Мектеп короо-жайы кантип окуучулардын тамак-ашын түрлөйт

Сайдахматов атындагы орто мектеп

Маалымат

Сайдахматов атындагы орто мектеп Ош облусунун батыш бөлүгүндөгү Араван районунда жайгашкан. Түндүгүнөн аймак ϴзбекстан Республикасы менен чектешет. Район Араван-Сай дарыясы аркылуу сугарылуучу калыӊ айыл чарба өрөөнүнөн турат.

Райондун түндүк бөлүгү – жергиликтүү кургак климатты аныктоочу чөлдөр. Жай ысык жана көпкө чейин созулат. Жылуу мезгил жылына орточо 236 күндү түзөт. Ош облусунун түздүк бөлүгүн ээлеп, Араван району салыштырмалуу өнүккөн аймак катары саналат. Экспорт үчүн бул жерде пахта, картөшкө, пияз, сабиз, баклажан жана дээрлик бардык короо-жай жашылчалары, шабдаалы, бадам, алма өстүрүлөт.

Мектеп кантип ысык тамактанууга келген

2002-жылы курулган мектептин имаратынын долбоорунда мектеп ашканасына алдын ала өзүнчө жай каралган эмес. Улуттук мектеп тамак-аш долбоорунун алкагында балдарга чакан буфетте таттуу токоч менен чай же компот берилип турган. Окуучулар ыӊгайлуу шарттарда тамактандыруу үчүн кененирээк жай керек эле. 5 жыл өткөндөн кийин мектеп директору Рахимова Жумакан АРИС1 долбооруна арыз менен кайрылган. Алынган гранттын негизинде мектептин кошумча имараты пайда болду да, анда толук кандуу мектеп ашканасы жайгашты. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу ашканага ысык суу киргизүү жана 40 орунга отургучтарды сатып алуу үчүн 30 000 сом бөлүп берди. 2014-жылы мектеп БУУ ДАПтын «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын оптимизациялоо» долбоорунун катышуучусу болуп кирди.

Мектеп тамак-ашын уюштурууда ата-энелердин катышуусу

Мектепке ысык тамактанууну ишке киргизерде мектеп директору Рахимова Жумакан балдар үчүн мектепте ысык тамактануунун арыткчылыгы жана жалпы долбоор жөнүндө ата-энелер үчүн чогулуш өткөрдү. Ошондой эле мектепке БУУ ДАПтан мониторлор да келген. Алар тамактанууну даамдуу, тоюмдуу жана түрлүү кылуу үчүн эмне кылуу керектигин ата-энелерге түшүндүрүп беришти.

Жыйынтыгында ата-энелер шеги жок мектеп администрациясынын ысык тамактанууга өтүү чечимин колдоп, ашканага идиш-аяк сатып алуу үчүн 15 000 сом чогултушту. Мындан тышкары ар бир балага айына дагы 50 сомдон кошумча төлөөнү макулдашты.

БУУ ДАПтын долбоорунун шарттары боюнча окуу жай ысык тамактанууга өткөндөн кийин, кийинки 2 жыл бою витаминдештирилген ун менен мектеп ашканасын уюм өзү камсыздайт. Андан кийин мектеп жергиликтүү өкмөт органдары, ата-энелер жана демөөрчүлөр менен түзүлгөн келишим аркылуу өз алдынча ашкананы байытылган ун менен камсыз кылат. Сейдахматов атындагы мектепте ата-энелер төгүмдүн акчасын 100 сомго чейин көтөрүүнү чечишти. Бул сумманын жарымы ашкана кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө жумшалат.

Ата-энелер мектеп тамак-ашын ауюштурууда активдүү катышышкан. Мисалы, жараксыздыык комиссиясына катышып, кошумча азыктарды сатып алышат.

Тамактанууну жакшыртуу үчүн короо-жай чарбачылыгы

Мектеп короо-жай чарбачылыгына бай. Керек болсо калдыктарды сатууга да мүмкүнчүлүк болуп калат. 2017-жылы мектеп ДАПтан теплица жасоо үчүн 180 180 сом финансылык каржылоогу алды. Ошол эле учурда ата-энелердин бири өз үйүндо юдекоративдүү лимондорду өстүрүп, аларды сатуу менен алектенет. Айылда андан башка адамдар лимондорду өстүрүп, алар менен иш жүргүзчү эмес. Кийин ата-энелер менен кеӊешип, алар бир көчөтүн 200 сомго 70 лимон көчөттөрүн сатып алышты.

Жыйынтыгында 2 соткада 70 лимон бадалдары тигилип, алар 2020-жылы 500 кг түшүм берди. Түшүмдү дүн бойдон ишкерлер сатып алышат. Мындан тышкары мектептин 3, 14 га жери бар. Ал жерде картөшкө, пияз, керек болсо курма да өстүрүлөт. Түшүмдү сатуудан кийин келип түшкөн каражаттар мектеп фондуна өткөрүлөт. Бул фонддон мектептин ар кандай долбоорлору каржыланат. Мисалы, спортзалды ремонттоо, экотуалет тургузуу, көмүр сактоо үчүн атайы жай.

Жыл сайын ар кандай маданияттар өстүрүлүп турат. Пахтаны картөшкө менен алмаштырышат. Күрүч – дагы бир мектеп короо-жайында өстүрүлүүчу маданият. Көчөттөр 20 сотканы ээлейт. Түшүмдөрдү сатуудан келип түшкөн каражаттын 30% мектеп тамак-ашын түрлөнтүүгө сарпталат. Салаттар үчүн өздөрү өстүрбөгөн жашылча-жемиштер сатылып алынат: мандарин, банан, сүт, алма. Калган каржаттар мектептин башка муктаждыктарына колдонулат.

Мындай чөн чарбаны завхоз жана багбан козөмөлдөйт. Эмгек акысын азыктарды сатуудан алат.

Керектүү учурда бардык көчөттөрдү (лимон, күрүч, картөшкө, курма иштетүүдөн кийин келип түшкөн каражаттар ашкана жабдууларын оӊдоого жумшалат. 2021-жылы түтүктөр, окуучулар учүн аптама жаӊыланылып, суу үчүн көлөмү 1 тоннага чоӊураак болгон бак сатылып алынды.

Келечекке койгон максаттар

Жыл сайын мектеп улам көбүрөөк балдарды кабыл алууда. Ошондуктан план боюнча биринчи орунда окуучулардын бардыгына орун жетиши үчүн экинчи этажды салуу турат. Ошондой эле мектеп тамак-ашынын менюсун кеӊейтип, дагы көп башка тамактарды кошууну каалашууда.

1 Жакырчылыкты кыскартуу боюнча улуттук стратегиянын алкагында жеке ишкердикти өнүктүрүү жана колдоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин күчөтүү боюнча иш алып барган Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү жана Инвестициялар Агенттиги (АРИС)

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа