Организмдеги кальцийдин жетишсиздигин кантип болтурбайбыз

Эгерде биз адамдын өсүш процессин үй куруу менен салыштырсак, анда сөөктөн турган биздин скелет – бул көтөрүп турган конструкция, анын негизги курулуш материалы – кальций жана фосфор.

Сөөктүн  өсүшү үчүн  кальцийдин зарылдыгын  баары укса керек. Ошондой  болгон менен, бүт дүйнө жүзүндө  кальцийдин жетишпездиги жана аны коштогон  оорулар тынчсызданууну жаратып келет.Австралиянын  статистикалык бюросунун маалыматы абалы өтө тынчсыздандырган  абал боюнча калып келе жатат. Австралиялык статистикалык бюронун  маалыматы боюнча, дүйнөдөгү ар бир экинчи эркек жана экинчи аял адатка  айланган кальцийдин жетишсиздигине кабылган.

Кальцийдин  жетишсиздиги  остеопороздун,  рахиттин өнүгүшүнө,  скелеттин калыптануусунун  бузулушуна, булчуң тарамыштарынын  түйүлүшүнө, сөөктүн оорусуна (ичкергенинен),  минималдык травмадан патологиялык сыныктарга,   тиштердин бузулушуна, эс тутумдун начарлашына жана  аритмияга алып келет

Диетабы  же БАДбы (биологиялык  активдүү кошулмалар)

Өз  алдынча  эле кальцийи  бар витаминдердин  комплексин ала бериш -начар  идея. Таблеткалар менен суткалык  чектен ашып кетиш оңой.  

Эң  мурда  тамактанууну  тартипке салыш  керек. Тамак азыктарынан  алган витаминдер жана минералдар  витаминдүү комплекстерге караганда алда  канча коопсуз экенин жана жакшы аш болоорун  унутпаш керек.

Бүткүл  дүйнөлүк  саламаттыкты  сактоо уюмунун  сунушу боюнча кальцийдин  оптималдуу күндүк нормасы 7 жаштан  9 жашка чейин 700 мг, 10 жаштан 18  жашка чейин – 1300 мг.   

100 гр катуу  сыр – күндүк керектөөнүн  теңи.

100 гр  апельсинде  35 мг кальций  бар, 100 гр курагада  – 170 мг, 100 гр кунжутта – 1100  мг.

Жалгыз  кальций менен  эмес.

Кальций  – татаал  минерал, анын  жетиштүү санын тамак  менен ала бериш, ал толугу  менен аш болду дегендикке жатпайт.  Мисалы, кээ бир эндокриндик патологиялар,  бөйрөктүн жана тамакты аш кылуучу органдардын  ооруларыны (өзгөчө ашказан ширесинин кычкылдуулугу төмөн  болгон шартта) бул заттын сорулуп кетишине тоскоол болот.   

Кальций  “жардамчылардын”  кошуна болушу менен  жакшы аш болот. Алардын  ичинде – фосфор жана магний.  Кальций – фосфордун оптималдуу катышы ,  кальций – магний сыяктуу эле, – 2:1 ге (мында  кальций эки эсе көп),   

Кальцийдин  канга сиңишин  камсыз кыла турган  Д жана А витаминдери.  Бул витаминдердин жетишсиздиги  сиздин кальцийди толтуруу боюнча  баардык аракеттериңизди жокко чыгарып  коюшу мүмкүн.

Теңдештирилген    жана ар түрдүү тамактанууга  аракет кылыңыз, балдарыңыздын тамактануусуна  көз салыңыз. Балдарыңыздын сөөгү жан тиштери  бекем болгону – сиздин аракеттериңизге сыйлык катары  караңыз.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа