Кыргызстандын мектептеринде ден соолуктуу тамактануу боюнча майрамдары өттү

Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) жана орусиялык “Тармактык тамактануу институту” (SIFI) менен биргеликте уюштуруп жаткан “Туура тамактануу отряды” атту долбоор мектептерге сапар алды. 2019 жылдын 4-6 декабрында “Туура тамактануу отряды” Чүй облусунун алты мектебинде туура тамактанууга арналган балдар үчүн майрамдарды өткөрүштү. 

Иш-чаранын негизги идеясы – башталгыч мектептеги балдарды туура тамактануу темасына кызыктыруу жана рационалдуу тамактануу, гигиена жана сергек жашоонун негиздерин үйрөтүү. 

 “Жакшы тамактануу – бул жакшы бензин сыяктуу, ансыз жарышты эч качан утпайсың. Ошондой эле бизге сергек жана ийгиликтүү жашоо сүрүш үчүн сапатту жана пайдалуу тамактануу зарыл, – деп БУУ ДАТП-нын Кыргызстандагы директору Андреа Баньоли билдирди. – Мындай интерективдүү, жөнөкөй, шаң, жана ошондой эле билимдүү демилгелер балдарга туура тамактануунун адаттарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет”. 

Майрамдар өткөрүлө турган учурда, Жайыл, Москва жана Ысык-Ата райондогу алты мектептин ортосунда кичинекей автобус жүрдү. Капитан Рацион жана анын Витамин жардамкерлеринен турган отряд балдарга оорулардан өздөрүн сактаганга, туура өсүп өнүккөнгө, жакшы окуганга, спортто ийгиликтерге жетишкенге жардам бере турган алты өнөр үйрүштү.

Туура тамактануу жөнүндө оюндар кызыктуу квест формасында өткөрүлдү.  Квесттин ар бир этапында – оюн станцияларында – балдар балансталган рацион менен таантырлды жана алардын өспүрүм организмине негизги керектүү витаминдер жөнүндө билим алышты. Капитан Рацион жана анын Витамин жардамкерлери балдарга күндүн режими менен жүргөндү, пайдалуу жана зыян азыктарды айрымалаганды, колду туура жууганды жана даамдуу тамактарды жазаганды үйрөнгөнгө жардам беришти. Квест балдарга рационалдуу тамактануунун негиздерин оңой формада түшүндүрүп берди.   

Туура тамактануу боюнча майрамдарды өткөрүү идеясы, БУУ ДАТП жана SIFI менен бирге Бишкектеги мектепте туура тамактануунун жумалыгын өткөрүп, андан кийин маштабты кеңейтип өлкөдөгү алгачкы туура тамактануу боюнча Фестивалын өткөргөндө келген. 

Бул майрамдар бир жолкулук иш-чара эмес – мектептер туура тамактануу жөнүндө кошумча сабактарды өткөнгө ошол эле методологияны колдонсо болот.

Майрамдар мектептерде тамактануунун оптималдаштыруу долбоордун алкагында өткөрүлүшөт. Бул долбоордун жардамы менен 640 мектепте 200000-дей башталгыч мектеп окуучулары ысык тамак ичишет. 

БУУ ДАТП мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу программасын SIFI-нин техникалык колдоосу жана Россия Федерациясынын каржылоосу менен 2010-жылдан бери ишке ашырып келе жатат. Долбоордун жакшы натыйжалары, коомдун, өкмөттүн жана донорлордун кеңири колдоосу 2022 жылга чейин  Кыргызстандын ар бир мектебин ысык тамак менен камсыз кылуу максатын койгонго мүмкүнчүлүк берет.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа