ЖҮЗДӨН АШЫК МЕКТЕП АШПОЗЧУЛАРЫ КЕСИПКӨЙ КОУЧИНГ-ТРЕНЕР АЗАТ БӨРУБАЕВДИН ЭКСПРЕСС-ОКУУСУНАН ӨТҮШТҮ

Ден соолукка пайдалуу гана эмес, сырткы көрүнүшү да, даамы да балдарга жагымдуу мектеп тамактарын өз тармагынын кесипкөй чыныгы адистери гана жасай алышат. Дал ушундай ашпозчуларды даярдоо мектеп тамагын оптималдаштыруу программасынын милдеттеринин бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын ашпозчулар ассоциациясынын төрагасы, мектептеги ашпозчулар сынагынын туруктуу куратору Шухрат Шарипов мектеп окуучулары үчүн тамак-аш даярдоочу адамдардын милдети татаал экенин, алар тамак жасоонун технологиясын гана так сактабастан, мектеп менюсун түзүүдө азыктардын оңой табылышын да эске алып, мектептин чектелген бюджетинин чегинде иш кылууга тийиш экендигин баса белгилейт.  Жалпысынан мектептин тамак-ашын даярдоонун көптөгөн нюанстары бар. Ошондуктан «Мыкты мектеп ашпозчусу-2021» сынагынын финалдык этабынын жыйынтыгын чыгарып жатып, Шухрат аймактардагы мектеп ашканасынын кызматкерлери үчүн жеринде сабактарды өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Июль-август айларында SIFI жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын демилгеси менен өлкөнүн алты аймагындагы мектептердин ашпозчулары жана ашкана кызматкерлери мектеп окуучулары үчүн ашпозчулуктун негиздери боюнча экспресс-тренингден өтүштү. Аны өз ишинин чебери аталган, бир жарым миңден ашык жазылуучусу менен өзүнүн кулинардык Youtube-каналын алып барып жүргөн, эң негизгиси, Бишкектеги №10 кесиптик лицейде болочок ашпозчуларга сабак берген Азат Бөрүбаев өткөрдү.

F64A5435.jpg

Мындай курстардын кыска мөөнөттүүлүгүн (эки гана күн) эске алып, бул сабактар аларга максималдуу пайда алып келүүсү үчүн ашпозчуларга кандай билим жетишпей турганын аныктоо керек болчу. Курстардын ар бири мектеп ашканасынын кызматкерлеринин билимдериндеги негизги кемчиликтерди аныктоо үчүн алдын ала тестирлөө менен башталды. Азат Бөрүбаев бул көйгөйлүү маселелердин кеңири талкуусуна акцент жасады.

Мындай ыкма өз натыйжаларын берди. Эгерде алдын ала тестирлөөдө, орто эсеп менен, катышуучулар алган упайларынын 50 пайызына жетпесе, ал эми кээ бирлери мүмкүн болгон максимумдун ондон бир бөлүгүн да ала алышпаса, теориялык сабактардан кийин жыйынтыктар бир топ жакшырган. Эч ким 24 упайдан (туура жооптордун үчтөн биринен) төмөн алган жок жана тестирлөөдөн өткөндөрдүн орточо баллы 45ти же максималдуу баллдын 56%ын түздү.

F64A5496.jpg

Катышуучулардын көпчүлүгүнүн негизги көйгөйү ысык тамак даярдоо боюнча тажрыйбасынын жоктугу болду. Анткени, алар быйыл гана мектепте тамактанууну оптималдаштыруу программасы иштей баштаган мектептердин өкүлдөрү болуп, алардын милдеттеринин бири бардык башталгыч класстын окуучуларын толук кандуу ысык тамак менен камсыз кылуу болуп саналды. Буга чейин мектеп ашканасынын кызматкерлеринин милдеттери кыйла чектелген болгон: чайга суу ысытуу жана окуучуларга кондитердик азыктарды таратуу. Мындай кызматка талапкерлерге коюлуучу талаптар анча деле катуу болбогону түшүнүктүү – курска катышкандардын ар бир сегизинчисинин гана атайын кесиптик билими бар экен. Ошондуктан, мындай экспресс-окутуу ашпозчулар үчүн зарыл болгон.

Жакында болуп өткөн мыкты мектеп ашпозчулары сынагынын тандап алуу этабынын катышуучулары да билимдерин жогорулатуу үчүн Азат Бөрүбаевге келишти. Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын башында Бишкекте өтө турган финалдын жети катышуучусунун экөөсү да бул жерде болду: Чүй областынын Новопавловка мектебинен Айгүл Акбаева жана Талас областынын М.Козубеков атындагы мектептен Бумайра Дандыбаева.

F64A5475.jpg

Албетте, сабактар ​​бир гана теория менен чектелген жок. Биринчи күн тамактануу бөлүмүндө машыгуу менен аяктады. Ашпозчулар тренердин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасындагы мектепте тамактандыруу үчүн даярдалган Рецепттер китебинен тамак жасоону үйрөнүп жаткан процессинде Азат Бөрүбаевден пайдалуу практикалык кеңештерди алышты. «Бардык катышуучулар билим деңгээлине карабастан активдүүлүктү жана сабакка кызыгуусун көрсөтүштү. Бул биздин биринчи окутуубуз эмес эле, мектеп ашпозчуларынын даярдыгынын деңгээли жыл сайын өсүп жатат. Мындай көчмө сабактар ​​жыл сайын өткөрүлүп турса деген катышуучулардын жалпы каалоосу», – деп белгиледи коучинг-тренер.

F64A6201.jpg

Экспресс-тренингдин экинчи күнү бардык катышуучулар практикалык сынак тапшырышты. Ар бири тапшырма жазылган билетти сууруп чыгып, бышыруу технологиясын сактап, керектүү ингредиенттердин көлөмүн туура эсептеп, берилген тамакты өз алдынча даярдоосу керек эле. Мунун өзгөчө маанилүүлүгү – окуучу толук кандуу ысык тамак жеп жана ошол эле учурда ашпозчу, баягы эле, чектелген мектеп бюджетинин чегинен чыкпашы керек эле. Бул экзамендин баасы бардык катышуучулардыкы жогорку деңгээлде болду (орточо упай – мүмкүн болгон 50 баллдан 46 баллды түздү), 141 катышуучунун 16сы максималдуу жыйынтык көрсөтүүгө жетишти.

F64A5557.jpg

Албетте, баалар маанилүү дечи, бирок эң негизгиси тренингдин катышуучуларынын алган билими. Маселен, Чүй областынын Мыкан айылындагы Гүлбарчын Таласбаеванын мектепте жасаган наны бир кыйла даамдуу болуп калды. «Азат Бөрүбаев технологияны колдонуу менен нанды туура бышырганды көрсөттү. Мен азыр баарын тренердин кеңешине ылайык жасайм. Балдар да, мугалимдер да менин кереметтүү даамдуу нанымды баалашты – алар дагы сурап жешет. Бизге ар бир граммды үнөмдөп, даамдуу, пайдалуу жана ошол эле учурда бюджеттин чегинен чыкпаган мектеп тамагын кантип даярдоо керектигин көрсөткөнү абдан маанилүү», – деп Гүлбарчын Таласбаева экспресс-тренингдин жыйынтыгын чыгарды.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа