Сиз Көзөмөлчүлүк кеңеш аркалуу мектептеги тамактандырууну жакшырта аласыз

Кыргыз  Республикасынын  “Билим берүү” жөнүндөгү  мыйзамына ылайык,  Көзөмөлчүлүк  кеңеш  гана  каражаттарды  тартып келиши  мүмкүн: ата-энелерден  ыктыярдуу кайрымдуулук, ошондой  эле мектепке жардам берем деген  жаран, ошондой эле уюмдар. Бул директор  да, окуу бөлүмүнүн башчысы да, окутуучу жа  ата-энелерден акча чогулта албайт.

Көзөмөлчүлүк  кеңеш эмне иш  кылат?

Көзөмөлчүлөрдүн  негизги милдети –  кошумча каражат чогултуп  жана аны бөлүштүрүү. Көзөмөлчүлүк  кеңеш ММК, социалдык сеттер аркалуу  ата-энелерден мектепке кайсы максатка кошумча  каражат керек экендиги жарыяланат. Ар бир каалаган  жак Көзөмөлчүлүк кеңешинин бет эсебине акча которуп бере  алат.

Көзөмөлчүлүк  кеңеш канча каражат  чогулду, кандай максатта  жумшалды деп отчет берип туурушу  керек. Отчет мектептин сайтына, ММКна  берилет, ар бир кызыккан жак тааныша алат.  Мектептин сайтына мындан башка да иштер боюнча  маалымат берилип турат.

Көзөмөлчүлүк  кеңешти түзүү

Кыргыз  Республикасынын    “Көзөмөлчүлүк кеңеши”  жөнүндөгү мыйзамга, Көзөмөлчүлүк  кеңешти директор жана ата-энелер биригип түзүү алат.
Эгерде  Көзөмөлчүлөр  кеңеши мурунтан  бар болсо, мектептин  ысык тамакка өтүүсүнө байланыштуу  Сиз ошонун ишине катышсаңыз болот.
Эгерде  мектепте  андай кеңеш  жок болсо, аны  түзүү боюнча сунуш  менен мектептин директоруна  кирсеңиз болот.

Кандай Көзөмөлчүлүк  кеңешти түзүү керек?

а) Кеңеш  түзүш үчүн  директор комиссия  чогултат. Комиссияга  чиновниктер, муниципиаалдык  кызматчылар, жарандар, мектепте  же коомдук уюмдарда иш тажрыйбасы  бар адамдар, ишкерлер, илимий кызматкерлер,  маданият жана социалдык тармактын кызматкерлери,  ата-энелер комитеттеринин өкүлдөрү кирсе болот.

б) Көзөмөлчүлөр  комитетин түзүү боюнча  ММКнын, жана мектептин сайтына  кулактандыруу берилет.  

в) Кулактандыруу  берилгенден кийин  30 күндүн ичинде Комиссияга  кире турган уюмдар Кеңешке өз  кызматкерлерин сунуштайт.   

г) Комиссия  Көзөмөлчүлөр кеңешине  өкүлдөрдү тандап, курамды  бекитет. Жергиликтүү мамлекеттик  администрация, жергиликтүү кеңеш жана  мектеп ага макулдугун бериш керек.

д) Көзөмөлчүлөр  кеңешинин курамы   15 адамдан ашпаш керек.

е) Мектептин  Уставына өзгөртүү  киргизип, Көзөмөлчүлөр  кеңеши жөнүндө Жобо иштеп  чыгыш керек, бул жерде Кеңештин укуктары жана милдеттери көрсөтүлүш керек. Кеңеш бир жылга иш план иштеп чыгат жана бекитет.

Көзөмөлчүлөр  кеңеши:  

  • Кеңештин  курамынан мисалы,  мектептеги тамактануунун  сапатын текшере турган комиссияларды  түзөт;  
  • мектептин  ашканасынын ишине  мониторинг жүргүзүп,   ишин жана рациондун сапатын  баалаш үчүн жумушчу топторду түзөт;
  • мөөнөтүнөн  мурда Кеңешти  төрагасын жана башка  мүчөлөрүн кайра шайлайт.

Көзөмөлчүлөр  кеңешинин ишине  катыша алабы?  


Коомдук  уюм өз өкүлүн  мектептин директорунун алдындагы  Көзөмөлчүлөр  кеңешинин ишине  киргизүү тууралуу  кайрылса болот. Комиссия  сунуш кылынган  кандидатураны карап  көрүп, жооп бериш керек. Коомдук  уюмга отказ бериши  мүмкүн. Мындай учурда  КУ экинчи жолу ошол  эле кандидатураны  экинчи жолу сунуш кыла  алат.  Комиссия  үч күндүн  ичинде кандидатураны  Кеңештин мүчөсү кылып бекитет.

КУ  өкүлү  Кеңештин  мүчөсү катары  баардык артыкчылыктар  менен пайдалана  алат:

– көзөмөлчү  макамында мектепте  өткөрүлүүчү жыйындарга  катыша алат;

– Совет,  айылдык кеңеш  ана мектеп түзгөн  комиссиялардын, жумушчу  топтордун мектептин ишин  жакшыртууга байланыштуу комиссиялардын  ишине катыша алат.

Ата-энелер  Көзөмөлчүлөр  кеңешине салым  кошууга милдеттүбү?

Салымдар  ыктыярдуу,  ата-энелерди  салым кош деп  милдеттендире албайт.  Мыйзамда салым  кошпой турган ата-энелердин  баардык категориялары  аталган: мүмкүнчүлүгү  чектелген балдарды баккан, камкорчулар,  мүмкүнчүлүгү чектелген  ата-энелер, бала багып алган  үй-бүлөлөр,  багуусуз калган  жетим балдарды баккандар.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа