Гуманитардык жардамдан да ашкан колдоо: Россия жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргызстандын мектептерин жана аймактарын кантип колдоп жатат?

Кээде эң маанилүү өзгөрүүлөр жөнөкөй нерселерден, маселен, мектепте берилген ысык тамактан, айылдагы оңдолгон жолдон, орнотулган суу түтүгүнөн, өзгөчө колдоого муктаж болгондор үчүн түзүлгөн жаңы жумушчу орунунан ж.б. башталат. Дал ушундай өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгы Россия, Кыргызстан, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Мамлекеттердин базалык уюмдарынын – Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин  окуучуларынын тамактануусу боюнча россиялык Тармактык тамактануу институтунун (SIFI)  кызматташтыгынан улам келип чыккан.

17 жылдык колдоо

17 жыл ичинде Россия Кыргызстандагы гуманитардык жана социалдык долбоорлорго 122 миллион АКШ долларынан ашык каражат жумшады: витаминдештирилген ун жана май түрүндө азык-түлүк жардамын көрсөттү; ирригацияны өнүктүрдү; жолдорду жана көпүрөлөрдү калыбына келтирди; калктуу конуштарды өзгөчө кырдаалдардан коргоп; жаңы жумуш орундарын түздү.

2026-жылы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Россиянын көмөктөшүүсү аркасында Кыргызстанда 7 миңден ашык аз камсыз болгон жарандар тартыла турган 244 долбоорду ишке ашырат.

            Мектептеги тамактануу балдарга жана үй-бүлөлөргө кам көрүү катары

Бул иштин өзүнчө жана өтө маанилүү багыты – мектептеги тамактануу. Азыркы учурда Кыргызстандын 1000ге жакын мектебинде ысык тамак мектеп турмушунун бир бөлүгү болуп калды. Программа акырындык менен өз чектерин кеңейтип, ага бала бакчалар жана кесиптик лицейлер да кошулууда. 2026-жылы дагы 35 мектепти жана 12 лицейди программанын алкагына камтуу пландалууда.

SIFIден эксперттик колдоо жана практикалык чечимдер

БУУнун ДАТП Мектептеги тамактануу программасын өнүктүрүүдө Тармактык тамактануу институтунун (SIFI) эксперттик колдоосуна таянат. Институт адистерди окутууга, мектептеги  тамактануунун туруктуу системасын уюштуруу процессине заманбап ыкмаларды киргизүүгө катышат. Ал мектеп алдындагы чарбаларды өнүктүрүүнү жана мектеп ашпозчулары үчүн компетенциялык борборлорду, жергиликтүү фермерлердин продукциясын мектептеги тамактанууга сактоо, сапатын текшерүү, кайра иштетүү, жеткирүү үчүн өндүрүштүк-логистикалык борборду түзүүнү камтыйт.

Мында программа тамактанууну уюштуруу менен гана чектелбейт. Мектептеги тамактануунун тегерегинде акырындык менен билим берүү чөйрөсү түзүлөт, анда балдар эмне үчүн тең салмактуу тамактануу маанилүү экендигин, тамак-аштын ден соолукка кандай байланышы бар экендигин жана кандай адаттар активдүү жана күчтүү өсүүгө жардам берерин өздөштүрүшөт.

Мектеп окуучулары үчүн дени сак жашоо образы, туура тамактануу жана ал тургай тамак сиңирүү системасынын иштеши тууралуу видеороликтер, анимациялык фильмдер, тематикалык үстөл оюндары, китептер жана календарлар түзүлгөн. Мындай материалдардын жардамы менен маанилүү билимдер балдардын кабыл алуусуна оюн, сюжет, жаркын образдар жана практикалык мисалдар аркылуу жакындайт.

Балдар жана үй-бүлөлөр менен жандуу баарлашууга да абдан зор көңүл бурулат. Мектептерде дайыма интерактивдүү иш-чаралар – спорттук майрамдар, дени сак тамактануу фестивалдары, класстык сааттар, театрлаштырылган оюн-зооктор жана мектептеги тамактануу жумалыгы өткөрүлүп турат. Ар бир иш-чара бир жолку гана акция болуп калбастан, жалпы агартуу иштеринин да бир бөлүгү болушу үчүн аларга атайын методикалык жана таркатылуучу материалдар иштелип чыккан. Мындай иш-чараларга 6,5 миңден ашуун бала катышты.

Программа заманбап баарлашуу форматтарын активдүү колдонот. Балдар жана ата-энелер үчүн онлайн сынактар жана челлендждер, анын ичинде фуд-блогерлер жана нутрициологдор менен биргеликте өткөрүлөт. Мындай ыкма дени сак тамактануу туурасында үй-бүлөнүн тааныш чөйрөсүндө курулай насаат айтуу менен эмес, жеңил жана кызыктуу  формада сүйлөшүүгө жардам берет.

Өзүнчө дагы бир багыт педагогдорду колдоого байланышкан. «Дени сак жашоо образынын негиздери» методикалык колдонмосу Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан иштелип чыгылып, апробацияланган жана колдонууга сунушталган. Бүгүнкү күндө ал мектептерде активдүү колдонулуп, балдар менен ден соолук жөнүндө жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде сүйлөшүүгө көмөктөшүп жатат.

Башталгыч класстардын окуучулары үчүн тапшырмалар, байкоолор жана практикалык көнүгүүлөр аркылуу билимди бекемдөөгө негизделген жумушчу дептерлери даярдалды.

Ата-энелер менен иштөө дагы маанилүү. Алар үчүн онлайн-вебинарлар, “Дени сак жашоо жана туура тамактануу жөнүндө маектешүүлөр” семинарлары, “Бирге даярдайбыз” рецепттер китебин колдонуп пайдалуу тамактарды даярдоо боюнча мастер-класстар өткөрүлөт. Ошондой эле, бүт үй-бүлө үчүн туура тамактануу боюнча практикалык сунуштар камтылган видеолор көрсөтүлөт. Ошентип, программа акырындык менен мектеп ашканасынын жана класстын чегинен чыгып, баланын күн сайын  тамактануу адаттары  калыптанган үй-бүлөлөргө жайылтылат.

Мектептеги тамактануу программасынын бардык иштелмелери менен шилтеме аркылуу толук таанышууга болот.

Программа тууралуу кайдан көбүрөөк билүүгө болот?

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан Тармактык тамактануу институтунун (SIFI) техникалык колдоосу жана Россия Федерациясынын каржылык жардамы менен ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасындагы мектептеги тамактанууну оптималдаштыруу” программасы тууралуу толук маалыматты tamakash.edu.gov.kg порталынан табууга болот.

Бул жерге Кыргызстанда мектептеги тамактануунун өнүгүүсү, мектептер үчүн практикалык чечимдер жана балдардын тамактануусун сапаттуу, туруктуу жана жеткиликтүү кылуу максатын көздөгөн демилгелер тууралуу материалдар топтолгон.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа