Башкалардын колунан келди, силердин да колуңардан келет. Ысык тамак уюштурган мектептин директору программаны баштагандагы тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Силердин  мектеп  борбордон  алыс  айылда,  же  бир  кичине  шаарчада  жайгашканбы?  Кыргызстандын  алыстагы  кичирээк  мектеби  менен  эч  кимдин  иши  жок,  ысык  тамак  уюштурууну  күтпөй  эле  койсо  болот  деп  ойлоп  жаткан  жоксузбу?  Бул  тажрыйба –  андай  ойлобой,  өз  күчүнө  ишенгендер  тууралуу.  Болбойт  дегендерди  биргелешкен  аракеттердин  аркасында  жасаса  болот.  Менин  баламын  мектептебинде кантип коопсуз  жана  пайдалуу  ысык  тамак  берүүнү  жасаса  болот – деген  суроону  өзүңүзгө  коюшуңүз керек. 

Нарын  облусундагы  Лахол  деген  айыл.  Кылыч  Рысмендиев  атындагы  орто  мектепте  332  бала  окуйт.  Бул  жерде  2018 – жылдан  тарта   кенже  класстардагы  137  балага  даамдуу  жана  пайдалуу  ысык  тамак  берилип  келет. 

Мектептин  директору  Асанбек  кызы  Махабат  мектепте  ысык  тамак  берүүгө  кантип  жетишкендигин  айтып  берди.

Биздин  мектепте  ысык  тамак  берүүгө  өтүү  эмнеден  башталды?

Биринчи  кезекте  бизге  суу  тартып  келиш  керек  эле.  Жардам  сурап,  башталгыч  класстардын  балдарынын  ата-энелерине  кайрылдык.  Ата-энелердин  жыйынында  баардык  каалоочулар  мектептин  бет  эсебине  33000  сом  которуп  берүүнү  чечишти. 

2018 – жылдын  жайында  суу  кошулгандан  кийин,  жергиликтүү  өзүн  өзү  башкаруу  органынын  3300000  сомдук  кызыктыруучу  грантынын  эсебинен  мектептин  ашканасын  толук  капиталдык  ремонттон  өткөрдүк. (Ар  бир  жергиликтүү  орган  республикалык  бюджеттен  берилүүчү  грантка  арыз берсе  болот).  Ошол  эле  каражатка  ашкананы,  тамак-аш  блогун  жана  тамак-аш  сактоочу  жайын  кеңейтип  алдык.    Жергиликтүү  өзүн  өзү  башкаруу  органы  дагы  35000  сом  берип,  ашканага  раковина,  эки  суу  жылыткычын  сатып  алдык.  Окуу  жылы  башталаар  алдында  ата-энелер  дагы  25000  сом  чогултуп  беришип,  ашканага  керектүү  приборлорду  сатып  алдык.

Ошол  эле  жылы  сентябрь  айында  кезектеги  ата-энелердин   чогулушун  өткөрдүк.  Ата-энелер  стандарттуу  менюну  байытыш  үчүн  ар  бир  балага  ай  сайын  200  сомдон  чогултуп  бермек  болушту.  Ал  акчага  сабиз,  кызылча,  жашылча,  капуста,  болгар  калемпирин  сатып  алдык.  Көп  балалуу  жана  начар  жашаган  ата-энелер  бул  салымдарды  төлөшпөйт.

Ысык  тамак  берүүгө  өткөндө  кандай  кыйынчылыктар  болду?

Эң  башкы  көйгөй  мектепте  суунун  жоктугу  болгон.  Суу  киргизилгенде  бул  көйгөй  жоюлду.  Ашкананы  оңдоодо  ата-энелер,  жергиликтүү  өзүн  өзү  башкаруу  органы,  райондук  билим  берүү  бөлүмү  жардам  берди.  БУУнун  ДАТП  жаңы  технологиялык  жабдууларды  сатып  берди.  Ошентип,  мектептин  администрациясы,  жергиликтүү  бийлик,  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  аракеттери  жана  эл аралык  уюмдардын,  ата-энелердин  колдоосу  менен  мүмкүн  болбойт  дегенди  мүмкүн  кылдык. 

Мектепте  ысык тамак  берүүнү  баштаганда  ата-энелердин көз карашы кандай болду?

Биздин  окуучулардын  көбү  мектептен  өтө  алыс  жашайт.  Кээ  бири  28  километрден  келишет.  Аларды  ташуу  үчүн  ата-энелер  атайын  кичик  автобус  уюштурушту.  Окуучулар  үйлөрүнөн  эрте  чыгышкандыктан,   анын  баары  тең  эле  үйдөн  тамактанып  алып  чыгышпайт.  Алардын  ата-энелери  мектептеги  таңкы  тамактанууну  эки  колдору  менен  колдошту.

А  дегенде  ата-энелер  балдарын  тамактандырууга  100  сомдон  беришмек  болушкан.  Бирок  меню  бай  жана  ар  түрдүү  болушу  үчүн  200  сомдон  чогултканды  чечишти.

Ата-энелер  эми  балдар  мектептин  ашканасында  эмне  деген  тамактар  менен  тамактанышаарына  кызыгышты.  Андыктан  биз  мектептин  менюсун  дегустация  кылдырууну  чечтик.  Ата-энелерди  мектептин  ашканасына  чакырдык.  Эки  столду  даярдадык.  Бир  столго  балдар  ысык  тамак  ичүүгө  өтө  элек  кездеги  тамактарды  койдук (булочка  жана  чай),   экинчи  столго  азыркы  ичилип  жаткан  тамактар  коюлду.  Айырмасы  көзгө  көрүнөөрлүк  болду.  Балдардын  жакшы  көргөн  тамактары:  бешбармак,  жана  борщ,  каша.

Ысык  тамакка  өтө  элек  мектептердеги  ата-энелерге жана мектептерге  сиздин  кеңешиңиз.

Мектепти ысык  тамак  берүүгө  өткөрүүдө ата-энелер  менен  тез-тез  жолугушуу  өткөзүү  керек, себеби  мектеп  администрациясынын  демилгесин  колдоп,  жардам  бериш  үчүн,  алардын  каалоосунан  көп  нерсе  көз  каранды.  Бул  менин  кеңешим. 

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа