Туура тамактануунун алты уламышы бар дегенге ишенбөөнүн мезгили келди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча акыркы эки он жылдыкта кирешеси аз өлкөлөрдүн элинде патологиялык семирип кетүүсү байкалыптыр. Бул ден соолукка байланыштуу көйгөйлөргө алып келет: боордун, жүрөктүн, баш мээнин патологиясынын ылдамдашы..

Ашыкча  салмактын  кошула бериши  – туура эмес тамактангандын  жана пассивдүү жашоо образынын   кесепети.

Ашыкча  салмак –  туура эмес  тамактангандын  бирден бир белгиси  дечи. Начар тамактануу  көптөгөн жылдардан кийин деле  билиниши мүмкүн. Дайым эле адамдар  өз абалын тамактануудан көрө беришпейт.   Зыяндуу тамак көпкө чейин билинбеген менен,  эртедир, кечтир, баары бир өзүн билгизет.

Туура  тамактануудан  жаңылуунун кесепети  өзгөчө ошол өнөкөтүн   балдарына өткөргөн ата-энелер  үчүн каргашалуу. Жылдан жылга биз  баарын “туура акыл” менен жасап жатабыз  деп, эрежелерди сактап келген болуп, организмге  зыян алып келе беребиз. Эгерде интернеттен же тааныштардан  текшерип, тийиштүү булактардан көрүп, бул каргашалуу айланпаны  бузууга болот. Биз бул зыяндуу жана коркунучтуу алты уламышты бузууну  баштоого жардам беребиз

1 – уламыш.   Азыраак май – көбүрөөк  пайда

Куурулган  картошка же  майга бышырылган  пирожкилер, ден соолукка  зыян, бирок, зарыл тамактануунун  элементи. Тап такыр май жок болсо  да болбойт. Ал мээге жана нерв системасына  керек. Майы жок метаболизм иштебейт, витаминдер  аш болбойт, гормондор иштелип чыкпай калат.

Каныккан  трансмайларда( трансжиры)    ден соолукка чынында зыян келтирет,  ал эми – жумуртканын сарысы, буудайдын  жана башка дандардын кебеги, данектер, муздак  сыгылып алынган суу май, балык – ченелүү өлчөмдө  керек.   

2 – уламыш.  Чийки азыктар  бышкан азыктан пайдалуурак

Баары  тең бирдей  эмес. Кээ бир  жер жемиштерде чийки  кезде , мисалы баклажанда  жана фасолдо уу заттар бар.  Алар термикалык иштетүүдөн кийин  гана зыянсыздалат. Мындан сырткары,  чийки заттарда кесек клетчаткалар бар,  алар чийки бойдон аш болбойт.

Бул  бүтүм  чийки заттарды  жегенди токтошуш  керек дегендикке жатпайт.  Бышырылгандардан да этият болуш  керек. Мисалы, сабиз менен кызылчадагы  пайдалуу минералдар бышырылгандан кийин   алда канча жакшыраак аш болот.

3 – уламыш.  Балдар козу карындарды  жесе болот

Баланын  организми  козу карындардагы  белокторду иштете турган  тийиштүү ферменттерди чыгара  албайт. Ошондуктан балдардын рационунан  козу карындарды чыгарып алыш абзел.

4 – уламыш.  Жемиштерди чексиз  жей берсе болот

Сөзсүз  жемиштер  организмге  керек маанилүү  заттардын булагы.  Бирок баарынын чеги  бар. Жашылчалардын артыкчылыгы  болуш керек, алар башка жемиштерден  пайдалуураак. Жашылчалар башка жемиштерге  караганда эки эсе көбүрөөк болуш керек.

5 – уламыш.  Ширелерде пайда  жана витаминдер көп

Жемиштер  пайдалуу сапаттарын  өзүнүн ар бир абалында   сактай алат деген түшүнүк бар.   Чынында андай эмес. Азыктын натуралай  түрү пайдалуураак. Ширесинде клетчатка жок,  витаминдер да азыраак. Пакеттелген нектарларда   мындан сырткары консерванттар жана азыктык кошумчалар  бар.                                           Таза сууну көбүрөөк ичиңиз.   

6 – уламыш.  Арпанын акшагы (хлопья) – эң жакшы  таңкы тамак

Арпанын  акшагын (хлопьяларын) –  балдар үчүн да, чоңдор үчүн  да эң туура таңкы тамак деген  жарыялар өтө эле көп. Бирок, алар  эмнеден даярдалаарын билгендер аз. Геркулес  арпадан даярдалат. Тамакка даярдоо процессин ылдамдатуу  максатында, арпаны а дегенде буулантат. Таза арпа бир саатча  кайнатканда гана даяр болот. Ал эми геркулес, кайнак суу куюп туруп,  бир аздан кийин ботко кылып берилет.

Бүтүн  данда баардык  витаминдер, микроэлементтер  сакталат, ал эми буулантканда  оңой аш болот да, денеде ашыкча  май болуусуна алып келет.

Бүтүн  дандан даярдалган  ботко эң жакшы, бирок  даярдоого көп убакыт кетет.  Дүкөндүн текчелеринен акшактын“  Экстра” № 1 дегенин тандагыла. Бул  клетчатканы көбүрөөк кармаган эң кесек  жана пайдалуу акшактар.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа