-энелер  дайым  билишет.  Келип  көрүп,  эмне  жегендерин  билип  турууга  мүмкүнчүлүктөрү бар.  Өздөрүнүн  пикирлерин  жана  каалоолорун  калтырып  кетсе  болот.  Мектеп  ашпозчусу  да  ар  түрдүү  тамактарды  жасоого  аракеттенет.“Башында  завхоз  экөөбүз  коркуп,  мектепти  ысык  тамакка  өткөрүүгө  каршы  болгонбуз, –  деп  эскерет  Эркинай  Касымовна,- бирок  кийин пикирибиз  өзгөрдү.  Ысык  тамак  балдар  үчүн, алардын  өсүшүү  жана  сабакка  жетишүүсү  үчүн  зарыл  экенин  түшүндүк. Ток  бала  –  башкача  бала.  Ата-энелер  эртең  менен  балдарын өтө  сейрек тамактандырат. Мен  муну  башталгыч  класстардан  байкап  жүрөм. Балдар  тамакка  барышты  эңсеп  сурап  калышат:  танапис  качан  болот? –  дешип. Эң  башкысы –  мектептер  ысык  тамак  берүүгө  өтүүдөн  коркпошу  керек.  Башында чочулоо  болот,  кийин    өз  жолуна  түшөт”.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа