Мектептерде “ысык тамак” ​​кымбаттап жатат, сөз Каржы министрлигинде

Келерки 2023-жыл Кыргызстанда мектептеги тамактануу боюнча маанилүү жыл болот. Өлкөбүздөгү Мектепте тамактанууну жакшыртуу программасына ылайык, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БДП) колдоосу жана Орусиянын Тармактык тамактануу институтунун (SIFI) техникалык жардамы менен келерки жылга карата өлкөнүн көпчүлүк мектептерин балансталган жана ар түрдүү ысык тамак менен камсыз кылууга өткөрүү пландаштырылып жатат. Ушул тапта КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берүү үчүн бюджеттен бөлүнгөн акчанын көлөмүн көбөйтүү сунушталганы бекеринен эмес.

Мектептерде тамактанууну жакшыртуу программасы 2013-жылы старт алган жана Кыргызстандын 2014-жылга болгон бюджетинде бир балага күнүнө 7–10 сом (регионго жараша) өлчөмүндө мектеп тамагына нормативдик каржылоого акча каралган. Бүгүнкү күндө Билим берүү министрлиги каржылоону эки-үч эсеге – 14-20 сомго чейин көбөйтүүнү сунуштап жатат. Бирок бул башталгыч класстын окуучуларын даамдуу, ар түрдүү, эң негизгиси аш болумдуу тамактар ​​менен камсыз кылууга жетиштүүбү?

24.kg маалымат агенттиги бул суроого азыктардын баасы боюнча маалыматка таянып жооп берүүгө аракет кылды. Эсептөөнүн негизине “Мектепте тамактануунун рецепттер китебиндеги” эртең мененки тамактануунун менюсу алынган. Бул топтомду Кыргызстанда 3 жыл мурун БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ВПП ООН) менен Орусиянын Тармактык тамактануу институту (SIFI) өнөктөштүктө сунуштаган.

Макаланын авторлору 2014 жана 2020-жылдары рагу, нан жана компоттун баасын эсептеп, мамлекет мектептердин “ысык тамагына” бөлүнгөн чыгымды көбөйтпөгөн жети жыл ичинде Мектепте тамактануу программасынын реалдуу баасы канчага өскөндүгүн аныкташкан. Негиз катары Улуттук статистикалык комитет тарабынан жарыяланган азыктардын орточо жылдык баасы алынган.

2014-жылдын маалыматтарына таянсак, бир порция “ысык тамактын” топтомуна кеткен азыктар мамлекет тарабынан бөлүнгөн 7 сомдон ашкан эмес. 2020-жылга карата расмий статистикага ылайык, бир окуучуга “ысык тамактын” потенциалдуу баасы 31 сомго жеткен.

Иллюстрация: Надежда Хабичевская
Источник
Информационное агентство «24.kg» — Новости Кыргызстана

Балким, бир окуучунун «ысык тамагына” кеткен мындай зарыл бюджеттик чыгашалар жөнүндө сөз кылуу толук негиздүү эместир: кээ бир азыктарды дүң жана арзан сатып алууга болот. Бирок, бир нерсе ачык-айкын – толук кандуу туура тамактануу үчүн ар бир окуучуга күнүнө 20 сомдон ашык акча талап кылынат.

Борбор калаанын мектептери жакшы абалда, аларга жергиликтүү бюджет мурда эле башталгыч класстын окуучуларынын тамактануусуна өз каражатын кошуп келген. Демек, мурда бир окуучуга 14 сом деген норматив болсо, ушул жылдын 1-майынан баштап 22 сомго чейин көтөрүлгөн. Ош шаарынын муниципалитети да башталгыч класстын окуучуларынын тамактануусун каржылоого өз бюджетинен кошумча каражаттарды жумшайт.

Мына ушул статистикалык эсептөөлөрдүн артында, балдардын ден соолугу жана жыргалчылыгынан да ашык маанилүү нерсе турат. “Акыркы убакта мектептеги тамактануу окууну өздөштүрүүгө жана сабаттуулукка, ошондой эле математикалык көндүмдөрүнө таасирин тийгизери белгилүү болду. Бул кыздарга жана жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган балдарга өзгөчө тиешелүү болду. 2015-жылга чейинки изилдөөлөр билим берүү деңгээлинин жогорулаганын, ошондой эле мектеп окуучуларынын физикалык жана психосоциалдык ден соолугунун жакшыргандыгын көрсөтүп турат, бул пайданын көбү эң начар катмардагы балдарга тийип жатат», – деп белгилейт БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бисли Мектептеги тамактануу программалары коронавирустук пандемиядан улам балдарды мектепке кайтарууга, алардын билим алуусундагы зыянды оңдоого, жергиликтүү жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү мектептерге азык-түлүктөрдү жеткирүү менен майда фермердик чарбаларга киреше табууга жардам берет деп ишенет.

Акыркы 5 жылдын ичинде Орусия да Мектепте тамактануу программасын жакшыртууну ишке ашырууда мектеп инфраструктурасын өнүктүрүүгө 10 миллион доллар бөлүп: ашканаларды оңдоого, ашкана жабдууларын сатып алууга, мектеп ашпозчуларын даярдоого жана мектеп чарбаларын өнүктүрүүгө чоң салым кошту. Ошондой эле БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ВПП ООН) менен Орусиянын Тармактык тамактануу институту (SIFI) билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине мектептеги тамактануу боюнча кеңештерди беришти, ар бир мектеп үчүн технологиялык долбоорлорду иштеп чыгышты, ашпозчулар үчүн тренингдерди уюштурушту жана билим берүү мекемелеринин артыкчылыктары менен мүмкүнчүлүктөрүнүн негизинде менюларды иштеп чыгышты.

Эми сөз Каржы министрлигинде, ал билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнүн сунуштарын угат деген ойдобуз. Кырдаалды өзгөртүүгө дагы убакыт бар – келерки жылдын бюджетинин долбоору парламентке күзүндө сунушталат.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа