Пайдалуу тамактанууга бүткүл үй-бүлө менен чогуу!

аткен жана Чүй облустарынын мектептеринде Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө карата үй-бүлөлүк фестивалдар өттү. 

11-сентябрдан баштап 26-сентябрга карай Баткен жана Чүй облустарынын сегиз мектептери жыл сайын 16-октябрда белгиленүүчү майрамды – Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүн белгилөөгө башат салды. 

Кичи класстардын окуучулары, ата-энелери жана мугалимдери эки жумага пайдалуу жашылча-жемиштердин, витаминдердин жана минералдык заттардын, майлардын, белок жана углеводдордун дүйнөсүнө чөмүлүштү. Уюштуруучулардын – БУУ ДАТП жана SIFIдын – башкы максаты – үй-бүлөлөргө сергек жашоо мүнөзүнүн жана туура тамактануунун көндүмдөрүн түзүүгө жардам берүү. Ошол эле учурда катышуучуларга үйрөнгөндүн бардыгын күнүмдүк жашоодо жеңил колдоно алгандай кылып маалыматты берүү керек. 

Бул максатка жетүү үчүн уюштуруучулар адаттагыдай комплекстик мамилени колдонушту. Алгач мугалимдерди класстык сааттарда балдар менен жана атайын уюштурулган семинарларда ата-энелер менен иштөөгө даярдашты. Мугалимдер пайдалуу тамактанууну үйрөтүү үчүн бүтүндөй бир арсеналга ээ болушту: балдар менен иштөө үчүн усулдук материалдар комплекти (сүрөттөр, карточкалар, кичи сахначаларга сценарийлер), ата-энелер менен болгон талкууну өткөрүү үчүн иреттүү сценарий. 

Мындай багажга ээ болуп, мугалимдер ишеним менен ата-энелерди жана балдарды туура жана пайдалуу тамактанууга үйрөтүү марафонуна ат салышты.  

Класстык сааттар жомокко айланат 

Класстык сааттарга 3-4-класстардын 700дөн ашык окуучулары катышышты. Мугалимдер сабактардытБУУ ДАП жана SIFI тарабынан иштелип чыккан «Рационалдуу тамактануунун жана сергек жашоо мүнөзүнүн  негиздери» темасы боюнча усулдук материалдар кутучасы» топтомун колдонуп өткөрүштү. Топтомдун ичиндеги активдүүлүктөрдү өз каалоосу боюнча тандап, балдар менен оюндарды ойноп, бааларды коюп, жасалгаларды жасап, сүррөттөрдү тартышты.  

Жыйынтыгында балдар оюн форматында жемиштердин, жашылчалардын, бүтүн дан, эт, сүт жана кычкыл сүт азыктарынын ичинде камтылган пайдалуу заттарды үйрөнүштү. Тамактануу тартиби, суу ичүү тартиби, рациондогу майлардын, белоктордун жана углеводдордун туура катышы тууралуу темаларды талкуулашты. 

Маанилүү тууралуу сүйлөшүүлөр 

260тан ашык ата-энелер алар үчүн мугалимдери тарабынан өткөрүлгөн семинарларга катышышты. Сүйлөшүүлөр БУУ ДАП жана SIFI тарабынан иштелип чыккан «Рационалдык тамактануу жана сергек жашоо мүнөзү тууралуу сүйлөшүүлөр» материалынын үстүндө жүргүзүлдү. Баланын үйдө жана мектепте тең салмактуу тамактануусу тууралуу суроолордон тышкары ата-энелер андан да маанилүүлүгү кем эмес мектеп тамак-ашын каржылоо суроосун да көтөрүп чыгышты. Алардын региондорунда кабыл алынган нормаларга (күнүнө бир балага 7 сом) караганда Бишкекте мектеп тамак-ашы үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын өлчөмүнүн салыштцрмалуу айырмачылыгына (бир балага күнүнө 22 сом) нааразычылыгын билдиришти.. Мугалимдер мектеп тамак-ашын каржылоо кантип түзүлөт экендигин түшүндүрүп жатышты. Минтип, Бишкектеги 22 сом дал ошол жергиликтүү шаардык бюджеттен бөлүнөт. 

Мындан тышкары, мектеп ашканаларындагы эртең мененки жана кечки тамактардын даам өзгөчүлүктөрү жана сапаты тууралуу талкуу да жүрдү. Ата-энелерге алар кантип балдарынын тамактануусун кантип Ата-энелерге бракераж комиссиясына катышуу жана балдар үчүн даяр тамактардын даамын баалоо, өз сунуштарын жана идеяларын киргизүү аркылуу балдарынын тамактануусун жакшыртууга кандай таасир этери айтылды. Натыйжада, мектепте балдардын тамактануусун жакшыртуу ата-энелерден кошумча салым кошпостон кыйынга турат деген жыйынтыкка келишти. 

Семинарлардан ата-энелер куру кол кетишкен жок. Мугалимдер “Миссия аткарылуучу, же кантип көрүнбөс душманды жеңүү керек” деген квестти аткаруу үчүн топтомдорду таратышты – шифрлер, табышмактар, кеңештерди табуу жана сергек тамактануу жана активдүү жашоо мүнөзү боюнча тапшырмаларды чечүү менен өткөрүлүүчү кызыктуу окуя, бул тапшырмаларды чечип, балдар ата-энеси тарабынан алдын ала даярдалган сыйлыкка ээ болот.

Балдар жана чоңдор үчүн оюндар

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүнүн эки жумалык  майрамынын соңку иш-чарасы Чүй облусунун Лебединкадагы №2 мектебинде жана Баткен облусунун Ю.Гагарин атындагы орто мектебинде өткөн үй-бүлөлүк фестиваль болду.  

Фестиваль өзү бир нече оюн аянтчаларынан жана фотозоналардан турган. Балдар жана ата-энелер каалоосу боюнча оюндарга жана тапшырмаларга катышышты. Ар бир аткарылган активдүүлүк үчүн тыйынчаларды алышып, аларды пайдалуу байгелерге алмаштырышты: кыймылдуу оюндар үчүн жабдыктар, жашылча жана жемиштердин пайдасы тууралуу китептер, сергек жашоо мүнөзүнүн календарлары. Оюнчулар каалоосу боюнча же бардык аянтчаларды, же бир нечесин өтө алышкан, бирок канчалык көп тапшырмалардан өтсө, ошончолук көп тыйынчаларды алышкан.   

Окутуу элементтери менен көңүл ачуулар бул жерде ар түрдүү болду. Катышуучулар рационалдык тамактануу жана сергек жашоо мүнөзүнүн суроолоруна багытталган «Даамдуу саякат» жана «Супер-сабизди куткар» оюндарын ойношту. Жашылчалардын оюнчуктарын боёшту. Жампер, нейроскакалка, мегасекиргич менен болгон оюндарды ойношту, твистер, байламталар, лабиринт менен балансборд ойношту. Бийлегенди жакшы көргөндөр сабиз костюмундагы аниматор менен биргеликте шаңдуу бийди үйрөнүп, флешмобго катышышты.

Интеллектуалдык күн өткөрүүнү жакшы көргөндөр рационалдык тамактануу темасындагы оюн тапшырмаларын чечип жатышты. 

Ал эм икай бири жер жүзүндөгү улуттардын салттуу тамактары тууралуу суроолорго жооп берип, кенчти издөө квестин өтүп жатышты. 

Ушинтип, келе жаткан Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк майрамын Кыргызстанда шаңдуу жана пайдалуу өткөрүштү. 16-октябрга карай Баткен жана Чүй облусунун мектептеринин ата-энелери жана балдары билимдерин колдонуп, эми өздөрү да тең тайлаштарына, жакындарына жана досторуна пайдалуу тамактануунун жана сергек жашоо мүнөзүнүн пайдасы тууралуу айтып бере алышат.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа