Ар бир бала мектепте сапаттуу тамактанууга татыктуу. ББжИМ жана КР ССМ,БУУ ДАТП колдоосу менен мектепте тамак уюштуруу үчүн Рецепттер китебин басып чыгарды.

2019-ж. 10-октябрь

БИШКЕК – Мектептерде ысык тамак уюштуруу үчүн Рецепттер китебин тартуулады. Ал китепте мектеп окуучулары үчүн атайын иштелип чыккан сапаттуу жана ар түрдүү ысык тамактардын рецепттери камтылган. Рецепттер китеби КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан БУУнун ДАТП жана россиянын Тармактык тамактануу институтунун колдоосу (SIFI) менен даярдалды.

Рецепттер китебинде 150гө  жакын түрдүү биринчи, экинчи тамактардын, токочтордун жана салаттардын рецепттери камтылган. Рецепттердин бардыгы жергиликтүү азыктарды колдонуу жана улуттук ашкана салттарынын негизинде түзүлгөн. Басылма мектептерде ысык тамак уюштурууда колдонууга сунушталат жана жакынкы убактарда миңдеген баштапкы класстардын окуучулары үчүн толук кандуу түшкү тамак даярдоодо колдонулат. 

Рецепттер китеби мектеп тамак-ашын  оптималдаштыру программасы үчүн маанилүү бир инструмент болуп эсептелет. Россия Федерациясынын финансылык колдоосу менен бул программа азыркы учурда Кыргызстандын 640 пилоттук мектебинин 200 000ге жакын баштапкы мектеп окуучусун  жана Мерсико тарабынан 500 мектебинин окуучусун ысык тамак менен камсыздандырууда. 

БУУнун  Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАТП) өлкөлүк директору Андреа Баньоли билдиргендей, мектеп тамак-ашы программасы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы мектеп окуучуларына инвестиция кылып, окуу процессинде эң мыкты жыйынтыктарга ээ болуусуна мүмкүнчүлүк берет.   Рецепттер китеби өлкөнүн келечеги үчүн эң маанилуү “ингредиент” болгон кенже класстардын окуучуларынын  саламаттыгын жакшыртууга багытталган дагы бир кадам болду. 

Рецепттер китебинин бетачары мектеп ашпозчулары жана окуучулары катышкан кулинардык конкурс жана тамактарын дегустация  кылуу менен коштолду. Китептин бетачарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн өкүлдөрү, КРдагы Россия Федерациясынын Элчилигинин, Россия Федерациясынын Каржы министрлигинин (КРда мектеп тамагын уюштуруу боюнча программанын негизги донору) жана Тармактык тамактануу институтунун өкүлдөрү катышты. 

Кыргыз Республикасынын мектептеринде ысык тамак уюштуруу боюнча программасына бийликтин жергиликтүү жана улуттук органдары, коомчулук жана донорлор тарабынан абдан чоң колдоо көрсөтүлдү. КРнын Өкмөтү 2023-жылга чейин өлкөнүн бардык мектептеринде ысык тамак уюштурууну пландаштырууда. 

Рецепттер китеби менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышып жана жүктөп алсаңыздар болот https://drive.google.com/file/d/1q1taMqfE6ixId7uHKFlGbuMfA7PW34lx/view

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа