Жакында ачылган мектеп ашпозчуларын окутуу боюнча Бишкектеги тренинг борборуна Россиядан делегациясы барды

Марттын аягында Бишкекте БУУ ДАП өзүнүн россиялык өнөктөштөрүн жана алардын кесиптештерин кабыл алган: SIFI президентин Владимир Черниговду, Россия Федерациясынын президентинин аппаратынын өкүлдөрүн, агартуу министринин орун басарын, Мордовия Республикасынын билим берүү жана илим министрин, Н.П. Огарёв атындагы Мордовия мамлекеттик улуттук изилдөө университенин ректору Дмитрий Глушкону жана башкаларды.

Акыркы жылдарда Кыргызстанда мектеп тамак-ашын жакшыртууну уюштуруу тармагында бир топ иштер аткарылды; улам дагы көп мектептер ысык тамак-ашка өтүшүүдө, «Жалпы билим берүү мекемелеринде тамак-аш уюштуруу» жөнүндө мыйзам кабыл алынды, алыстагы райондордун мектептеринде сапаттуу тамак-аш даярдоо үчүн заманбап жабдуулардын орнотулууда, квалификациялуу мектеп ашпозчулардын саны көбөйүүдө.

Мектеп тамак-ашын уюштуруу – толук киришүүнү, жоопкерчиликтүү мамилени жана дайыма жакшыртууну талап кылган олуттуу иш. Ошондуктан бул маселеде өлкөнүн башкы жардамчыларынын өкүлдөрү: БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы, анын башкы техникалык өнөктөшү Россиянын тармактык тамак-аш институту (SIFI), жана башкы донор – Россия Федерациясы мектептердеги балдардын тамак-аш шарттарын жакшыртуу үчүн дагы эмне кылса болорун талкуулашты.

Иштин башкы багыттарынын ичинен SIFI президенти Владимир Чернигов Эл аралык мектеп тамак-аш форумун өткөрүү идеясын белгиледи. Мектеп тамак-ашын уюштурууга кыйыр же түз деңгээлде тиешеси бар: эл аралык донорлорду, сферанын адистерин, бийлик өкүлдөрүн, ашпозчуларды – бардыгын бир аянтчада чогултуу аркылуу форум мектеп тамак-аш системасынын деңгээлин жогорулатуу маселеси боюнча көптөгөн суроолорду чечкенге өбөлгө түзөт. 

Ошондой эле жолугушууда Кыргызстандагы БУУ ДАПтын өлкөлүк директору Кожиро Накайдын мектеп тамак-ашын уюштуруу, анын ичинде мектептин бизнес менен кызматташуусу маселелери боюнча тажрыйба алмашуу үчүн Москвага жана Мордовия Республикасына болгон сапарынын маанилүүлүгү боюнча суроону көтөрүштү.

Жолугушуунун кульминациялык окуясы болуп делегациянын өткөн жылдын ноябрында ачылган мектеп ашпозчуларын жана ашкана жумушчуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча өлкөдөгү алгачкы Республикалык компетенциялар борборунуна баруусу болду.

Долбоор Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин жана БУУ ДАПтын аракети, SIFIдын техникалык жардамы жана Россия Федерациясынын финансылык колдоосу менен ишке кирди.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа