Кадамжай районунан жагымдуу кабар: жазында бул жерде өндүрүштүк-логистикалык борбор ачылат

2013-жылдан бери БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАП) Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын тамактануусун уюштурууга колдоо көрсөтүп келет. 2022-жылдын апрель айында Мектепте тамактанууну оптималдаштыруу программасынын алкагында Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кадамжай райондук администрациясы жана «Бий-Көк» кооперативи менен келишим түзүп, анын негизинде Өндүрүштүк-логистикалык борбор түзүлүүдө. 

Борбор эмнеге керек?

Бүгүнкү күндө жергиликтүү дыйкандардын өндүрүмдөрү кичинекей мектеп окуучуларынын табактарынан сейрек кездешет. Ал эми алар сунуш кыла турган көп нерсе бар! Жергиликтүү өндүрүүчүдөн сатылып алынган жашылчалар жана башка айыл чарба азыктары, мисалы, алыстан алынып келинген картошкаларга караганда алардын дасторконуна тезирээк жетет. Демек, алар мектеп окуучуларынын ден-соолугуна пайдалуу жана даамдуу болот.

Бирок, жергиликтүү дыйкандардын мектеп ашканасына кирүүсү кыйыныраак: биринчиден, иш жүзүндө алар мектептерди азык-түлүк менен камсыздоо боюнча мамлекеттик тендерлерге катышпайт. Экинчиден, мектептерде да, чакан өндүрүүчүлөрдө да “керек болгон учурга” деген азыктардын партиясын  сактай турган жери жок. Бирок керектөөчү (мектептер) менен өндүрүүчүнүн (фермерлердин) ортосунда «көпүрө» курулса, бул көйгөйлөр чечилет. 

Өндүрүштүк-логистикалык борбор – мектеп окуучулары үчүн азыктарды сактоо жана кайра иштетүү комплекси так ушундай “көпүрө” болот. Борбордун кызматкерлери мектеп ашканалары үчүн зарыл болгон тамак-аш азыктарын жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрдөн сатып алып, алардын сапатын райондук Оорулардын алдын алуу борбору жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн (мындан ары – РЦПЗиГСЭН) жардамы менен контролдойт. Өндүрүштүк-логистикалык борбор мектеп ашканаларын азыктар менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик тендерлерге өзү катыша алат жана жогору  мүмкүнчүлүгү аларды утуп алуусунда. 

Мындан тышкары, мектеп ашканаларында башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак даярдоо убактысын кыскартуу үчүн Борбордо жашылчаларды жуу, кабыгынан тазалоо, кесип, таңгактоо жана тоңдуруу иштери жүргүзүлөт. Мектептерге даярдалган жашылча топтомдорун атайын машиналар жеткирет. Ал эми көчмө лаборатория катары жабдылган фургон РЦПЗиГСЭНдин кызматкерлерине 1-4-класстын окуучуларынын ата-энелери балдарынын тамактануусуна салым катары мектеп ашканаларына алып келген азыктардын сапатын текшерүүгө жардам берет.

Мындай Борборду түзүү боюнча иштер жарым жылдан бери жүрүп жатат. Быйыл күздө адистер комплекстин ачылышка даярдыгын текшеришти.

Мониторинг эмнени көрсөттү

Октябрь айында Кадамжайда мониторинг боюнча семинар болуп өттү. Талкууга SIFI нин экономика жана финансы боюнча кеңешчиси Анатолий Максимов, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кадамжайдагы кеңсесинин кызматкерлери, райондук администрациянын жана билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, «Бий-Көк» кооперативинин жетекчиси, РЦПЗиГСЭНдин өкүлдөрү, мектеп директорлору катышты. Катышуучулар долбоорго арналган докладдарды жасашып, андан кийин болочок Борбордун имаратында болушту.

Текшерүүнүн жыйынтыгы жагымдуу болду, атап айтканда:

1. Кадамжай администрациясы мектеп окуучуларын тамактандыруу үчүн «Бий-Көк» кооперативине картошка жана жашылчалар үчүн орун бөлүп берди. Мындан тышкары, муниципалитеттин кызматкерлери мектепте тамактандырууга дыйкандардын айыл чарба азыктарын өндүрүү үчүн айдоо аянтын кеңейтүүгө даяр.

2. Кооператив жашылча складынын имаратын ремонттоп, экинчи жарым жылдыкка башталгыч класстын окуучулары учун жашылчаларды камдап берди. Өндүрүштүк-логистикалык борбордун имаратында картошка, пияз, сабиз жана калемпир жетиштүү санда даярдалды.

3. Долбоордун кийинки этабы техникалык жактан даярдоо болуп, кайра иштетүү цехине, тоңдургуч цехке жабдуулар, ошондой эле изотермикалык (белгилүү температураны кармап турууга мүмкүндүк берүүчү) фургон жана азыктардын сапатын текшерүү үчүн көчмө лаборатория менен камсыз кылуу керек. Дүйнөлүк азык-түлүк программасы мындай камсыздоочуну тандоо боюнча тендер өткөрүп койгон. Керектүү жабдууларды 1,5-2 айдын ичинде керектелүүчү ордуна жеткирүү пландалууда.

Борбордун ишин ким координациялайт

Семинардын күн тартибиндеги өзүнчө маселе Координациялык кеңеш жөнүндөгү жобону талкуулоо болду. Бул орган долбоорду ишке ашырууга катышкан бардык кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнөн турат. Кеңеш беш жылга шайланат жана Борбордун муктаждыктары үчүн сатылып алынган жабдуулардын пайдаланылышын көзөмөлдөй алат, ошондой эле азыктарды камсыздоочулар менен акыркы керектөөчүлөрдүн – мектептердин, бала бакчалардын жана балким, Программанын кеңейиши менен Кадамжай районунун башка социалдык мекемелеринин ортосундагы бир кыйла суроолорун чече алат.

Жыйынтыгында эмне алабыз

Өндүрүштүк-логистикалык борборду толук форматта ишке киргизгенден кийин Кадамжай районунун мектептери окуучуларды тамактандыруу үчүн жергиликтүү азыктардан, биринчи кезекте жемиштерди жана картошканы колдонууга мүмкүнчүлүк алышат. Мектепте балдар сапаттуу, балансталган тамак ичишет. Сезондук айыл чарба өсүмдүктөрүн күнүмдүк рационго киргизүү окуучулардын тамак-ашынын сапатын жана аш болумдуулугун жакшыртат.

Экинчи жагынан, жергиликтүү фермерлерди мектеп тамак-ашына тартуу алардын өндүрүлгөн азыктарынын рыногун кеңейтүүгө жардам берет, көлөмдөрүн жана ассортиментин так пландаштырууга, аны ташып жеткирүү наркын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Демек, кирешенин көбөйүшүнө алып келет.

Райондо кошумча жумуш орундары пайда болуп, натыйжада бюджетке салык түшүүсү көбөйөт. Ал эми долбоордун жардамы менен мектептер үчүн үрөн жана жашылчаларды сатып алуу төмөндөйт. Божомолдор боюнча – 10-15% га.

Кадамжай өндүрүштүк-логистикалык борбору расмий ачыла турган 2023-жылдын жазын кубаныч жана толкундануу менен күтүп жатабыз. Анан, албетте, долбоордун ийгиликтүү башталышын каалайбыз!

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа