2026-жылы республикалык мектеп ашпозчуларынын сынагы «Даам лабораториясы: “Ден соолугу чың окуучу” миссиясы» аттуу жаңыланган билим берүүчү интенсив-сынак форматында өтөт.
Долбоор өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген мектеп ашпозчуларын бириктирип, ал кесиптик чеберчиликтин таймашы гана болбостон, чоң окуу аянтчасына да айланат. Катышуучулар өз билимдерин текшерип, окуудан өтүп, мектеп менюсу үчүн автордук тамактарды иштеп чыгып, технологдор, нутрициологдор жана шеф-ашпозчулар менен иштешип, ошондой эле андан аркы кесиптик өсүш үчүн жеке сунуштарды ала алышат.
Сынак мектеп ашпозчусунун мектептин жашоосундагы маанилүү ролун баса белгилеп, жергиликтүү жамааттардын, ата-энелердин жана бийлик органдарынын көз алдында бул кесиптин маанилүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Бул жөн гана жогорку наам үчүн таймаш гана эмес, катышуучулар үчүн кесиптик жөндөмдөрүн бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга жана балдар үчүн мектеп тамактануусун коопсуз, ар түрдүү жана жагымдуу кылууга жардам бере турган жаңы практикалык билимдерди алууга мүмкүнчүлүк берет.
«Мектеп ашпозчусу күн сайын балдардын ден соолугуна, маанайына жана тамактануу адаттарына таасир этет. Сынактын жаңы форматы мыктыларды тандоого гана эмес, ар бир катышуучуга билим, ишеним жана иш жүзүндөгү куралдарды берүүгө жардам берет», – деп белгилешет уюштуруучулар.
Мектеп ашпозчуларынын сынагы Кыргызстанда 2019-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин демилгеси менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Орусиянын Тармактык тамактануу институту менен биргеликте өткөрүлүп келет. Бул жылдар аралыгында ал мыкты тажрыйбаларды жайылтууга, мектептерде тамактануунун сапатын жогорулатууга жана мектеп ашканаларынын кызматкерлеринин кесиптик коомчулугун чыңдоого жардам бере турган жыл сайын өткөрүлүүчү туруктуу демилгеге айланды.
2026-жылы да уюштуруучулар сынактын салттуу максатын сактап калышат, бирок анын форматын жаңыртат же окутууга, практикалык тапшырмаларга жана катышуучулардын жеке өнүгүүсүнө көбүрөөк көңүл бурулат. Негизги жаңылануу – билим берүү интенсивдери форматындагы эки беттешүү финалдарын өткөрүү. Түндүк аймактардан келген катышуучулар Бишкектеги И.Раззаков атындагы КМТУнун базасындагы Республикалык компетенциялар борборунда, ал эми түштүк аймактардын өкүлдөрү Ош мамлекеттик университетинин №12 кесиптик лицейинин базасындагы Түштүк компетенциялар борборунда жолугушушат.
Жаңы форматтын дагы бир өзгөчөлүгү – окуучуларды оюн жолу менен кызыктыруу аркылуу окутуу. Сынактын тапшырмалары эдьютейнмент принциптерине негизделет: катышуучулар материалдарды практика, оюн форматтары, кейстер жана командалык иш аркылуу өздөштүрүшөт.
Сынак бир нече этап менен өтөт. 31-майга чейин катышуучулар https://forms.gle/DRQTtR4jUMKWPKy47 онлайн формасын толтуруп, өтүнмө бере алышат. Июнь айынан баштап август айына чейин бардык катталган катышуучулар аралыктан окуу этабынан өтүп, окуу материалдарына, вебинарларга жана автордук рецепт менен мини-менюну иштеп чыгуу үчүн шаблондорго мүмкүнчүлүк алышат. Алар онлайн-тесттен өтүп, мектептеги тамактануу үчүн тамактарды сунуштап, санитардык талаптарды, сезондуулукту жана тең салмактуу тамактануу принциптерин эске алуу менен менюнун өздүк вариантын түзүшү керек. Өтмө балл алган ашпозчулар жеке бетме-бет финалга чыгышат.
Сынактын финалы ноябрь айында өтүп, ал теориялык жана практикалык тапшырмаларды бириктирет. Катышуучулар өз билимдерин көрсөтүшүп, мектеп ашканасынын ишиндеги ар кайсы кырдаалдарды талоого алышат, менюга аудит жүргүзүшөт, азыктарды кабыл алуу көндүмдөрүн ачыктоо менен тамактарды технологиялык карталарга ылайык даярдашат.
Финалдын программасында ошондой эле пайдалуу азыктарды балдар үчүн кантип жагымдуу кылуу керектиги жаатындагы жеке сырлары менен бөлүшө турган шеф-ашпозчунун мастер-классы да өтөт.
Сынактын жыйынтыгында Кыргызстандын мыкты мектеп ашпозчулары аныкталат. Катышуучулар алган упайларына жараша сыйлыктарга ээ болушат, ал эми финалисттер ашкана техникасын сатып алууга сертификат алышат. Аралыктан жана бетме-бет этаптардан ийгиликтүү өткөн ашпозчулар окуудан өткөндүгүн жана кесиптик компетенцияларынын деңгээлин тастыктаган мамлекеттик үлгүдөгү документтерге да ээ боло алышат.
Жаңы формат мектеп ашпозчуларына өз кесибинин маанилүүлүгүн сезүүгө, жаңы билим алууга жана балдардын тамактануусун сапаттуу, коопсуз жана даамдуу кыла турган идеялар менен мектептерине кайтып келүүгө көмөктөшүшү керек.
Мектеп ашпозчуларынын республикалык конкурсу “Кыргыз Республикасында мектептеги тамактанууну оптималдаштыруу” программасынын алкагында өткөрүлөт. Анын максаты – мектеп ашпозчусу кесибинин маанилүүлүгүн жогорулатуу, мектеп ашканаларынын кызматкерлеринин кесиптик көндүмдөрүн бекемдөө жана балдар үчүн пайдалуу, ар түрдүү жана жагымдуу тамактарды даярдоого заманбап ыкмаларды киргизүүнү колдоо.
Программа жөнүндө кененирээк маалыматты http://tamakash.edu.gov.kg жана https://www.instagram.com/school_meals_programme/ сайттарынан тапса болот.
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа



Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Иштеп чыккан : Colibri Studio