БАЛДАР ЖАНА УЛУУЛАРГА ТУУРА ТАМАКТАНУУ ЖӨНҮНДӨ КЫЗЫГУУ МЕНЕН

Май айынын ортосунда Талас жана Баткен областтарындагы алты мектепте үй-бүлөлүк топтор арасында кызыктуу спорттук жана ашпозчулук боюнча мелдештер өткөрүлдү. Орусиянын Тармактык тамактануу институту (SIFI) БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) менен биргеликте уюштурган кампаниянын катышуучулары башталгыч класстын окуучулары ата-энелери менен биргеликте болушту. Ал жыл сайын 15-майда белгиленүүчү Эл аралык үй-бүлө күнүнө тушталды. Мындай кампаниянын максаты балдарга жана алардын ата-энелерине балансталган тамактануу жана анын баланын туура өсүп-өнүгүшүндөгү ролу жөнүндө ойду калыптандыруу болду.

Эки сааттын ичинде ар бир мектепте үч үй-бүлөлүк командалар кулинардык чеберчилик жана балансталган тамактануунун негиздерин билгендерин текшерүү боюнча гана эмес, ошондой эле шамдагайлык жана командалык ынтымак талап кылынган спорттук беттештерде күч сынашты. Мунун баары көрүүчүлөрдүн жигердүү колдоосу менен болуп, алар да сынактын ортосундагы тыныгууда туура тамактануу боюнча суроолорго туура жооп берип, байгелерди утуп алышты.

 “Витаминка”, “Апельсинкилер” же “Абрикоскалар” деген топтордун аттары эле мелдештин кулинардык багытын баса белгилеп турду. Ошондой болсо да, чыгармачыл курамдар четте калган жок. Балдар жана алардын ата-энелери өз топторунун презентациясына фантазиясы менен келишти: бирөөлөрү кооз плакаттарды тартса, бирөөлөрү бий менен презентациялоону ойлоп табышты.

Конкурстук программа блиц-викторина менен башталды – тез жана туура жооп берүү керек болчу. Бардык суроолор тамак-ашка байланыштуу болду. Албетте, катышуучулардын бары эле туура жооп беришкен жок, бирок эми бул сынактан кийин башталгыч класстын окуучулары да организмдеги суюктукту толуктоо үчүн эң жакшы суусундук – бул таттуу газдалган суу эмес, кадимки таза суу экенин билишет, ошондой эле күнүгө жок дегенде, үч порция жашылча жана эки порция мөмө-жемиш жешибиз керек, ал эми картошкадагы пайдалуу С витаминин сактап калуу үчүн аны кабыгы менен жабык меште бышыруу керек.

Теориядан кулинардык практикага өттүк. Мелдештердин биринде топтор берилген азыктардын топтомунан даамдуу жашылча салатын, экинчисинде сергитүүчү коктейль даярдашты. Анын үстүнө, рецепттин оригиналдуулугу жана даамы гана бааланбастан, алардын тамагынын жасалгаланышы жана презентациясы да бааланды – капитан анын пайдасы жөнүндө айтып бериши керек эле. Салаттарды жана суусундуктарды жасоого топтун бардык мүчөлөрү катышты: улуулар жана чоңураак балдар азыктарды туурап, аралаштырып, а эң кичинелери даамын татып көрүп жатышты.

Көрүүчүлөр үчүн «Даамы боюнча тап» жана «Кармап көрүп тап» деген сынактар кызыктуу өттү. Эгерде, кээде мандаринди апельсин менен алмаштырганын эске албаганда, биринчи тапшырманы бары кыйналбай аткарса, ал эми дан азыктарын кармап көрүү аркылуу атын атап жатканда балдар күлкүлүү каталарды кетиришти: кээ бирлери манка менен кантты же перловканы күрүч менен чаташтырышты, ал эми буудайды эч ким аныктай алган жок. Демек бул дан азыктары жергиликтүү үй-бүлөлөрдүн рационунда анчалык популярдуу эмес экени айтылды. Ушундай сынактардан кийин бул кемчилик оңолот окшойт.

Анан, албетте, күйөрмандардын да, катышуучулардын да эң кызуу эмоцияларын спорттук мелдештер жаратып жатты: аркан тартыш жана баштык кийип чуркоо. Бул учурда көрүүчүлөр кол чабууларын да, колдоо кыйкырыктарын да аяган жок. Мына ушундай мелдештерде чыныгы командалык дух көрүнүп турду.

Эч ким сыйлыксыз жана грамотасыз калган жок: бир команда эң кулинардык болсо, дагы бири эң спортчу, ал эми кээ бирөө эң активдүү үй-бүлө катары сыйлыктарды алды. Эң башкысы жеңил оюн формасында балдар рационалдуу тамактануунун жана сергек жашоонун негизги принциптерин үйрөнүп гана тим болбостон, жаңы билимдери менен теңтуштары менен бөлүшө алышат. Чынында эле, негизгиси жеңиш эмес, а катышуу жана билип алуулары болду.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа