Картошка запеканкасынан оромого чейин – Кыргызстандын эң мыкты мектеп ашпозчулары финалда калыстар тобун эмне менен таң калтырды

2021-жылдын 11-ноябрында эң мыкты мектептердин беш ашпозчусу экинчи жолу өлкөнүн эң мыкты мектеп ашпозчусун аныктоо үчүн финалда ат салышты. Сынак Кыргыз Республикасындагы мектеп окуучуларынын тамактануусун оптималдаштыруу программасынын алкагында өткөрүлдү. Бул программа 2013-жылы Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП), Россиянын Тармактык тамактануу институту (SIFI) жана Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен биргелешкен аракети менен ишке киргизилген.

Учурда республика боюнча 500дөн ашык мектепте башталгыч класстын окуучуларын ысык тамак менен камсыздайт. Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө бул мектептердин ашканалары жаңы заманбап технологиялык жабдуулар менен кайра жабдылды, 1300дөн ашык ашпозчулар жана ашкана кызматкерлери ысык тамакты уюштуруунун негиздерине үйрөтүлдү.

Сынактын уюштуруучуларынын айтымында, мындай сынактар ​​балдарды даамдуу жана пайдалуу тамактандыруу үчүн талыкпай эмгектенген мектеп ашпозчуларынын эмгегин даңазалоого, ашпозчуларга өзүн көрсөтүүгө жана мектеп тамактарынын түрүн ойлоп табууда, даярдоодо жана тейлөөдө чеберчиликтерин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул алардын профессионалдык чеберчилигинин жогорулашына алып келет. «Мектептин ашпозчуларынын чыгармачылыгы жана талыкпаган эмгеги балдардын жакшы жана жаркын келечегинин пайдубалы болуп саналат», – деп БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы директорунун милдетин аткаруучу Майкл Хаггинс ишенет.

005.jpg

Сынактын биринчи этабы жаз айларында башталып, ага катышууну каалагандардын баары өз арыздарын жана эмне үчүн ушул кесипти тандап алганы тууралуу баяндаган эссе же видеотасманы жөнөтө башташкан. Өтүнмөсүн жөнөткөн 60тан ашык катышуучунун ичинен 35 катышуучу жарым финалга өттү – ар бир аймактан бештен мыкты.

Экинчи этаптын тапшырмасы практикалык да, чыгармачылык да болгон – белгилүү критерийлер боюнча мектеп менюсу үчүн тамактын рецептин иштеп чыгуу жана сүрөттөп берүү: бир порциядагы даяр тамактын баасы 20 сомдон, бышыруу убактысы 90 мүнөттөн ашпашы керек, тамакка жергиликтүү өндүрүлгөн азыктарды колдонуп, анда жашылча-жемиштин болушу абзель эле. SIFI жана БУУнун БАТПнын өкүлдөрү кирген комиссия жөнөтүлгөн рецепттердин жана видео нускамалардын ичинен алдыңкы бешөөнү тандап алды. Алардын авторлору Бишкекте өтүүчү финалдык беттешүүгө чакырылган.

001.jpg

Сынактын финалдык таймаш күнү ошол өзүнүн фирмалык тамагын презентациялоо менен башталды. Алгачкы болуп өзүнүн чыгармасын Талас областынан келген Назгүл Алыбаева тартуулады. Ал кыргыз ашканасынан даярдаганы оромо –өтө жука жайылган камырга фаршты ороп жасаган. Назгүл Алыбаеванын оромосунун өзгөчөлүгү балдардын тамактануусу үчүн маанилүү болгон ингредиент – быштак кошулду. Анткени, ал баланын организминин туура өсүп-өнүгүшүнө керектүү белоктор, витаминдер жана минералдык заттар менен камсыз кылат.

Баткен областынан келген Инаят Курбаналиева сынактын программасына маштан, буурчак азыгынан, котлет даярдады. «Биздин райондо маш өсөт жана ар кандай тамактарды жасоодо кеңири колдонулат. Маш буурчактан жасалган котлет баланын өсүп келе жаткан организмине пайдалуу сиңимдүү заттарга бай азыктардын аралашмасынан турат», – деп сынактын катышуучусу өзүнүн тамагын презентациялады.

Ал эми Чүй областынын атынан Айша Губарова көнүмүш болгон, фаршталган калемпир жасаган. Айша өз тандоосундагы негизги ингредиенттин пайдалуу касиеттерин түшүндүрдү: “Таттуу калемпирдин курамында өсүп жаткан организм үчүн пайдалуу витаминдер бар, алар балдардын ден соолугун чыңдоо үчүн курулуш материалы катары кызмат кылат”. Айта кетсек, финалда сунушталган бардык тамактардын ичинен бул бышыруу убактысы боюнча эң тез даярдалуучу тамак болуп чыкты.

002.jpg

Талас областынан дагы бир катышуучу финалга өттү – Гүлсада Батырбекова. Ал калыстар тобуна көптөргө бала кезинен тааныш болгон картошка запеканкасынын бюджеттик вариантын – этсиз фарштан жасалышын тартуулады. «Картошка — экинчи нан, анын курамында витаминдер жана пайдалуу заттар көп. Балдар ток, ден соолугу чың болот”, — деп жыйынтыктады Гүлсада.

Биринчи этапты Ысык-Көл областынан келген жалгыз эркек ашпозчу Максатбек Кожокеев жыйынтыктап, финалга өттү. Сынактын бешинчи катышуучусу да тамакты этсиз жасоону чечти. Ал калыстар тобуна сулу котлеттерин тартуулады. Эми, Максатбектин айтымында, сулу боткосу балдарга жакпаса, анда мындай котлеттер өзгөчөлөнүп, кичинекей гурмандарга сөзсүз жага тургандыгын белгиледи. Айрыкча, көптөгөн мектеп окуучуларынын сүйүктүү гарнири болгон картошка пюреси менен берилгенде.

Туура жарым саатка созулган экинчи этапта катышуучуларга жашылча-жемиштердин чектелген тандоосунан салат жана суусундук даярдоо сунушталды. Ошону менен катар эле, ашпозчулар тамак даярдоо учурунда мектеп ашканаларында иштөө эрежелери боюнча викториналык суроолорго жооп берип жатышты.

004.jpg

Бардык катышуучулар балдарга жагымдуураак кылуу үчүн тамактарды адаттан тышкаркы ыкма менен иштеп чыгып, төө буурчак, баклажан, ашкабак, помидор, бадыраң, түстүү капуста, таттуу калемпир, редиска, сабиз, кызылча, алма, хурма жана ашкөктөр  сыяктуу пайдалуу жана жеткиликтүү болгон жергиликтүү азыктарды сүйүүгө түрткү беришип, чыгармачылык менен иштешти.

Бул этаптын жыйынтыгын чыгарып жатып, Кыргыз Республикасынын ашпозчулар ассоциациясынын төрагасы Шухрат Шарипов бардык финалисттер өздөрүнүн кулинардык билимдерин да көрсөтүшкөнүн жана сет түзүүдөгү оригиналдуулугун көрсөтүшкөнүн белгиледи. «Сиздер биздин чемпионаттарга катышкан мыкты ашпозчулар менен бирдей шартта таймаша алмаксыздар. Бирок, ошол эле учурда, мектептин тамак-ашы үчүн мектеп бюджетинен ашпаган азыктардын болушун эске алуу зарыл», – дейт Шухрат Шарипов. Ошондой эле, Кыргызстандын башкы ашпозчусу Кыргызстандын ашпозчулар ассоциациясы тарабынан аймактардагы мектеп ашпозчулары үчүн ар кандай мастер-класстарды тез-тез уюштурууга даяр экенин билдирди.

003.jpg

Шухрат Шарипов сынактын финалисттери үчүн да нокоттон хумус жасоо процессин көрсөтүп, мастер-класс өткөрдү. Шухратка жардам берип жатып, ашпозчулар башка өлкөлөрдүн улуттук тамак-аштарын мектепте тамактануунун талаптарына ылайыкташтыруу менен мектеп менюсун түрлөнтүүгө болот деп, иш жүзүндө ынанышты.

Жыйынтыгын жарыялап жаткан учурда, калыстар тобу бардыгы жеңишке татыктуу экенин кайра-кайра кайталап жатышты. «Бүгүнкү беш финалисттин баары мен үчүн жеңүүчү болуп саналат», – деди жыйынтыктоочу сөзүндө БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы директорунун милдетин аткаруучу Майкл Хаггинс.

Жыйынтыгында Назгүл Алыбаева 2021-жылдын мыкты ашпозчусу деп табылды. Экинчи орунду Максат Кожокеев ээледи. Үчүнчү орун Гүлсада Батырбековага тийди. Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон деген сыйлык Айша Губаровага, калыстар тобунун атайын байгеси Инаят Курбаналиевага ыйгарылды. Бардык катышуучулар өздөрүнүн мектептери үчүн 5 миңден 20 миң сомго чейинки өлчөмдөгү ашкана техникасын сатып алууга сертификаттарды жана жеке байгелерди – ашканага тиричилик техникаларын алышты.

006.jpg

Баш байгени алып жатып, Назгүл Алыбаева – бул жеңиш анын мындан ары да сүйгөн иши менен алек болушуна дагы бир стимул болорун белгиледи. Финал үчүн тамактарды тандоого кайрылсак, ал оромо рецептин чоң апасынан мурастап алганын жана үйдө жасалган мындай тамактар ​​мектеп ашканаларынын менюсунда болушу керектигин, ошондо гана мектеп үйдөгүдөй атмосферасы менен балдардын өзгөчөлөнгөн экинчи үйүнө айланарын айтты.

«Мындай сынактар ​​бардык мектеп ашпозчулары үчүн чоң мотивация. Алар күн сайын өздөрүнүн күжүрмөн эмгегин аткарып, балдарыбыздын тамак-ашын даамдуу жана түрдүү кылып жасашат. Жана ушундай сынактар ​​улана берет деп ишенебиз”, – деп жыйынтыктады SIFIнин тренер-технологу Нурзат Турдубаева. Чынында эле, 2022-жылдын ноябрында Бишкекте «Мектепте тамактанууну оптималдаштыруу» программасынын алкагында «Мыкты мектеп ашпозчусунун» үчүнчү финалы өтүп, анда Кыргызстандын бардык аймактарынан беш эмес, жети мектеп ашпозчусу жеңиш үчүн ат салышат.

Жеңүүчүнүн рецепти

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа