Кыргызстанда 2021-жылы Эл аралык үй-бүлө күнү туура тамактануу белгисинин алдында өттү

Туура тамактануунун пайдубалы үй-бүлөдө түптөлүшү керек. 2021-жылдын май айында Эл аралык үй-бүлө күнүнө карата БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Тармактык тамактануу институту менен биргеликте өлкөнүн мектептеринде туура тамактануунун негиздери боюнча кызыктуу сабактарды уюштурду. Үч жумалык кампаниянын ичинде башталгыч класстын окуучулары жана алардын ата-энелери үй шартында туура тамактанууну жана пайдалуу, аш болумдуу тамактарды жасоону үйрөнүштү.

001.jpg

Эл аралык үй-бүлө күнү БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1993-жылы сентябрда жарыяланган жана үй-бүлө көйгөйлөрүнө жалпы коомчулуктун көңүлүн буруу жана коомдук баштапкы уюм катары үй-бүлөнүн маанисин жогорулатуу максатында 1994-жылдан бери жыл сайын 15-майда белгиленип келет.

Май айында бүткүл өлкө боюнча 14 мектепте башталгыч класстын окуучуларына класстык сааттар өткөрүлүп, алар «Туура тамактанууга саякатка» барышты. Кызыктуу интерактивдүү сабактарда балдар эртең мененки тамакты эмне үчүн ичүү керектигин, күч жана энергия берген жаш организмдин туура өсүп-өнүгүшүнө жардам берген тамактарды тандоону үйрөнүштү.

003.jpg

Оюн сабактарынын процессинде мектеп окуучулары кайра иштетилген жана иштетилбеген продукциянын айырмасын түшүнүштү, алар эмне үчүн иштетилет, кайра иштетүүдө алар өзгөрөбү, бул азыктын өзүнө жана анын касиетине кандай таасир этээрин билишти. Сабактын аягында балдар чыгармачыл тапшырма аткарышты – калемдерди, боёкторду жана аппликацияны колдонуу менен алар иштетилбеген же минималдуу иштетилген ден-соолукка пайдалуу азыктардан турган эртең мененки тамакты чагылдырган плакаттарды жасашты.

Кичинекей окуучулардын пикирлерин окуганда, уюштуруучулар кампаниянын негизги идеяларын бере алышты:

– Кайсы тамактар ​​ден соолукка пайдалуу жана кайсы тамактарды жебеш керек экенин билдим.

– Бул сабактардан кийин мен дайыма эртең мененки тамакты ичип, пайдалуу азыктарды гана тандайм.

– Эми мен жашылча-жемиштерди көбүрөөк жейм, анткени бул туура тамактануу.

– Мага сабиз, помидор, бадыраң жагат жана мен аларды жейм, анткени алар бизге энергия жана витаминдерди берет.

Мектеп окуучулары рационалдуу тамактануунун негиздери тууралуу маалыматтан тышкары, микрожашылчаларды өстүрүү менен терезеңдеги чакан бакчадан жыл бою витаминдерди алууга болорун билишти. Бул үчүн жеткиликтүү материалдардын аз эле топтому керек: желим баштык, кебез, табак, уруктар, жип жана суу.

002.jpg

Эл аралык үй-бүлө күнүн майрамдоонун алкагында Ош шаарындагы мектептин окуучулары “Витаминдүү тополоң” спартакиадасына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Балдар жана ата-энелер алты командага биригишкен.

Кызыктуу спорттук эстафеталарга катышып, балдар олжолорду — пайдалуу суусундуктар үчүн ингредиенттерди чогултушту. Ал эми алардын ата-энелери бул ингредиенттерден табигый витаминдүү смузи жана лимонад жасашкан. «Бул биз үчүн да, балдарыбыз үчүн да кызыктуу жана пайдалуу болду. Ушундай “Витаминдик мелдештер” тез-тезден өтүп турса, биз кубанычта болобуз” – деп, майрамдын катышуучуларынын энелеринин бири өз оюн билдирди.

006.jpg

Таанып билүү иштерине кенже класстын окуучуларынын ата-энелери да кошулушту. Алар үчүн “Мектеп окуучулары үчүн туура тамактануу: жөнөкөй кеңештер жана сунуштар” аттуу вебинарлар өткөрүлдү. Ошентип, диетолог эндокринолог Наталья Саломахина пайдалуу эртең мененки тамактар ​​тууралуу айтып берди, ал эми Эл аралык медициналык жогорку мектебинин Коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасынын окутуучусу Марина Дүйшекулова өсүмдүк азыктарынын түрлөрү жана алардын ар биринин ден соолук үчүн пайдасы тууралуу өз билими менен бөлүштү. 

2022-08-30_220427.jpg

Жалпысынан Россия Федерациясы тарабынан каржыланган БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын «Кыргыз Республикасындагы мектепте тамактандырууну оптималдаштыруу» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан «Туура тамактанууга саякат» билим берүү кампаниясы  900 чамасындагы башталгыч класстын окуучуларын жана алардын ата-энелерин камтыды. Демек, бул биздин балдарыбыздын гармониялуу жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү болгон туура жана баланстуу тамактануунун зарылдыгын дагы көп үй-бүлө билип алганын билдирет.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа