Мектептин көзөмөлчүлүк кеңешинин жана ата-энелер комитетинин биргелешип иш алып баруусунун артыкчылыктары

Мектепте ысык тамактандырууну кандайча уюштуруу керек, анын маанилүүлүгү, ошондой эле эмне үчүн мектепке көзөмөлчүлүк кеңеши керектиги тууралуу маселени башталгыч класстардын мугалими Байчорова Роза менен талкууладык.

– Мен өзүм Сокулуктанмын, 36 жаштамын. Маловодное орто мекебин аяктагам. Турмушка чыгып, Садовое айылына көчүп келдик. Тигүүчүлүк менен алектенип, Арабаев атындагы КМУ педагогика факультетин сырттан окуп бүтүрдүм. Учурда мен башталгыч класстарга сабак берем. Эки уулду тарбиялап жатам. Улуу балам ДЦПдан (балдардын церебралдык шал оорусу) жабыркайт.

СОШ Мирошниченко мектебинин башталгыч класстардын мугалими – Байчорова Роза

Сиз Көзөмөлчүлүк кеңешинин мүчөсү болуп эсептелесизби?

– Ооба, менин уулум биринчи класска баргандан тарта кеңештин мүчөсү болуп саналам.

Айтыңызчы, сиз кандайча мектептин жашоосуна активдүү катыша баштадыңыз жана эмне себептен бул сизге маанилүү?

– Биз алгач мектепке келгенде балам мүмкүнчүлүгү чектелген жак катары саналгандыктан, мектепке албай коебу деп корккон элем. Бирок директор жана жалпы мектептегилер менин баламды жакшы кабыл алышты. Тескерисинче, бала мектепке келип окуусун жакташты. Ал үчүн мен абдан ыраазымын. Акырындык менен мен ата-эне катары мектептин жашоосуна активдүү катыша баштадым. Ал кезде ысык тамактануу пилоттук долбоор катары жаңыдан башталып жаткан. Балдарга чай жана булочка, же коржиктерди берчү.

– Көзөмөлчүлүк кеңеши ошол кезде эле бар беле?

– Жок, ал акырындык менен түзүлдү. Биз аны уюштуруп баштаганда Швейцария Банкы жана биздин Айыл өкмөтү абдан жакшы жардам берди. Ошол каражатка биз толугу менен ашкананы оңдоп, жаңы сантехниканы киргиздик, суу жылыткычтарды орнотуп, керектүү жабдууларды: жаңы плита, духовка жана башкаларды сатып алдык.

Ата-энелер мектептин ашканасына идиш-аяк сатып беришти. Буга катар ата-энелер өздөрү ай сайын кошумча түрдө азык-түлүк сатып алаарын кошумчалай кетсек болот. Жыл сайын идиштер кайрадан каралып чыгат жана аны жаңылайбыз, анткени, балдар идишти сындырып алышы мүмкүн.

Буга кошумча биз «Айыл мектеби» долбоору боюнча сынактан өттүк, ал жактан да көмөк болду.

– Көзөмөлчүлүк кеңешин түзүүдө келип чыккан көйгөйлөрдү кантип чечтиңиздер?

– Ар бир класста ата-энелер комитети жана ар биринде өз төрагасы бар. Бардык иш макулдашып жасалды. Керек болсо тренигдер өткөрүлгөндө да бизди биргеликте иш алып барып, ар кыл маселелерди параллель чечүүбүз үчүн топторго бөлүштүрүлдүк.

– Көзөмөлчүлүк кеңешин түзүү кимдин идеясы эле?

– Ага Хан фонду тарабынан көптөгөн тренингдер өткөрүлдү, бирок мен айрымдарына гана катыштым, анткени, сабак берүү менен алектендим. Ага Хан фондунун тренингдеринен соң, мектеп администрациясы жана ата-энелер биргеликте Көзөмөлчүлүк кеңешин түзүүнү чечишти. Ысык тамактандыру боюнча тренингдерди бизде БУУ ДАПтан Макаева Венера өткөрдү.

– Көзөмөлчүлүк кеңешин түзүүдө ата-энелер менен кыйынчылыктар болдубу?

– Жок, эч ким каршы болгон жок. Бардыгы ынтымакта бул идеяны колдоп кетишти.  Бизде негизинен ар бир класстын комитетинин төрагалары иштейт. Алар акча чогултуп, идиш сатып алып, ашкана буюмдарын жана башкаларды сатып алышат. Мектеп ашпозчулары, ар бир мектептин комитети менен кызматташкан абдан активдүү ата-энелер бар.

Сиздердин мектептеги ысык тамактандыруу кандай уюштурулгандыгын кененирээк айтып бересизби?

– Биздин мектептеги ысык тамактандыруу 2 жыл мурда башталган. Анда башталгыч класстын 530 баласы тамактанат. Бюджет боюнча ар бир  балага жети сомдон туура келет. Мындан тышкары, ата-энелер айына элүү-жүз сомдон кошумча төлөшөт. Чынында, бардыгы эмес жана ар ким колунан келишинче төлөшөт. Ата-энелерди кыйнабоого аракет кылабыз. Чогултулган каражатка нан сатып алабыз, анткени, бюджеттен бөлүнгөн жети сомго нандын наркы кирбейт. Айына эки ирет котлет жана сосискалар берилет. Жалпысынан алганда биздин меню ар-түрлүү. Биз, мугалимдер ашканада балдарды байкап турабыз жана көзөмөлдөйбүз. Мисалга, менде кошумча түрдө тамакты сурап ичкен жана көңүлдөнүп жеген балдар көп. Менин пикиримде, ысык тамактандыруу – абдан маанилүү фактор.

СОШ Мирошниченко мектебинин ашпозчусу

– Сиздин пикириңизде, ысык тамактандыруунун пайдасы эмнеде?

– Биринчиден, бул пайдалуу. Экинчиден, балдардын режими сакталат. Үчүнчүдөн, бардыгы стандарт боюнча жасалат жана балдар алар үчүн эсептелген ченемди алышат. Мен муну таза тамактануу деп эсептейм. Мындан тышкары, санэпидемстанция дайыма үзгүлтүксүз көзөмөлгө алат, тамак-ашты анализге алып текшерип турат. Мектеп медайымы да текшерип турат. Бизде мектеп ашпозчусу да ысык тамактандыруу боюнча бардык курстарды жана тренингдерди өткөн. Ал тамак даярдоонун туура ыкмасын билет. Керек болсо үйдө да балдар үй тамагын мектеп тамак-ашы менен салыштырып, мектеп тамагы үйдүн тамагы сыяктуу эле даамдуу экендигин айтып калышат.

– Мектеп тамактандыруусун жакшыртуу үчүн дагы эмнелерди кылуу керек? Жана көзөмөлчүлүк кеңеши буга андай жардам бере алат?

– Мен ашпоз менен кеңешип көрөт элем. Балким, анда кошумча жабдуулар керктир.

– Ысык тамактандырууда кимиси көбүрөөк жардам берет, Көзөмөлчүлүк кеңешиби, же ата-энелдер комитетиби? Анткени ар бир мектепте Көзөмөл кеңеши ар кандай иш алып барат: айрым жерде ал мектеп инфраструктурасы менен гана алектенип, тамактандырууга эч тиешеси жок, айрым жерде тамактанууну башталгыч класстын ата-энелер комитети көзөмөлдөйт. Ал эми сиздерде бул кандайча иштейт?

– Бизде ата-энелер жана мугалимдер биргеликте кеңешип иш алып барат жана тамактанууну гана көзөмөлдөбөйт. Мисалга, Ага Хан фонду бизде жок компьютердик кабинетти жабдуу боюнча тренингдерин өткөрүүдө. Быйылкы жылы бизде жабдуулары жана эмеректери каралган жаңы компьютердик кабинет болот деп ишенем. Бул ишке бардыгы активдүү катышууда.

– Сиз кандай ойлойсуз, Көзөмөлчүлүк кеңеши жок мектептерден Көзөмөлчүлүк кеңеши түзүлгөн мектептердин артыкчылыгы эмнеде?

– Менин пикиримде, бул мектеп администрациясы үчүн чоң жеңилдик болуп саналат. Менин оюмча, мектептин жашоосунда Көзөмөлчүлүк кеңешинин болушу абдан маанилүү. Анткени, биз, ата-энелер балдарыбыздын келечеги үчүн аракет кылабыз. Көбүнэсе дал ушул ата-энелердин демилгесине байланыштуу мектептеги көптөгөн жакшыртуулар жүрөт. Бул багытта иш алып барууну улантуу жана мектепти жакшыртууга жана өнүктүрүүгө аракет кылуубуз керек.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа