Кышында жана күзүндө жашылча жемиштерди туура сактоо. Тамак жасоодо витаминдерди жана пайдалуу микро- жана макроэлементтерди кантип сактаса болот?

Адам витаминдердин көбүн жана пайдалуу микро- жана макроэлементтерди тамак-аштан алаары бардыгыбызга маалым. Бирок чийки азыктар камтыган витаминдердин көлөмү менен бышырылган азыктардагы витаминдердин көлөмү бирдей болбогонун эске алышыбыз керек. Ошондуктан сиздерге азык-түлүктү сактоодо жана бышырууда көбүрөөк витамин жана микроэлементтерди сактап калуу тууралуу айтып берели.

Витаминдерди жоготуунун негизги себептери:

● Күн нуру жана аба

Витаминдер күн нурунан терс таасирленип, бузула баштайт. Өзгөчө күндүн нурунан жалбырактуу жашылчалар (көк чөптөр, шпинат, пияз) тез бузулат, ошол себептен аларды салкын жерде сактоо сунушталат, эң ылайыктуусу – муздаткычта аларды атайын
жасалган текчеде сактоо.


Негизи эле бардык чийки азыктарды караңгы жерде сактоо сунушталат, анткени жарык майдын кычкылдануусун тездетет, жашылчалардын өнүүсүнө алып келет, алардын даамын, жытын жана түсүн өзгөртөт.

Абадагы кычкылтек дагы кээ бир азыктарга терс таасирин тийгизет. Ошондуктан майда эрүүчү E жана А витаминдерин камтыган өсүмдүк майын жана каймак майын ачык абада калтырууга болбойт. Өсүмдүк майын оозу жабык бөтөлкөдө сактоо керек, аны муздаткычка салуу абзел эмес. Ал эми каймак майын үстү жабык түрдө муздаткычта сактоо зарыл, аны тоңутууга же эритүүгө болбойт.

Көбүрөөк витамин сактап калуу үчүн чийки азыктарды, өзгөчө жашылча жемиштерди колдонордун же бышырардын алдында гана кесүү керек.

● Тоңдуруу жана эритүү

Температуранын тез өзгөрүшү менен дагы азыктардагы витаминдер бузула баштайт. Ошондуктан азыктагы пайдалуу заттарды сактап калуу үчүн аларды дайыма бирдей температурада сактаныздар. Мындан сырткары, эритүүдө көптөгөн азыктар чоң көлөмдө суу жоготот, суу болсо өз учурунда сууда эрүүчү витаминдерди жана микроэлементтерди жууп кетет. Ошол себептен улам, сорпо жасаганда кайнап жаткан сууга эритилген азыктарды салуунун ордуна, тоңутулган азыктарды салуу пайдалуураак болот.

● Тамак бышыруу

Тамакты кууруп жасоо витаминдердин сакталышын азайтат. Кууруп жатканда жогорку температурадан улам май кычкылданып, майда жана куурулуп жаткан азыктарда камтылган витаминдер бузулат.

Тамак бышыруунун эң коопсуз ыкмалары — бууга же духовкада бышыруу. Эгерде картошка кууруп жатканда, картошкадагы белоктун жана картошканын сырткы катмарындагы витаминдердин көлөмү 40%га азайса, духовкада бышырууда 10-20%га азаят. Жашылчаларды мүмкүн болушунча бүтүн бойдон, кабыгы менен бууга бышыруу
сунушталат.

Жашылча жемиштерди бууга бышырууда, болушунча көбүрөөк витаминдерди сактап калуу үчүн төмөнкү эрежелерди колдонуңуздар:

  1. Азыктарды өтө көп кайнатпаңыз, анткени көп убакыт кайнатканда витаминдер жоголот. Мискейге азыктарды салып жатканда, ар бир азыктын бышуу мезгилине жараша кезеги менен салыңыз. Мисалы, шорпо жасап жатканда алгач эт салынат, андан соң тамыры жемиш өсүмдүктөр жана эң аягында жашылчалар салынат.
  2. Азык-түлүктөрдү кайнатууда алардын жабык болуусу маанилүү.
    Азыктарды толугу менен суу каптап турушу керек. Мискейдин капкагы бекем жабылып, көп ачылбашы керек. Тамакты улам-улам аралаштырбаңыз жана катуу отто кайнатпаңыз, тамак акырын кайнашы керек. Катуу кайнатканда суюктук тез бууланат, кошумча суу куюу тамактын даамын гана бузбастан, андагы пайдалуу заттарды да азайтат.
  3. Азыктар кайнатылган сууну төкпөңүздөр. Ал сууда баалуу минералдык заттар жана витаминдер камтылат. Мисалы, ал сууну колдонуп сорпо жасасаңыз болот.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа