Кыргызстандын мектептеринде туура тамактануу айлыгы аяктады

5-марттан 15-апрелге чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАП) жана Тармактык тамактануу институту (ТТИ) менен биргеликте өлкөнүн сегиз мектебинде туура тамактануу айлыгын уюштурду.

Туура тамактануу айлыгы – бул 2-4-класстагы балдарды туура тамактануунун жана алардын ден-соолугуна кам көрүүнүн негизги принциптерин үйрөтүүгө багытталган бир катар билим берүү демилгелери. Пилоттук долбоор Россия Федерациясы тарабынан каржыланган ДАПтын мектепте тамактанууну оптималдаштыруу программасына кирген 700дөн ашуун башталгыч класстын окуучуларын камтыды.

Бир айдын ичинде класстык сааттарда башталгыч класстардын мугалимдери атайын иштелип чыккан материалдар боюнча “Шайыр ашпозчулардын мектеби” аттуу кызыктуу сабактарды ​​өткөрдү. Балдарга балансталган тамактануунун өсүп келе жаткан организм үчүн пайдалуу жактарын үйрөтүп, негизги азыктандыруучу заттар жана аларда камтылган азыктар менен тааныштырды. Ошондой эле, программанын алкагында ар жума сайын өткөрүлүүчү жөнөкөй, пайдалуу жана даамдуу тамактарды даярдоочу кулинардык мастер-класстар, ден-соолукка пайдалуу тамактануу темасында мектеп спектаклдери жана алган билимин бышыктоо үчүн кызыктуу интерактивдүү оюндар камтылды.

Туура тамактануу айлыгы окуучулардын кызыгуусун калыптандырып, сергек жашоого образын жүргүзүүнү каалап, өз рационуна пайдалуу азыктарды жана тамактарды тандап,  жаш кезинен жана  андан кийинки жашоосунда туура тамактануу көндүмүнө негиз түзүүгө жардам берет.

Демилге бүткүл дүйнө жүзүндө 11-мартта белгиленүүчү Эл аралык Мектепте тамактануу күнүнө дал келет. Майрамдын негизги идеясы – калктын мектеп окуучулары үчүн тамактануунун сапатынын маанилүүлүгүн маалымдоо. Баланын мектепте, ошондой эле үйдө рационалдуу тамактануусу – ден-соолугун сактоо жана ийгиликтүү билим алуу жөндөмдүүлүгүнүн шарттарынын бири. Балдар сапаттуу билим алууга, ийгиликтүү келечекке жана чың ден-соолукка ээ болуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.

Туура тамактануу айлыгы – БУУ ДАПтын мектептеги тамактанууну оптималдаштырууну демилгелеген  программасынын бири болуп саналат, анын алкагында Кыргызстандагы 700дөн ашуун мектептин 200 миңге жакын башталгыч классынын окуучуларына сапаттуу ысык тамак берилет. 2022-жылга чейин БУУ ДАП жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн бардык мектептерине ысык тамак киргизүүнү пландаштырууда, буга 2019-жылы кабыл алынган Мектептеги тамактануу жөнүндөгү ченемдик актылары көмөктөш болот.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа