Кыргыз Республикасына мектеп тамак-ашын жакшыртуусу боюнча Россия жардам берүүсүн улантууда

Россия Федерациясынын өкмөтү Кыргызстанда мектеп тамак-аш системасын өнүктүрүү проектисинин үчүнчү фазасын ишке ашыруудагы БУУ ДАТПтын 2023-2026-жылдар сызыгына 15 млн доллар бөлүүдө.

2013-2023-жж. Россия 22 млн доллар бөлгөндүгүнө байланыштуу Республикада 200 миңден ашык балдар ысык мектеп тамак-ашын алууда. 850дөн ашуун мектеп ашканалары оңдолуп-түзөлдү жана ашкана жабдыктары менен жабдылган, 4 миң тонна байытылган буудай уну коюлган. Мектеп ашпозчулары жана ашкана ишчилери үчүн 3 миң кошумча жумуш орундары түзүлдү.

Бул жылдын күзүндө «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын жакшыртуу» программасына дагы 49 мектеп кошулду. Бул мектептердин ашканалары да кайра калыбына келтирилип, оңдолуп-түзөлдү. Мунун үстүндө «бүткүл дүйнө» менен иштедик: айылдаштар да, жергиликтүү өкмөт да, өсүп келе жаткан муундун тамактануусун жакшыртууга кызыкдарлар да жардам беришти.

«Мектеп ашканаларын тартипке келтирип, керектүү жабдыктар менен жабдуу керектелген, – дейт Кыргызстандагы өлкөлүк БУУ ДАПтын директору Кожиро Накай, – Биз Билим берүү жана илим министрлиги жана Россиялык тармактык тамактануу институту менен биргеликте 33төн ашуун заманбап ашкана каражаттарын, байытылган буудай унун алдык. Параллелдүү түрдө мектеп ашпозчуларын окутуу, туура тамактануу жана сергек жашоо мүнөзү боюнча ата-энелер чогулушу, ошондой эле мектептердин жетекчиликтерине көрсөтмө берүү уюштурулду. Биз жаш муундун ден соолукта жана ийгиликтүү болушуна түрткү берүүгө умтулабыз, жана мектептин жардамы менен Республиканын калкына ден соолук жана кичи мектеп курагындагы балдардын жакшы жетишүүсү үчүн сапаттуу тамактануунун маанилүүлүгүң жеткирүүгө умтулабыз».   

Булактар:

https://clck.ru/36hQzP

https://clck.ru/36hQzv

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа