Кыргызстан Эл аралык Үй-бүлөлөр күнүн белгилейт

4-майдан 22-майга чейин өлкөнүн 14 мектебинде, SIFI жана UN WFP Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Эл аралык үй-бүлөлөр күнүнө карата бир катар эл агартуу иш-чараларын өткөрүп жатышат.  Үч жуманын ичинде башталгыч класстын окуучулары өз рациону үчүн пайдалуу азыктарды тандап алууну үйрөнүшөт жана ата-энелери окуучунун саламаттыгын сактоонун бардык нюанстары балансталган тамактануу аркылуу экендигин түшүнүшөт.

Жаш кезинен баштап эле балдарды туура тамактанууга үйрөтүү маанилүү: көп тамак-аштын арасынан ден-соолукка чындыгында пайдалуусун тандап, зыяндуу азыктарды болушунча чектөө керек. Өсүп келе жаткан организмге ушинтип негиз түптөлөт, баланын келечектеги бакубат жашоосу үчүн бекем пайдубал курулат. Эгерде тамактануу системасы туура курулган болсо, анда бала физикалык да, менталдык да жактан дени сак өнүгөт. Ата-энелер кичинекей мектеп окуучусунун балансталган рационун кандайча түзүү керектигин, кантип жана эмне бышырууга боло тургандыгын квалификациялуу нутрициологдордун бир катар вебинарларынан билип алышат. Вебинарлардын жазуулары мектептеги тамактандыруу жөнүндөгү порталда сакталуу болот: tamakash.edu.gov.kg

Балдар класстык сааттарда интерактивдүү иштер форматында туура тамактануунун негиздерин үйрөнүшөт. Мугалимдер эртең мененки тамактануунун пайдалуулугу жана рациондогу өсүмдүк азыктарынын ролу жөнүндө айтып беришет. Сабактардын интерактивдүү форматы балдарга маалыматты оңой кабыл алууга жана класстагы тематикалык оюндар аркылуу үйрөнгөндөрүн бышыктоого жардам берет.

Ош облусунда бул кампания чоңдор менен балдарды бир максатка – ден-соолукка пайдалуу лимонадды биргеликте даярдоого бириктирген спорттук иш-чара менен аяктады. Бул үчүн балдар ата-энелер даярдай турган пайдалуу суусундуктун бардык ингредиенттерин кайтарып алуу үчүн бир катар туура тамактануу менен байланышкан кыйынчылыктарды башынан өткөрүшөт .

Бул кампания 870тен ашуун башталгыч класстын балдары жана алардын ата-энелерин камтыйтышы керек.

Маалымат үчүн:

Эл аралык үй-бүлөлөр күнү БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан 1993-жылы негизделген жана үй-бүлөлүк көйгөйлөргө коомдун ячейка катары көңүлүн буруп, үй-бүлөнүн маанилүүлүгүн көтөрүү максатында жыл сайын 15-майда белгиленет.

 “Туура тамактанууга саякат” кампаниясы балдары бар ар бир үй-бүлөнүн жашоосунун бир маселесине токтолот: мектеп окуучусунун туура тамактануусу, бул анын физикалык жана психикалык жактан гармониялуу өнүгүүсүнө шарт түзөт, демек бул бакубат келечек. Иш-чаралар Россия Федерациясы тарабынан каржыланган БУУ ДАПтын БУУнун “Кыргыз Республикасында мектептеги тамактандыруусун оптималдаштыруу” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Долбоор 2013-жылдан бери иштеп келе жатат. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Россиянын Тармактык тамактануу институту Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектеп окуучуларынын тамактануусун жакшыртуу боюнча иш алып барууда. 2022-жылга чейин өлкөнүн бардык мектептеринде ысык тамак берүүгө өтүү пландалууда.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа