Ишенимге негизделген ата-энелерден жардам

Парпиев атындагы орто мектеп

Маалымат

Парпиев атындагы мектеп Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан.

Аймактын көбүнчө бөлүгүн тоолуу жана тоо этегиндеги жерлер тузөт. Жайы көбүнчө ысык, кышы орточо суук. Жылдын жылуу мезгили 200-225-күнгө чейин созулат.

Районду Ак-Буура, Куршаб жана Талдык дарыялары кесип өтөт. Аймакта Папан суу сактагычы жана Андижан суу сактагычынын туштүк бөлүгү жайгашкан.

Райондун экономикасын айыл жана мал чарбачылыктары, кеӊ казуу өнөр жайы жана соода-сатык тармагы түзөт. Аймак ϴзбекстан менен чектешет, бул өз ордунда эки тараптык соода жана экономикалык карым-катнашка өбөлгө түзөт. Облусттук борбордун жанында эл аралык «Достук» автожол чегара пункту бар.

Негизинен бул жерде пахта, буудай өстүрүлөт. ϴздөрү үчүн жашылча, картөшкө, май өсүмдүктөрүн, ал эми мал-жанга жүгөрү айдашат.

Башка райондордой эле Кара-Суу районунда тоолуу аймактарынын басымдуулугуна жараша мал чарбачылыгы өнүккөн. Аймактын түндүк бөлүгүндө Кызыл-Кыштак жана Сарай айылдарында малды кошумча каражат табуу үчүн колдонушат. Тоо этектердеги кыштактарда мал чарбачылыгы – кирешенин негизги бөлүгүн түзөт.

Мектеп 1967-жылы курулган. Кийин 1980-жылдары ага кошумча курулуш салынып, ал жерде ашкана жайгашты. 2006-жылдан тартып Улуттук мектеп тамак-аш долбоорунун алкагында ашкананы буфет катары колдонулат да, окуучуларга таттуу токоч менен чай бериле баштайт.

2011-жылдан тартып окуу жайдын аймагында биринчи түзүүлөр пайда боло баштайт. Жапон элчилигинен грант утуп алып, септик жана окуучуларга даараткана салынып, мектептин чатыры алмаштырылды, көлөмү 2 тонна болгон суу сактагыч мунарасы курулду.

2019-жылы мектеп БУУ ДАПтын «Кыргыз Республикасынын мектеп тамак-ашын оптимизациялоо» долбоорунун шарттары боюнча мектеп ашканасын өз күчүбүз менен ремонттоо керектелген. Ошондо мектеп директору Зебиниса Кочкорова жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга оӊдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө жардам сурап кайрылганда, жергиликтүү өкмөт ремонтко 800 000 сом бөлүп берген. Ашканада кафелдер жаӊыланып, түтүктөр салынды. Ата-энелер тамак ичүүчү залга эмеректерди жана идиш-аяк алып беришти.

Мектеп тамак-ашын уюштурууда ата-энелердин катышуусу

Окуу жай мектеп тамак-ашын уюштурууда ишенимдүү колдоосу менен мактана алат.

Мектеп ысык тамакка өткөндөн бери ата-энелер администрацияны активдүү колдоп келишет. Директор жана камкордук кеӊешинин мүчөлөрү (попечительский совет) ата-энелер үчүн чогулуш өткөрүп,  оӊдолгон мектеп ашканасын, сатып алынган жаӊы жабдууларды жана ар бир балага күнүнө бюджеттен бөлүнүп берилип туручуучу (7 сом) каражаттардан түзүлгөн менюну көрсөтүштү. Ата-энелер менюну түрлөш үчүн ар бир окуучуга күнүнө дагы 10 сомдон чогултууну чечишти. Ал каражаттар бюджеттен бөлүнгөн акчага сатып алууга жетишпей жаткан азыктарды (мисалы, эт) сатып алууга жумшалат. Ата-энелер төккөн төгүм  айына орточо 200 сомду түзөт. Ата-энелер каражаттарды камкордук кеӊешинин счетуна которушат. Түшкөн акчаларга тамак-ашка кошумча азыктар гана сатып алынбастан, ашкана ишкерлерине кошумча төлөө жана керек болгон учурда кошумча идиш-аяк сатып алуу үчүн колдонулат. Жарым жылда бир жолу камкордук кеӊеши жалпы мектептик ата-энелер жана окуучулар үчүн чогулуш уюштуруп, коротулган каражаттар тууралуу айтып беришет. Социалдык абалы туруксуз үй-бүлөлөрдүн балдары кошумча төгүмдөрдөн бошотулат.

Төгумдөрдөн тышкары ата-энелер, жергиликтүү айыл чарба ишкерлери, демөөрчүлөр жана мектеп бүтүрүүчүлөрү балдар түрдүү жана пайдалуу тамактарды гана жеши үчүн болгон жардамын көрсөтүшөт. 

Ар бир окуу жылы 600 кичи класстардын окуучуларына кургатылган жемиштерди, жашылчаларды жана картөшкөнү түшүм чогултулгандан кийин жеткирип беришет. 2020-жылы демөөрчүлүк колдоонун аркасында мектеп ашканасы 1 тонна сабизди мектеп тамак-ашы үчүн алган. Ал толук бир окуу жылына жеткен.

Эмеректерди сатып алууга да жардам беришет: дээрлик мектептеги бардык парта жана отургучтар жаӊы. Азыркы күндө ата-энелер жан демөөрчүлөр стадиондун ремонтунда жана футбол талаасын салууга катышышууда. Мектепте ысык тамак-аш долбоорун ишке ашыруу, директор менен камкордук кеӊешинин коротулган каражаттар тууралуу ачык отчеттугунун аркасынан ийгиликтүү өзгөрүүлөр болду да, алар өз учурунда демөөрчүлөр жана ата-энелер менен байланыш түзүүгө жардам берди.

Тамактанууну жакшыртуу учүн мектептеги кошумча чарбачылык 

Мектеп курлганда бери ага таандык 0,2 га менчик жеринде гилас өстүрүлөт (2017-жылы 5000 сомго 20 көчөт, 2020-жылы 50 көчөт алынган).

2021-жылы мектеп Компаньон банкынын «ЭКОСАД» долбоорунда катышып, анын алкагында 40 эргежээл алма көчөттөрүн алган. Мектеп кызматкерлери (завхоз, тех. жумушчулар, биология мугалимдери), ошондой эле жогорку класста окуган окуучулардын тобу бакчылыктын негиздери тууралуу окууну өтүшкөн.

Гиласты 2017-жылы мектеп ысык тамак-ашка өтө электе кошумча киреше алуу максатынада тигишкен. Көчөттөр ата-энелер бөлүп берген каражаттарга алынган. Түшүмдү сатуудан келип түшкөн бардык каражаттар камкордук кеӊешинин фондуна түшүп турат. 2021-жылы гиласты сатуудан 40 000 сом пайда көрдүк. 2021-жылдан баштап БУУ ДАП мектепке байытылган унду жиберүүсүн токтоткондугуна байланыштуу, гиластан түшкөн каражаттарды мектеп ашканасы үчүн ун алууга багыттоо чечими кабыл алынды.

Мектептин кошумча участогунда помидорлор да (камкордук кеӊешинин эсебинен 2021-жылы 500 көчөт отургузулган) өстүрүлөт. 2021-жылдын сентябрь айында алына турган түшүмдү кышында жаӊы жасалган салаттарды жасоо үчүн тоӊдуруу, кургатуу пландалууда. Эгерде ата-энелер төгүмү жок болсо, мектепте тамак-аштын түрдүүлүгүнө азыктарды сатып алууга каражаттар жок болот да, жетпей жаткан акча түшүмдү сатуунун эсебинен толукталат. Азыктар сапатын тастыктаган сертификаты бар жергиликтүү айыл чарба ишкерлеринен сатылып алынат.

Туура тамактануунун жана сергек жашоонун негиздерине окуучуларды жана ата-энелерди тартуу үчүн уюштурулган мааракелер

Мектеп ысык тамактанууга өткөн убакыттан бери кичи класстардын мугалимдери «Коопсуз мектеп» https://safe.edu.kg/about долбоорунун алкагында окуучуларына үзгүлтүксүз туура тамактануу тууралуу класстык сааттарды (34 саат) уюштуруп турушат.

Ысык тамактанууну киргизүүнүн биринчи жылдары ата-энелер үчүн туура тамактануу жөнүндө мааракелер уюштурулуп турган.

Келечекке коюлган максаттар

Директордун пландарында койлорду багуу максаты бар. Ал койлорду кармоого участок бөлүп берүүгө даяр. Бул мектеп тамактануусун түрлөөгө жана мектеп чыгашаларын жабууга жардам берет.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа