Кыргызстандын окуучуларынын мектептердеги тамактануусу жакшырат

14-мартта Бишкекте Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлү жана директору Кожиро Накай менен жолугушту.

10 жылдан ашык убакыттан бери ийгиликтүү өз ара кызматташып келе жаткан уюмдардын өкүлдөрү БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын беш жылдык (2023-2027) программасынын алкагында өлкөдөгү мектептеги тамактануу системасын өнүктүрүү боюнча кызматташууну улантуу маселесин талкуулашты.

Министр билим берүү тармагындагы жардамы үчүн БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына ыраазычылык билдирди. Ал эми Кожиро Накай, өз кезегинде, уюм мектептеги тамактануу маселеси боюнча гана эмес, башка тармактарда да мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө кызыкдар экенине ишендирди: “Акыркы 10 жылда биз 1-4-класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыздоого жардам берип келебиз. Биз жакынкы 5 жылга жаңы стратегия түзүп, аны ишке ашыра баштадык. Эгерде Министрлик программага бала бакчаларды киргизүү маселесин караса, биз мындай чечимди колдойбуз. Мындан тышкары, биз мектептеги тамактануунун туруктуу системасын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында айыл коомчулугун окутууга жана квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтүүгө даярбыз”.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа