Мектептин эртең мененки тамак-аш азыктарын өзүбүз өстүрөбүз: БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы мектеп чарбаларын башкаруу боюнча тренингдерди өткөрөт

Апрель айында өлкөнүн жыйырмадай мектептеринде БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында «Кыргыз Республикасындагы мектеп тамак-аш программасы» аттуу мектеп бакчаларынын агрономиясы боюнча тренингдер өткөрүлдү. Тажрыйба көрсөткөндөй, мектеп чарбалары мектеп окуучуларынын күндөлүк  рационун табигый жаңы айыл чарба продуктылары менен байытып, мектеп тамак-ашын колдоонун маанилүү булагы катары саналат. Мектеп участокторунда көбүнчө жашылча, жемиштер,көк чөптөр  өстүрүлөт. Мунун аркасы менен  көптөгөн мектептер тамак –аш менюсун түрлөндүрө  алышты. Андан тышкары, айрымдары жыл бою, мисалы, терезе текчелеринде көк чөптөрдү өстүрүүнү же күнөсканаларды орнотууну өздөштүрүп алышты.

Мектеп участоктору  мындан тышкары  финансылык каражаттардын булагы болуп саналат. Ашыкча түшүмдү сатып, андан түшкөн каражатты мектеп рационуна зарыл болгон башка продукцияларды сатып алууга же ысык тамак уюштуруунун материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшаса болот.

Кыргызстанда мектеп чарбалары болушу керек

Бул маселеге  байланыштуу Кыргызстандын Өкмөтүнүн  2021-жылдын февраль айындагы токтомунун  чечимине  ылайык , мектеп чарбаларынын ишин уюштуруунун тартиби бекитилген.

«Азыр бөлүнгөн каражаттар окуучулардын тамактануусун толук кандуу кеңейтүүгө жана витамин менен байытууга мүмкүнчүлүк бербейт.Мектеп чарбаларынын болушу окуучулардын айыл чарба азыктарын өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө, ошондой эле алардын тамак-аш рационун кеңейтүү аркылуу тамактануунун сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет. ”, – деп белгиледи министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Жыйынтыгында, былтыр күзүндө БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы биринчи тренингди уюштуруп, анда Өкмөт тарабынан кабыл алынган мектептердин участоктору жөнүндө Жобо талкууланган. Жыйынтыгында катышуучуларга кандай тренинг керек экенин аныктоо үчүн анкетанын суроолоруна жооп берүү сунушталды. Анткени, мектеп аянтынын тигил же бул айыл чарба адистигин өнүктүрүү үчүн артыкчылыктарды тандоо негизинен өсүп жаткан аймакка, кыртыштын өзгөчөлүктөрүнө, климатка, күн ачык күндөрдүн санына, жаан-чачынга жана башка факторлорго жараша болот.

Ар бир агротренингде жекече мамиле

Мектеп чарбасын өнүктүрүү боюнча агротренингдер

Жазгы агротренингдер  буга чейин мектептердин жеке кайрылууларынын негизинде өткөрүлүп, алардын ар бирине тиешелүү маселелер каралган.

Тренингдин катышуучуларынын минималдуу саны беш адамдан түздү: окуу жайдын директору жана камсыздоо боюнча менеджери, жергиликтүү билим берүү башкармалыгынын өкүлү жана активдүү коомчулуктун өкүлдөрү. Ошентип, изилдөө жемиштүү иштөөгө жана короодогу мектеп участокторун андан ары өнүктүрүүгө кызыктар болгон бардык тараптарды камтыды.

Кимдир бирөө жер кыртышынын асылдуулугун жогорулатууга кызыкса, бирөө зыянкечтерге каршы күрөш менен алектенсе, кимдир бирөө жөн гана мектеп чарбачылыгынын өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүп баштагандыктан, картошка, сабиз, пияз өстүрүүнүн негиздерин үйрөнгүсү келген. Кээ бир мектептерде алма дарактары түшүмдү мол  берет, ошондуктан алардын жетекчилери түшүмдү кантип сактоо, тактап айтканда өндүрүш технологиясына жана кургатылган алманы сактоого кызыктар.

Агротренингден  баштап  энергияны үнөмдөөчү жаңы күнөсканага чейин

Жалал-Абад областынын Үч-Терек айылындагы М.Нургазиев атындагы мектепте күнөсканада помидор, бадыраң, көк чөптөрдү өстүрүүнүн өзгөчөлүктөрүнө негизги басым жасалды. Күнөскананы орнотуу иштери 2021-жылдын март айында башталган. «Инсан-Лейлек» коомдук фондунун консультант-агроному тарабынан өткөрүлгөн агротренинг мектеп чарбасынын өнүгүшүнө жаңы дем берди. Ал эми семинардын башталышында угуучулар минералдык жер семирткичтер жөнүндөгү  өтө  жөнөкөй суроого да жооп бере алышпаса, анда ал аяктагандан кийин бизнес-план түзүү боюнча конкреттүү иштер башталды. Чынында эле, келечекте окуучуларды жекече өндүрүлгөн табигый жашылчалар менен камсыз кылуу зарыл жана  муну ишке ашыруу үчүн материалдык да, физикалык да салымдарды  жумшоо зарыл.

Үч-Терек мектебинде өткөн тренинг катышуучуларга жагымдуу таасир калтырды: “Биз изилдөөгө кызыгуу менен катыштык, ар бир тема кызыктуу болду. Технологиялык картаны түзүп, өндүрүлгөн продукциянын өздүк наркын эсептеп чыгуу керек экендигин билдик, антпесе өстүрүлгөн жашылчалардын чыгымын эсепке албайбыз. БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын «Кыргыз Республикасындагы мектеп тамак-аш программасы» долбоорунун донорлоруна жана уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдиребиз. Эми балдарыбыз жаңы жашылча-жемиштер менен камсыз болуп, баштаган ишибиз токтоп калбашы үчүн биз ата-энелер күнөсканада жашылча өстүрүүгө жардам беребиз», – дейт окуучулардын биринин апасы.

Агротренингден үч ай өткөндөндан кийин Кыргызстандагы Гуд Нейборс филиалынын эсебинен курулган энергияны үнөмдөөчү күнөскана ишке берилди.

Бул долбоор БУУнун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте ишке ашырылган. Күнөскананы курууда жана ишке киргизүүнү мыйзамдаштырууда көрсөткөн колдоосу үчүн Үч-Терек айыл аймагынын администрациясынын эмгегин өзүнчө белгилей кетүү керек.

«Айыл чарба демилгелери мектеп тамак-ашынын маанилүү компоненти болуп саналат», – дейт Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы директору Кожиро Накай. Мындай ыкма менен мектептер жыл бою, анын ичинде суук айларда пайдалуу  жана аш болумдуу тамак үчүн жаңы мөмө-жемиштер жана жашылчалар менен камсыз болууга  мүмкүнчүлүк алышат. Мектеп чарбалары дагы балдар жашылча-жемиш өстүрүүнү үйрөнө турган билим берүү борборлору болуп саналат».

Жаңы күнөскана заманбап жана экологиялык жактан таза технологияларды колдонуу менен курулуп, негизинен күн энергиясы менен жылытылат жана сууну жакшыраак пайдалануу үчүн тамчылатып сугаруу системасы менен жабдылган. Энергияны үнөмдөөчү курулуш каржылык жактан гана пайдалуу эмес, экологиялык туруктуулук үчүн да маанилүү. Бул пилоттук демилгенин жакшы натыйжаларынын негизинде мындай объектилер өлкөнүн башка мектептеринде да ишке киргизилет.

Уландысы бар

Июнь айында Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы мектептерде болушту. Мониторинг бул жерде жазында өткөрүлгөн агротренингдер мектеп чарбасы менен алектенген адистер үчүн зарыл экенин тастыктады. Бул бардык окуу жайларынын негизги көйгөйү – айылдарда квалификациялуу агрономдор болбогондуктан, билимдин жетишсиздиги жана тез арада кеңеш алуунун мүмкүн эместиги. Буга байланыштуу Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрүнүн президенттин Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Садыкова менен жолугушуусунда Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жергиликтүү мектептерге окуу жылы бою консультативдик колдоо көрсөтүүнү улантары тастыкталды.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа