Кыргызстанда “Эң мыкты мектеп ашпозчусу 2020” конкурсу аяктады

Өткөн  жылдын ноябрь  айында Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министрлиги  БУУнун ДАТП жана Россиянын тармактык  тамактануу Институту техникалык жардамы менен  мектеп ашпозчуларынын арасында өлкө боюнча конкурс  жарыялаган.

Конкурс  бир нече  этап менен  өттү. Тандоо  конкурсу  – баардык  мектеп ашканаларынын  каалаган ашпозчулары бул  кесипке кантип келип калгандыктары  тууралуу аңгемелерин жиберишкен. Облустук  – 35  автор мектептердеги  тамактандыруу боюнча өзгөчө  айырмаланган жана кызыктуу жаңы  блюдалардын рецептерин табышкан. Финал –  кызыктуу  жасалышы менен  айырмаланган 5 автор  финалист болушту: Павлова  Наталья (Ысык-Көл облусу), Базаркулова  Анара (Талас облусу), Жумаева Чынара (Ош  облусу), Абдуллина Амина (Чүй облусу), Ыбыкеева  Клара (Чүй облусу).

Жеңүүчүлөр  Бишкекте өтө  турган жыйынтыктоочу  иш чарага чакырылышат.  Финалдык программада конкурсанттарды  мектептеги тамактандырууда блюдаларды даярдоого  карата коюлган талаптарды билиши боюнча викторина,  ошондой эле ашпозчунун потенциалын жана жөндөмүн тастыктаган  кулинардык таймаш күтөт. Бул сынак 2020 – жылдын эң мыкты мектеп  ашпозчусун аныктоого жардам берет. Тандоодо ардактуу жоопкерчилик жүктөлө  турган калыстар тобуна кесипкөй технологдор жана ашпозчулар сыяктуу эле, башталгыч  класстардын окуучулары дагы кирет. Ошолор үчүн мектептик тамактануу уюшулуп жатпайбы.

Конкурстун  башкы идеясы –  мектеп ашпозчусу  кесибинин даражасын  көтөрүү, ошондой эле  мектеп ашпозчуларынын кесиптик  деңгээлин арттырууга өздөрүн шыктандыруу.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа