Чүй мектеп-интернатында мектептеги тамактануу боюнча инновациялык борбор салтанаттуу түрдө ачылды

15-июнда Жаңы-Жол айылындагы Чүй мектеп-интернатында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана КМШнын окуучулардын тамактануусу боюнча базалык уюму «Тармактык тамактануу институту»  (SIFI) АКУнун колдоосу менен Мектептеги тамактануу боюнча улуттук программанын алкагында түзүлгөн мектептеги тамактануунун инновациялык борборунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Борбор өз ичине окуу-өндүрүштүк наабайкананы, күн панелдерин жана күнөсканасы бар мектеп бакчасы сыягындагы бир нече багытты бириктирди.

Иш-чаранын маанилүүлүгүн аземге катышкандардын кеңири чөйрөсү баса белгиледи. Ачылышка Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева, Россия Федерациясынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин кеңешчиси Иван Прокопенко, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өлкө боюнча директору Кожиро Накай, SIFI президенти Владимир Чернигов, ошондой эле анын эл аралык кызматташтык боюнча директору Елена Болотникова катышты. Коноктордун арасында мамлекеттик органдардын, өнөктөштөрдүн, мектеп администрациясынын, педагогикалык жамааттын, жергиликтүү жамааттын, окуучулардын жана журналисттердин өкүлдөрү болду.

Борбордун негизги элементтеринин бири – окуу-тажрыйбалык наабайкана. Жогорку класстын окуучулары бул жерде “Наабайчы-кондитер” адистиги боюнча  теориялык билимге ээ болушуп, заманбап жабдуулар менен иштөө аркылуу мектепти аяктагандан кийин да жашоосуна керек болуучу көндүмдөрдү өркүндөтүшөт.

Борбордун башка элементтери да мектептин күнүмдүк жашоосуна байланыштуу. Күн батареялары жаңыртылган энергия булактарын колдонуу аркылуу электр энергиясына кеткен чыгымдарды азайтууга жана чыңалуунун өзгөрүшүнөн, авариялык өчүрүүлөрдөн коргоого көмөктөшөт. Мектеп алдындагы бакча жана күнөскана жандуу окуу мейкиндигинин бир бөлүгү болуу менен балдар андан айыл чарбасынын негиздерин практикалык негизде үйрөнө алышат. Ал эми бакчадан алынган түшүм мектептеги тамактанууну витаминдердин жана минералдардын кошумча булактары менен байытууга өбөлгө болуп берет.

Салтанат учурунда коноктор бул багыттардын бирдиктүү тутумга кантип бириге тургандыгын көрө алышты. Алар мектептин иши менен таанышып, окуучулардын баяндамаларына күбө болушту. Андан соң салтанаттуу түрдө тасма кесилди, ал эми наабайкананын презентациясынан кийин окуучулар өздөрү жаңы бышырылган нан жана булочкаларды даярдоо процессин көрсөтүп беришти.

Долбоордун маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылып жатып, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өлкө боюнча директору  Кожиро Накай муну “туруктуу моделдин үлгүсү, мектептеги тамактануу ушундай абалдарды комплекстүү колдоонун бир бөлүгү болуп калат” деп баса белгиледи. Мындай мамиле тамак-аштын сапатына гана эмес, ал окууга, практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана мектептин туруктуулугун жогорулатууга да шарт түзөт.

Бул тажрыйба 1-11-класстарда 160 тарбиялануучусу бар, жетим жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдар жашаган мектеп-интернаттын тарбиялануучулары үчүн айрыкча баалуу. Борбор аларга реалдуу иш жүргүзүүгө аракет кылууга, жоопкерчиликти өнүктүрүүгө, кол эмгегин жасоого, өз аракеттеринин натыйжасын көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул баланын окуудагы, кесип тандоодогу жана өз алдынча жашоодогу андан аркы жолун ишенимдүү улантууга шарт түзүп берет.

Долбоордун мааниси мында ушунда. Ал мамлекеттин, эл аралык өнөктөштөрдүн, эксперттик коомчулуктун мектеп менен биргелешкен иши балдарга кандай конкреттүү натыйжа бере аларын көрсөтөт.

Ачылыш жылуу мектеп атмосферасында аяктады: баяндамалар, презентациялар жана жалпы сүрөткө түшүүдөн кийин меймандар мектептин набайканасынан жасалган нан азыктарынан даярдалган этно-стилдеги фуршетке чакырылды.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа