Ысык-Көл облусунун мектеп ашпозчулары мектепте ысык тамак берүү боюнча тренингтер өтүштү

29-февралдан 01 мартка чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 16 мектеп ашпозчусу жана ашкана кызматкерлери ысык тамак уюштуруунун эрежелери боюнча окуудан өтүштү.

Эки күндүк экспресс-тренингдин натыйжасында мектеп ашпозчулары ар түрдүү жана аш болумдуу мектеп менюсун түзүүнүн ыкмаларын, коопсуздук техникасынын эрежелерин, ашпозчунун иш оордун уюштурууну, санитардык эрежелерди жана нормаларды үйрөнүштү, мектеп тамактануусунун баардык эрежелерин сактап, салаттарды, ысык тамактарды даярдаганды жана таттуу нан бышырганды окушту.

Тренингдин аягында катышуучулар кетирилген каталарды түшүнүү үчүн даярдалган тамактарды дегустациядан өткөрүштү, ошону менен бирге ашпозчулар өз мектептеринин окуучулары үчүн даярдай турган блюдалардын түрлөрүн үйрөнүштү.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргызстандагы БУУнун ДАТП менен бирге Россиянын тармактык тамактануу Институтунун техникалык жактан колдоосунда жыл сайын мектептердин ашпозчулары жана ысык тамак берилчү мектептердин ашкана кызматкерлери менен
тренинг өткөрүп келет.

2019 – жылы Кыргыз Республикасындагы 186 мектеп ашпозчулары үчүн 12 тренинг өткөрүлдү. Тренингтин окуу материалдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилип кыргыз тилинде өткөрүлөт.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа