Эгерде окуучу танапис үчүн бөлүнгөн убакытта тамак жеп жетишпесе

Балким маселе тамактануу үчүн аз гана убакыт бөлүнгөндөн болуп жаткандыр. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдердерге ылайык балдардын ысык тамак менен тамактануусуна бөлүнгөн убакыт эң аз 20 мүнөт болушу керек. Эгерде балдар ашканага келгенде дасторкон даярдала элек болсо, бул санитардык-эпидамиологиялык эрежелерди жана ченемдерди бузгандык болуп саналат. 

Эгерде ашкана кызматкерлери танапис учурунда дасторкон даярдоого жетишпей жатышса, аларга жашы 14төн жогору болгон окуучулар кезекчи мугалимдин көзөмөлү алдынды жардам бере алышат. Ашкана кызматкерлеринин мектептин баштапкы класстарынын окуучуларын дасторкон даярдоого жардам берүүсүн суранууга укугу жок.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа