Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-ашы боюнча биринчи эл аралык форум өттү

23-24-ноябрда Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-ашы боюнча «Мектеп тамак-ашы – жалпы өнүгүүнүн вектору» аттуу I Эл аралык форум өттү. Шериктештикке мүчө өлкөлөр мектеп окуучуларынын тамактануусунун сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулоо жана чечүү жолдорун издөө үчүн алгач ирет бир аянтчага чогулушту.

Форум Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси боюнча өткөрүлгөн. Анын сунушуна ылайык, мектеп тамак-ашы жалпы кызыкчылык туудурган тема катары үстүбүздөгү жылы өлкөнүн КМШга төрагалык кылуусундагы расмий иш-чаралардын катарында маанилүү орунду ээледи.

Россиянын тармактык тамактануу институтунун (SIFI) президенти Владимир Чернигов белгилегендей: «Мектептеги тамактандыруу программасы көптөгөн социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө жардам берет. Бул балдардын ден соолугун чыңдоо, алардын билим деңгээлин жогорулатуу, үй-бүлөлөрдү колдоо жана айыл жерлерин жана жергиликтүү айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнү камтыйт. Комплекстүү мамиле жасоо ачарчылык менен күрөшүүдөн тартып, экономикалык өсүштү жана мамлекеттер аралык деңгээлде өнөктөштүктү бекемдөөгө чейинки туруктуу өнүгүүнүн көптөгөн максаттарына жетишүүгө көмөк берет».

В Бишкеке проходит I Международный форум по школьному питанию в странах СНГ

Уюштуруучулар катары БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана Россиянын тармактык тамактануу институтунун (SIFI) колдоосунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, КМШ Аткаруу комитети чыкты.

Иш-чара КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт мүчөлөрүнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Форумга Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, КМШнын башкы катчысынын орун басары Денис Трефилов, Тармактык тамактануу институтунун (SIFI) президенти Владимир Чернигов, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Азия-Тынч океан аймагындагы регионалдык директору Джон Эйлифф, БУУнун системасынын Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлү жана директору Кожиро Накай жана Россия Федерациясынын агартуу министринин орун басары Денис Грибов катышты. Эки күндүк талкууга Армениянын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын билим берүү министрликтеринин өкүлдөрү, ошондой эле тармактык билим берүү жаатындагы эксперттер жана жеке сектордун өкүлдөрү катышты.

В Бишкеке проходит I Международный форум по школьному питанию в странах СНГ

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өз сөзүндө билдиргендей, форум КМШга мүчө мамлекеттердин мектеп тамак-ашы боюнча улуттук программаларын натыйжалуу ишке ашырууда алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу мүмкүнчүлүгүн берген аянтча болуп калды.

Форумдун алгачкы күнү: тегерек столдор, мектептерге жана ашпоздорду окутуу борборуна баруу 

Алгачкы күнү Россия Федерациясынын, Казакстандын, Армениянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын өкүлдөрү өз өлкөлөрүндө мектеп тамак-ашын киргизүү жана аны жакшыртуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Россия Федерациясы Кыргызстанга олуттуу колдоо көрсөттү.

«Мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу программасы 10 жыл мурун ишке киргизилген. Бул форумдун өткөрүлүшүн аталган кызматташтыктын юбилейи катары кароого болот. Кыргызстанда мамлекеттик органдардын, ата-энелер коомчулугунун жана эл аралык уюмдардын кызматташтыгы аркасында мектеп окуучуларын тамак-аш менен камсыздоодо туруктуу саясат түзүлдү. Жакырчылыктын шартында биз мыкты чөйрөнү жана инфраструктураны кура алдык», – деди министр. 

В Бишкеке проходит I Международный форум по школьному питанию в странах СНГ

Тегерек столдордун биринде кыргыз тарап Баткен облусунда Логистикалык борборду түзүү тажрыйбасына токтолду.

«Мектептерге келип жаткан продукциянын сапаты талаада өстүрүлүп, дасторконго жеткенге чейин көзөмөлдөнүшү керек. Ошондуктан биз логистикалык борбор түзүү идеясына келдик. Бул долбоор аймактын экономикасын да, фермерлерди да колдоого жардам берет”, – деп түшүндүрдү Тармактык тамактануу институтунун (SIFI) экономика жана каржы боюнча кеңешчиси Анатолий Максимов.

Андан соң Бишкектин бир катар мектептеринде көрсөтмөлүү иш-чаралар өткөрүлдү, анда Шериктештикке мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү мектеп инфраструктурасы, менюсу жана мектеп окуучуларын жана ата-энелерди пайдалуу жана балансталган тамактануу темасына тартуунун ыкмалары менен тааныша алды.

В Бишкеке проходит I Международный форум по школьному питанию в странах СНГ

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында жакында ачылган Республикалык компетенция борборунда коноктор мектеп ашпозчуларын даярдоо жана жыл сайын өтүүчү ашпозчулардын сынактары жана кулинардык таймаштар аркылуу алардын кесиптик квалификациясын жогорулатуу кандайча жүргүзүлүп жаткандыгы менен таанышты.

В Бишкеке проходит I Международный форум по школьному питанию в странах СНГ

Форумдун экинчи күнү: эмне үчүн мектепте тамактандыруу программалары абдан маанилүү

Форумдун расмий бөлүгү «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү. Иш-чараны ачып жатып, министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов мектеп тамак-ашы социалдык өңүттөн каралышы керектигин баса белгиледи: «Мектептеги тамактануу маселеси өсүп келе жаткан организмди пайдалуу заттар менен камсыз кылуу менен чектелбейт. Ал ошондой эле көптөгөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, айыл чарбасын мамлекеттик колдоонун жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүнүн натыйжалуу аспабы болуп саналат. Ушул себептен улам, Кыргыз Республикасынын жетекчилиги мектеп окуучуларын тамактандыруу маселесин социалдык милдет катары гана эмес, инвестициянын жана экономикалык өсүштү стимулдаштыруунун маанилүү фактору катары карайт».

Почему школьное питание важно? Участники форума наметили пути общего развития

Россия Федерациясынын агартуу министринин орун басары Денис Грибов белгилегендей, Россия 10 жылдын ичинде бир катар мамлекеттерде мектеп тамак-ашын уюштурууга 100 миллион доллардан ашуун каражат бөлгөн: «10 жылдан ашуун мезгилден бери Россия өкмөттөр жана биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз саналган БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте Арменияда, Кыргызстанда, Тажикстанда жана башка бир катар өлкөлөрдө мектептеги тамактануу боюнча масштабдуу долбоорлорду ишке ашырып келет».

Почему школьное питание важно? Участники форума наметили пути общего развития

КМШнын башкы катчысынын орун басары Денис Трефилов өз сөзүндө балдар сапаттуу тамактануу менен камсыздалмайынча коомдун өнүгүүсү жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эместигин баса белгиледи: «Тамактануу балдарыбыздын өнүгүүүнө негиз салып, алардын физикалык жана интеллектуалдык потенциалын калыптандырат. Ошондуктан мектепте сапаттуу тамак-ашты уюштуруу – улуттун өнүгүшүнө кошкон салым жана балдардын коопсуздугун камсыздоого мамлекеттин катышуусунун көрсөткүчү. Биздин өлкөлөрдүн калкынын 25%ын балдар түзөт. Өлкөлөрүбүздүн 100% келечеги ушул 25%дан көз каранды. Бул форум сыяктуу иш-чаралар үзгүлтүксүз өтүшү керек. Анткени, балдардын туура тамактануусу дүйнөнү каптап жаткан кризистин шартында да корголушу керек».

Почему школьное питание важно? Участники форума наметили пути общего развития

Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун туруктуу координатору Антье Граве бул маселеде ата-энелер менен мамлекеттин кызматташуусу маанилүү экендигин белгиледи: «БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 25 өлкөдө иш алып барат. Мектепте балдардын социалдык тамактануусу абдан маанилүү. Биз бул багытта ата-энелер менен жеке сектордун өз ара аракеттенүүсү аркылуу натыйжаларга жетише алабыз».

Почему школьное питание важно? Участники форума наметили пути общего развития

Мектеп тамак-ашын уюштуруу боюнча бирдиктүү КМШ платформасы жөнүндө

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Азия-Тынч океан аймагындагы регионалдык директору Джон Эйлифф билдиргендей: «Форумдун алкагында мектептеги тамактанууга байланыштуу маселелерди чечүүгө болот, ошондуктан бул процесстин бардык катышуучулары үчүн кызматташтыкты арттыруу менен биргелешип иштөө абдан маанилүү». 

Почему школьное питание важно? Участники форума наметили пути общего развития

Бул тууралуу Россия Федерациясынын агартуу министринин орун басары Денис Грибов төмөндөгүлөрдү айтты: «10 жылдан бери ар бир өлкөдө мектептердеги тамак-аш маселелерин мыйзамдык жактан жөнгө салуу, айыл чарба кооперативдери менен кызматташуу, меню түзүү жана кадрларды даярдоо боюнча өзүнүн уникалдуу тажрыйбасы иштелип чыкты». Чиновник белгилегендей, азыр тажрыйба алмашуу учуру келди. Россиянын тармактык тамактануу институту бул үчүн бирдиктүү платформа боло алат деп күтүлүүдө.

«Биз жакында эле КМШ өлкөлөрүнүн Билим берүү боюнча кеңешинде мектеп тамактануусун уюштуруу боюнча КМШнын базалык платформасын түзүү мүмкүнчүлүгүн талкууладык. Ал эми биз Россия Федерациясынан бул максатта Тармактык тамактануу институтун сунуштаганбыз. Бул түзүм өз ишинде терең илимий негизге басым жасайт, 20 жылга жакын тажрыйбага ээ, анын Россияда гана эмес башка өлкөлөрдө да иш тажрыйбасы бар. 

Ал Шериктештик өлкөлөрүнүн тажрыйбасын терең изилдеп, усулдук сунуштарды даярдай турган жана балдарды мектеп тамак-ашы менен камсыздоо боюнча иштин сапатын жогорулатуу үчүн өнөктөш өлкөлөргө чыгып иш жүргүзө турган базалык аянтча боло алат», – деп кошумчалады Денис Грибов. 

Форум аяктады, балдарга кам көрүү боюнча иштер улантылат

Тармактык тамактануу институтунун (SIFI) президенти Владимир Чернигов мектеп тамак-ашын ишке киргизүү боюнча Россия менен КМШ өлкөлөрүнүн он жылдык кызматташуу тажрыйбасын ийгиликтүү деп атады: «Биз ар кыл мамлекеттер менен 10 жылдан ашык иштешип келебиз. Бул кызматташтыктын жыйынтыгы көрсөткөндөй, аракетибиз текке кеткен жок. Анын жагымдуу натыйжалары биз тараптан гана эмес, башка тараптар аркылуу да оң бааланып жатат. Биз өнөктөш өлкөлөрүбүзгө эксперттер, кеңеш берүү жана чечимдерди сунуштоо менен коштолуучу системаны түзүүгө жардам бергибиз келет. Бул системалардын пайдалуулугу, эффективдүүлүгү жана ийгилиги коомдо ачык-айкын болушун каалайбыз. Биз ушундай мамилени колдойбуз».

Анын айтымында, мындай мамиле аркылуу КМШ өлкөлөрүндөгү мектеп тамак-ашы СССРдегидей: ысык, тоюмдуу жана пайдалуу болушу мүмкүн.

«Менин пикиримде, 10 жылдан кийин КМШ өлкөлөрүндө мектеп тамак-ашы көп жылдар мурунку совет өлкөсүндөгүдөй болот, бирок биз өткөн советтик мезгилге кайтуу жөнүндө эмес, андагы жалгыз артыкчылыктуу багыт балдар болгондугу тууралуу айтып жатабыз. Биз муну бардыгыбыз жакшы билебиз», – деди Чернигов. 

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-ашы боюнча биринчи форумдун жыйынтыгын чыгарды: “Биздин форум өз максатына жетти. Биз өнөктөш өлкөлөрдүн тажрыйбасын талкууладык, суроолорду берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук жана бул форум мектеп окуучуларын сапаттуу тамак-аш менен камсыз кылуу сыяктуу маанилүү максатка жетүү үчүн туруктуу аянтча болуп калат деген үмүт бар».

Эки күндүк иштин жыйынтыгында катышуучулар Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн мектеп окуучуларынын тамактануусу жаатында кызматташууну бекемдөө боюнча Декларация кабыл алышты.

«Дүйнөлүк туруксуздуктан улам келип чыккан оор экономикалык шарттар жана пайда болгон чакырыктар өкмөттөрдү мектептердеги тамактануу программаларынын бюджеттик каржылоосун сактап калуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө жана аларды ишке ашыруунун сапатын камсыз кылууга мажбур кылууда. Мындай шарттарда илимий, эксперттик жана технологиялык чөйрөлөрдөгү потенциалды бириктирүү, мектептерде тамактануу инфраструктурасын жаңылоо, кадрларды даярдоо жана калк арасында туура тамактанууну жайылтуу боюнча инструменттердин жана программалардын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзүү маанилүү ролду ойнойт», – деп айтылат министрдин баяндамасында. 

Мектеп тамак-ашы боюнча II Эл аралык форум 2024-жылы Россияда өтөөрү күтүлүүдө.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа