2026-жылдын 18-майында Ереванда “Мектептеги тамактанууну глобалдык жана аймактык контекстте туруктуу улутташтыруу” аттуу эл аралык жолугушуу ачылды. Армения Республикасы мектептеги тамактануунун азыркы дүйнөдөгү ролу жөнүндөгү маанилүү кесиптик талкуу үчүн аянтча болуп калды. Бул жерде аны күнүмдүк ысык тамак катары эле эмес, балдардын ден соолугуна кам көрүү, алардын билим алуусу, үй-бүлөлөрдү колдоо жана жергиликтүү коомчулуктарды өнүктүрүү боюнча чоң системанын бир бөлүгү катары карашты.
Кыргызстандын, Тажикстандын, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Бразилиядагы алдыңкы тажырыйба борборунун жана КМШнын окуучулардын тамактануусу боюнча базалык уюму “Тармактык тамактануу институту АКУнун (SIFI) өкүлдөрү Арменияга барышты.
Кыргыз Республикасынын делегациясы үчүн бул жолугушууга катышуу өз тажырыйбасын көрсөтүүгө жана Арменияда окшош маселелердин кандай чечилип жатканын көрүүгө мүмкүнчүлүк болду. Делегациянын курамына Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Мээрим Закирова, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өлкөлүк директору Кожиро Накай, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын “Кыргызстанда мектепттеги тамактанууну оптималдаштыруу” программасынын жетекчиси Джун Ли, ошондой эле БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын адиси Аида Афтандилова кирди.
Иш-чаранын ачылышында Армения Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Роберт Абисогомонян, Армения Республикасынын билим берүү, илим, маданият жана спорт министринин орун басары Араксия Сваджян, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү жана Армениядагы өлкөлүк кеңсесинин директору Лейла Мелиу, ошондой эле “Мектептеги тамактануу жана балдардын бакубаттуулугу” агенттигинин директору Сатеник Мкртчян куттуктоо сөздөрү менен катышуучуларга кайрылышты.
Кыргызстан үчүн мектептеги тамактануу темасы өзгөчө мааниге ээ. Акыркы жылдары өлкө бул жаатта чоң жолду басып, жөнөкөй “булочка жана чай” форматынан балдар үчүн ысык, ар түрдүү жана коопсуз тамактанууга өттү.
Бүгүн Кыргызстандагы мектептердин 90%дан ашыгында балдар ысык тамак менен камсыз болушат. Мамлекеттин, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана Тармактар аралык тамактануу институтунун (SIFI) колдоосу менен ашкана блоктору жаңыланууда, мектеп ашпозчулары, адистер жана мектептеги тамактануу системасынын катышуучулары кесиптик окуудан өтүшүүдө, жергиликтүү азык-түлүктөрдү жеткирүү жолго коюлууда, санариптик инструменттер киргизилип, экологиялык чечимдер өнүктүрүлүүдө.
Практикалык куралдар: бала бакчалардын жана мектеп окуучуларынын тамактануусуна карата санитардык эрежелер жана талаптар, сатып алуу боюнча колдонмолор, мугалимдер үчүн методикалык сунуштар, башталгыч класстын окуучулары жана алардын ата-энелери менен өткөрүлүүчү агартуу иш-чаралары үчүн таркатма материалдар, ошондой эле мектеп тамактарынын рецепттеринин жыйнактары иштелип чыкты.
Аревик Анапиосян жетектеген БУУнун Армениядагы Туруктуу координаторунун кеңсесинин панелдик талкуусунда кыргыз делегациясы мамлекет менен өнөктөштөрдүн ийгиликтүү ырааттуу ишинин натыйжасы катары мектептеги тамактануу боюнча улуттук программаны ишке ашыруу тажрыйбасы менен бөлүштү. Бирок сапардын маанилүү бөлүгү мектептеги тамактануу билим берүү, жергиликтүү өндүрүш, ата-энелердин катышуусу жана жамааттарды өнүктүрүү менен тыгыз байланышта болгон Армениянын тажрыйбасы менен таанышуу болду.
Жолугушуунун экинчи күнү катышуучулар талкуудан практикага өтүштү. 19-майда расмий сапардын маршруту Котайк жана Гегаркуник марзылары аркылуу өтүп, делегация армян мектептерине мектептеги тамактануу программасы күн сайын ашканаларда, окуу долбоорлорунда жана мектеп жашоосунда кантип иштеп жатканын көрүүгө барышты.
Жаңы мектеп, жаңы ашкана, жаңы маданият
Маршруттун биринчи чекити Абовян шаарындагы өлкөдөгү эң ири мектептердин бири болгон №2 орто мектеби болду. Алар делегацияны жакында курулган, кенен, заманбап, жакшы ойлонулган мектеп инфраструктурасы жана тамак-ашты даярдоо жана таратуу процессин жаңыча уюштурууга мүмкүндүк берген заманбап ашкана жабдуулары бар имаратта тосуп алышты.
Ашканага келген азыктар катуу көзөмөлдөнөт жана балдардын тамактануусунун коопсуздугуна карата мамлекеттик талаптарга жооп берет. Ашканада коопсуз иштөө үчүн бардык керектүү шарттар, анын ичинде жетиштүү сандагы идиш жуугучтар жана мөмө-жемиштерди сактоо үчүн өзүнчө жай да бар.
Жаңыланган мектеп – бул жөн гана ашкана эмес. Имаратта заманбап окуу кабинеттери, китепкана, жыйындар жана спорттук залдар, футбол аянтчасы жана таяныч-кыймыл аппараты же муун сөөктөрү жабыркаган балдар үчүн жеткиликтүү инфраструктура бар. Бул жерде мектеп фестивалдары, музыкалык концерттер жана класстар аралык турнирлер өткөрүлүп турат.
Андан кийинки аялдама Абовян шаарындагы В.Амбарцумян атындагы №10 орто мектеби болду.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен орнотулган аянты 500 м² болгон мектеп күнөсканасы меймандардын көңүлүн өзгөчө бурду. Бул жөн гана өсүмдүктөр өстүрүлгөн жер эмес. Күнөскана балдар үчүн чыныгы окуу лабораториясына айланып, бул жерде алар заманбап технологиялар сапаттуу, пайдалуу жана табигый продукцияны алууга кандайча жардам берерин өз көздөрү менен көрүштү.
Күнөскана өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн эки ыкмасын бириктирет. Анын бир бөлүгүндө баары салттуу ыкма менен жасалган, экинчисинде гидропоника колдонулат. Кулпунай кокос буласы толтурулган атайын баштыктарда өсөт.
Мунун кандай иштээрин мектептин “Инновациялык күнөскана” клубунун мүчөлөрү конокторго айтып беришти. Балдар гидропоника технологиясы өстүрүүнүн салттуу ыкмасынан эмнеси менен айырмаланарын түшүндүрүп, заманбап чечимдер кантип мектептеги билим берүүнүн практикасында колдонула аларын көрсөтүп беришти.
Сапар учурунда окуучулар Гегаркуник аймагынын орто мектебиндеги теңтуштары менен түз байланыш уюштурушту. Алар дагы өзүлөрүнүн күнөсканасын онлайн форматта көрсөтүштү. Ошентип, мектеп долбоору окуу практикасы гана эмес, балдар арасында тажрыйба алмашуу да боло алды.
Мектепте 60 кВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы да иштейт. Ал күнөскананы күтүүгө жана мектептин ашканасында тамак-аш даярдоого байланыштуу чыгымдарды азайтууга жардам берет.
Гандзак: бакча тамактандырган, окуткан жана бириктирген мектеп
Андан соң делегация Гандзак айылындагы №2 орто мектебине бет алышты. Бул жерде конокторду өзгөчө жылуу, салттуу нан жана туз, доолдун (дхол – улуттук музыкалык аспап) коштоосундагы музыка жана улуттук бийлер менен тосуп алышты. Окуучулар мектептеги тамактануу программасынын алкагында жаралган Сергек жашоо Гимнин аткарышты.
Дал ушул жерде интенсивдүү бакча түзүлүп, ал бүгүнкү күндө түшүм берип гана тим болбостон, билим берүү иштеринин маанилүү бөлүгү болуп калды.
Гегаркуник аймагынын администрациясынын, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана ата-энелер коомчулугунун колдоосу менен мектептин жанындагы 2000 м² аянтка 600 дарак отургузулган. Бак жазында отургузулуп, күзүндө биринчи түшүмүн берген. Андан кийин мектепте балдар өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн заманбап ыкмаларын үйрөнүүчү “Инновациялык бак” клубу ачылып, анын жанында “Сергек жашоо образы” клубу иштей баштаган.
Мектептин алдында аялдар да иштеп, алар жыйналган түшүмдү кайра иштетип, карагат, малина, алмурут, алма жана сабизден кургатылган жемиштерди даярдашат. Бир жолу өстүрүлгөн продукцияны сатуудан түшкөн каражатты тропикалык жемиштерди сатып алууга жумшашып, аны да кургатып, даяр продукцияга айландырышат.

Кургатылган жемиштерди сатуудан түшкөн киреше мектеп жашоосуна кайра кайтарылат, ал Мектептеги тамактануу программасын колдоого, социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөргө жардам берүүгө же окуу класстарынын муктаждыктарына жумшалат.
Мектептин дагы бир демилгеси “Биздин чөптөр” деп аталат. Балдар чөптөрдү чогултуп, алардан чай жасап, аны сатышат жана түшкөн каражатты билим берүүчү экскурсияларга жумшашат.
Эмнеге бул тажрыйба Кыргызстан үчүн маанилүү?
Кыргыз делегациясы үчүн Армениянын мектептерине баруусу мектептеги тамактануунун мектептин, үй-бүлөнүн жана коомчулуктун жашоосунун бир бөлүгү болуп калганын көрүүгө сонун мүмкүнчүлүк болду.
Бир мектепте заманбап ашкана балдарга пайдалуу тамактын даамын жана баалуулугун ачууга жардам берет. Башкасында күнөскана сабактарды жандуу практикага айландырып, окуучуларды инновациялык айыл чарбасы менен тааныштырат. Үчүнчүсүндө бакча, чөптөр, кургатылган жемиштер жана мектеп ашканасы чоң окуу процессинин бир бөлүгү болуп, анда балдар кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүшөт, жоопкерчиликтүү болууга үйрөнүшөт жана каржылык сабаттуулуктун алгачкы сабактарын алышат.
Жолугушуунун катышуучулары эл аралык жана аймактык демилгелер менен да таанышышты. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Бразилиядагы алдыңкы тажрыйба борборунун директору жана өкүлү Даниэль Балабан мектептеги тамактануу боюнча эл аралык коалиция жөнүндө айтып берди. Тармактар аралык тамактануу институтунун президенти Владимир Чернигов балдарды тамак-аш менен камсыз кылуу жаатындагы россиялык жана эл аралык тажрыйба менен тааныштырып, өлкөлөр ортосундагы кесиптик тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Армениядагы жолугушуунун баалуулугу да ушунда: катышуучулар докладдар менен гана алмашып тим болбостон, мектептерде иштеп жана балдардын күнүмдүк жашоосун өзгөртүп жаткан чыныгы чечимдерди көрүштү.
Кыргызстан үчүн мындай тажрыйба мектептик тамактануу системасын андан ары өнүктүрүүгө шыктандыруучу булак катары маанилүү. Бирок мындай жолугушуулар адистер үчүн гана баалуу эмес. Алардын натыйжасы түздөн-түз балдардын жашоосуна байланыштуу. Мектептик тамактануунун улуттук системасы канчалык күчтүү болсо, ошончолук көп окуучу күн сайын толук кандуу, коопсуз жана пайдалуу тамактана алат. Демек, аларда окууга, өнүгүүгө жана ийгиликтерге жетүүгө көбүрөөк күч болот.
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа



Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Иштеп чыккан : Colibri Studio