“КР жалпы билим берүү мектептеринде окуучуларга тамак берүүнү уюштуруу жөнүндөгү” мыйзамына кол коюлду

2019 – жылдын 6 – декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Парламенти 23 – октябрда кабыл алган “КР жалпы билим берүү мектептеринде окуучуларга тамак берүүнү уюштуруу жөнүндөгү” мыйзамына кол койду.

Мектептерде ысык тамак уюштурууну өзүнчө мыйзам долбоор катары бекитүүнү КР  билим берүү жана илим министрлиги сунуштаган.

Мыйзам  “окуучуларды тамактануусу “  деген түшүнүктү жана мамлекеттик, муниципалдык жана жеке мектептердин баштапкы класстарында ысык тамак уюштурууга болгон талаптарды аныктайт. 

Документте ысык тамакты уюштуруу боюнча милдеттер аныкталган. Алардын эң негизгилери: –  сапаттуу, топуктуу жана коопсуз тамак-аш менен камсыздоо, ошондой эле тамактануу режимин сактоо жана туура тамактануу  көндүмдөрүн окуучулар тарабынан өздөштүрүүсү.

Мыйзам  мектепте ысык тамак уюштуруу шарттарын жана аны каржылоо булактарын камтыйт:

  • республикалык бюджет;
  • ата-энелер же донорлор тарабынан өз ыктыяры менен бөлүнгөн каражат; 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары. 

2013-жылдан тартып Россия Федерациясынын жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын(ДАТП) каржылык көмөгүнүн жана россиялык Тармактык тамактануу институтунун (SIFI) техникалык колдоосунун негизинде өлкөнүн мектептеринде ысык тамак уюштуруу жайылтыла баштаган.  Мыйзам  ысык тамак уюштурууну каалаган ар бир мектепте аны жаңы мыйзамга ылайык ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. 

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа