Овсянкабы, Сер! Же түрлөнтүщ чүн башкасын тандайбызбы?

Ботко – бүгүнкү ашкананын эң сакалдуусу. Бул жөнөкөй тамак качан, биздин рационго ушунчалык эрте киргендиктен, баары эмнеден пайда болгонун эч ким айта албайт. Археологдордун айтымында ал миңдеген жылдар мурда адамдар дыйканчылык кыла баштаган убакта башталган имиш.

Илгери  ботко дастаркондо  такай өз оордун ээлеп  келген. Ал дыйкандын да  таңкы тамагы жана падышанын  да той тамагы болгон. Бүгүнкү  күндөргө чейин популярдуу болуп келген  майрамдар – Нооруз, Жаңы жыл дагы бул  топуктуу тамаксыз өтпөйт. Аны анда ботко дешчү.

Бүгүнкү  күндө өтө  эле көп ар  кандай тамактардын  арасынан ботко экинч  планга өтүп барат. Ресторандардын  дасторкон үзүрүнүн тизмесинде ал жок.  Аны майрамдык дасторконго да кошпой келишет.

Анткен  менен, бышырылган  акшакка эмнени гана  кошсо болбойт: жашылча,  жемиш, мөмөлөр, эт, деңиз  азыктары, сыр, каймак майы же  суу май, сүт – анын баары тең  өтө пайдалуу жана ушундай кошулмалардын  натыйжасында – ар түрдүү.

Акшакта  организмдин  жашоо кечиришине  пайдалуу көп сандагы  аш болумдуу заттар бар.

Акшактарда  иш жүзүндө баардык алмаштырылгыз  аминокислоталар бар, курамы боюнча  мал азыктарынан алынуучу белокторго окшогон  өсүмдүк белоктору көп. Каныкпаган майлуу кислоталарды   камтыган углеводдор да бар, – крахмал, липиддер. Курамында  В витаминдер группасы, минералдык заттар: магний, темир, фосфор,  селен, калий да бар. 

Мектептик  эртең мененки  тамактандырууда ботко  – эң мыкты вариант. Бат,  оңой даярдалат, окуучуга зарыл  болгон энергияны камсыз кылат. Эгерде  аны даамдуу даярдаса, окуучулардын маанайын  да көтөрөт.

Боткону  кандай даярдаш  керек. Сөзсүз түрдө  көнүмүш болгон сүткө бышырган  түрүн эле жасаш керекпи? Андай  деле эмес. Кыргыз Республикасындагы   мектеп тамактануусунун Рецепттер китебинде  көптөгөн түрлөрүн тапса болот. Мисалы оригиналдуу  рецепт – эт кошкон гречка боткосу!

Тамактануу  боюнча адистер  жана диетологдор  гречканы өзгөчө бөлүп  карашат. Азыктуулугу жана  аш болумдуусу боюнча ал акшактардын  бардык түрлөрүнөн ашып түшөт.

Бул  гречка  боткосунун  жөнөкөй жана  өтө пайдалуу рецепттин  ар бир мектеп ашпозчусу  жана баласынын саламаттыгын  каалаган ар бир эне жакшы билет.

Эт  кошкон  гречка боткосу

4  порциянын  ингредиеттери:

Уй  эти –  200 гр

Гречка  акшагы – 300  гр

Суу  – 500  мл

Тоголок  пияз – 1  даана

Туз  – даамына  жараша

Кантип  даярдаш керек:

Этти 2.5х2.5 см өлчөмүндө   кубиктерге кесүү.

Ысык  суу куюп  жарым бышканга  чейин кайнатып, чий  көбүгүн алып таштоо..

Этке  кесилген  пиязды, тузду,  акшакты кошуп, азыраак  тапка , сууну акшак соруп  алганча кайнатуу. Боткону аралаштырып,  үстүн капкагы менен жаап коюу зарыл. Өчө  элек тапка калтыруу.

Күлүп- жайнап  келип балага тартуулоо.

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа