Туура үлгүнү ар дайым ээрчүсү келет

Бул окуя Тамактандырууну уюштуруунун Улуттук программасынын парнерундан- Мерсико*

Талас-Жамбыл автоунаа жолунун ортосунан үч чакырымда, жергиликтүү тургундары бар Кыргызстан аттуу айыл жайгашкан.  Бул айылдын тарыхый аты Кызыл-Кыргызстан, ошондуктан сиз аны картадан таба аласыз. Кызылда 670 үй-бүлө бар, алар негизинен мал чарбачылык жана дыйканчылык менен алектенишет. Ушул айылда Самаранын үй-бүлөсү турат.

Самара кол өнөрчүлүк менен алектенип, айылдын коомдук турмушуна активдүү катышат. Алардын бир уулу жана үч кызы бар, экөө мектепке барышат.

Самара тамактануу жөнүндө маалыматты жайылтуу үчүн ыктыярчы болуп иштеген биринчи айыл тургуну. Эшимбековдордун үй-бүлөсүнүн пикирлери ар дайым жогору деңгээлде бааланат жана айылдын тургундары тарабынан таасирдүү кабыл алынат. 

Самара өз айылында өткөрүлгөн Мерсиконун бардык тренингдерине катышып, бардык документтерин өз убагында толтурган. Самара айылдык активист катары өз позициясын олуттуу кабыл алды. Ал өз айылында материалдарды таратуу жана жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизип, активисттерди ар бир тренингден кийин үйлөргө барууну дайындады. Бул, тренерлердин активисттерди иш-аракетинде көрүп, каталарын оңдоп, катачылыктарды оңдоп-түзөөгө мүмкүндүк берет – активист тренерден көз карандысыз болгондо, алардын жамааттын мүчөлөрүнө маалымат таратуу үчүн жакшы жабдылгандыгын камсыз кылат.

«Үйдө кол жуу» тренингинен кийин Самара үй-бүлө мүчөлөрүнө туура жолдорду үйрөтө баштады. Үчүнчү класста окуган уулу Уларбек «Колумду жуушум керектигин билчүмүн, бирок бактериялар жана мите курттар калса, денеге кирип, ооруну пайда кыла турганын билбейт экенмин. Апам «Тамакты жээрден мурун, ойноп келгенден кийин, үй жаныбарларын кармагандан кийин колумду жуубасам, ооруп, сабактан артта калам»-деп айткан. Колумду жуумайынча, колдорум микробдорго толгон окшойт, эми мен колумду ар жолу жууп турам. Жада калса, жемиштер менен жашылчаларды жууп, арыктан суу ичпеш керек экендигин билдим» – деди.

Самаранын жана анын үй-бүлөсүнүн мисалында, ал жамааттын кол жуу эрежелери боюнча пайдалуу маалымат алып жаткандыгына кепилдик берет. Жакшы мисал ар дайым кайталанып турат жана Самаранын үй-бүлөсү башка активисттерди шыктандыруу үчүн позитивдүү өзгөрүүлөргө буруп жатышат.

«Мурун уулум дарактан алма терип алып, дароо жей берчү. Азыр ал аларды агын сууга жууп, кол жуучу раковинадагы сууну көзөмөлдөп, сүлгүнү алмаштырып турат, колун жууп жаткан карындаштарын да карап турат» – дейт Самара.

*МЕРСИКО (Mercy Corps) — эл аралык гуманитардык уюм. Он беш жылдан ашык убакыттан бери АКШнын Айыл чарба министрлиги (USDA) каржылаган Макговерн-Доулдун  программа аркылуу Кыргызтандагы билим берүү мекемелерди ысык тамакка  өтүү процессине жардам берип жатат. Мерсико мектептерге жана балдар бакчасына ысык тамакты колдоо үчүн тамак-аш азык-түлүгүн (байытылган ун, күрүч, буурчак жана өсүмдүк май) камсыз кылат, мектеп ашканаларын калыбына келтирүүгө заманбап ашкана жабдууларын жана ички түзүмдөрдү оңдоо иштерине грант берип жана ашпозчулар үчүн кесиптик даярдоо тренигтерди уюштурат.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа