Мектеп менюсу кандай көрүнөт?

Меню  – балдарга  сунушталган тамактардын,  закускалардын, кулинардык азыктардын, суусундуктардын  тизмеси. 

Меню  ашпозчу  тамактандырууга  жооптуу кызматкер,  медайым менен эки жумага  бир түзүлөт. Менюну мектептин  директору бекитет. Андан кийин меню  окуучулар жана ата-энелер билип туруш үчүн, атайын  маалымат тактасына бир жумага илинет.

Мектептин  менюсу кандай  брлуш керек?

  • Ысык  тамак жумасына  үч жолудан кем эмес  берилет (эгерде мектепте  ысык тамак бар болсо).
  • Жума  ичинде  блюдалар  кайталанбаш  керек.
  • Тамак  даярдоодо   йоддолгон гана  туз пайдаланылат.
  • Күнүгө  байытылган  ундан бышырылган  нан же булочкалар  берилет.
  • Жумасына  эч болбосо  бир жолудан тууралган  жаңы жашылчалар, жаңы же  бышырылган жашылчалардан салат,  же болбосо бир порция же андан  көп жемиштер берилет.  
  • Жумасына  менюга бир  жолудан кем эмес  эт, балык, тоок эти  же жумуртка кошулат
  • Күнүгө   буурчактар, макарон, же  акшак берилет.
  • Жумасына  1-2 жолу сүт, сүт  азыктары жана сүттүн  кычкыл азыктары берилет.
  • Кондитердик  азыктарды жумасына  бир жолудан ашык эмес  кошуш керек.
  • Суусундукка  газдалбаган таза  суу, майлуулугу 3.2  проценттен ашпаган сүт,  жемиштин же жашылчанын ширеси,  компот, кисель берилет.
  • Окуу  күнү бою  балдар иче  турган жетиштүү  таза суу жеткиликтүү  болуш керек.

Меню азыктардын сезондуулугу жараша түзүлөт, себеби блюдалардын баасы ошого жараша болот.

Эгерде  ата-энелер  же демөөрчүлөр  ыктыярдуу түрдө   салым кошушса, же мектептин  ашканасында даярдатып берүү үчүн  азыктарды алып келип беришсе, анда  блюдалар да ар түрдүү болмок.

Меню  түзгөндө  балдардын жактырган  тамактарын же ата-энелердин  каалоолору эске алыныш керек.

Окуучуларга  кайсы тамак жагаарын  кантип түшүнөбүз.

Класс  жетекчилер жана  ашкана кызматкерлери  балдардын жүрүш турушуна, алардын  блюдого болгон мамилесин, мындайча айтканда,  тамактын желишине баа берип, байкоо жүргүзүшөт.  Эгерде тамактын көбү желбей, табакта калып жатса,   анда ал тамак балдарга жаккан жок. Аны башка тамакка  алмаштырыш керек. Сиз дагы мектептин ашканасында кайсы тамактын  болушун каалаганыңызды билдирсеңиз болот. Ан үчүн Сиз анкетанын суроолоруна  жооп беришиңиз абзел. Аларды жооптуу адамдар чогултуп, талдап, жыйынтыгын мектептин  директоруна жана ата-энелердин чогулушуна (Көзөмөлчүлөр кеңешинин жыйынына) берет.

Сурамжылоонун  болжолдуу анкетасы

 СурооЖООП
2Сиз  балаңыздын  мектепте тамактанышына  канчалык кызыгасыз? 
 Күнүгө 
 Кээде 
 Кызыкпаймын
 
3Сиз  мектептин  ашканасындандагы  тамактанууну текшерип  жүрөсүзбү? 
 Ооба,  дайма (канчалык  тез-тез____________________) 
 Ашканаг  келбеймин 
 Аракет  кылдым, бирок  киргизишкен жок.  Ким киргизбеди, тактаңыз. 
 Каалайм,  бирок мүмкүн  экенин билбептирмин 
 Сиздин  жообуңуздун  варианты 
4Балаңыздын  тамактануусу  тууралуу маалыматты  кайдан аласыз? 
 Класс  жетекчиси  маалымат берет 
 Балам  айтып берет 
 Маалымат  тактасынан 
 Сиздин  жооптун варианты 
5Сизин  балаңыз  мектепте канчалык  бат-бат ысык тамак  ичип жүрөт? 
 Күнүгө 
 Жумасына  2-3 жолу 

Сиздин жооптун  варианты
6Мектептин  менюсунан сиздин  балага кайсы тамак  жагат? 
 Атап  бериңиз 
 Мага  айтпайт 
 Тамактын  баары жакпайт,  канааттанбай жейт 
7Мектепте  тамактануунун эмнесин  өзгөрткүңүз келет? 
 Тамакты  ысык берип  турушса 
 Менюну  өзгөртсө ( эмне  кошкуңуз келет) 
 Балдарга  жемиштерди  беришти 
 Тамакты  куйгандар  кол кап кийишсе. 
 Тамакты  куйгандар  кол кап кийишсе. 
 Сиздин  вариант 
 Эч нерсе   
8Балдардын  рационунда төмөнкү  тамактар болсу деп эсептейсизби? 
 Богоктуулар  (буурчакх, фасоль,  нокот, чечевица) 
 Балыктан  жасалган блюдо 
 Быштактан  жасалган блюдо 
 Жумурткадан  жасалган блюдо 
 Сүттөн  жасалган  ботко 
 Сиздин  вариант 
9Столдун  жасалгаланганышына  жана абалына ынанасызбы? 
 Ооба 
 Жок 
 Сиздин  комментарий 
10Сиздин  балдардын  мектепте тамактануусуна  эмне өзгөртүү киргизгиңиз  келет? 
 Атап  бериңиз 

 Ысык тамак берген мектептеги менюнсунус мисалысы

Төмөндө ысык тамак берген мектептин бир жумалык менюсунун үлгүсү көрсөтүлгөн. Бул менюда ата-энелердин салымы жана БУУ ДАП өлкөнүн кээ бир мектептерине тапшырган  азык-түлүк эске алынган.

«БЕКИТЕМ»

 _______________________атындагы №_____

орто мектебинин директору _______________________

МЕНЮ

[күн].[ай].[жыл] ж. тартып [күн].[ай].[жыл] ж.чейин

Тамактын аталышыСалмагы БаасыСалым
Дүйшөмбү
Эт кошулган макарон сорпосу 250 г11,19 сТолугу менен ата-энелер
Таттуутокоч85 г2,54 сУн БУУ ДАП
Компот200 г2,27 с
Бардыгы
16,00 с
Шейшемби
Сүткө бышырылган күрүч каша 200 г5,75 с
Таттуутокоч85 г2,54 сУн БУУ ДАП
Компот200 г2,27 с
Бардыгы
10,56 с
Шаршемби
Буурчак кошулган картошка сорпо 
250 г3,79 с
Таттуу токоч85 г2,54 сУн БУУ ДАП
Сүттүү чай 200 г2,85 с
Бардыгы
9,18 с
Бейшемби
Эт кошулган палоо 150 г18,99 сТолугу менен ата-энелер
Таттуу токоч85 г2,54 сУн БУУ ДАП
Шекердүү кара чай 200 г1,6 с
Бардыгы
23,13 с
Жума
Буурчак кошулган картошка сорпо 250 г3,87 сФасоль ата-энелерден 
Картошкасы бар пирожок120 г3,3 сУн БУУ ДАП
Компот200 г2,27 сКургатылган жемиш ата-энелерден 
Бардыгы
9,44 с
Бардыгы бир жумада
68,31 с33,31 с ата-энелерден

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа