Чүй облусунун жана Ош шаарынын мектептеринде «Туура тамактануу айы» жарыяланат

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) орусиялык Тармактык тамактануу институту (SIFI) менен биргеликте Чүй облусунун жана Ош шаарынын мектептеринде «Туура тамактануу айын» жарыялайт.

24-апрелден 16-майга чейин 3-4-кластардын 1100 окуучуларына жана алардын ата-энелерине баланын ден соолугун балансталган тамактануу аркылуу сактоо темасына арналган агартуу кампаниясы өткөрүлөт. Кампания Эл аралык үй-бүлө күнүнө (29-май) жана Эл аралык туура тамак сиӊирүү күнүнө (15-май) – Кыргызстандагы мектеп тамак-ашынын улуттук программасын колдогон маанилүү майрамдарга арналат.

Майрамдык иш-чаралар бир максатка – кичинекей окуучуларды жана алардын ата-энелерин өздөрүнүн ден соолугун коргоо үчүн балансталган тамактануунун пайдасына аӊ-сезимдүү тандоо кылууну үйрөтүүгө багытталган үч түрдүү форматта өткөрүлөт.

Айды интерактивдик класстык саатар ачат. Мектеп мугалимдери окуучуларына заманбап интерактивдик окуу усулдарын колдонуу менен иштелип чыккан сабактарды өтүшөт. Сабактардын жана бүткүл кампаниянын негизинде “Биздин ичибиздеги жашыруун лаборатория, же биздин организм тамакты кантип сиӊирет” (https://www.youtube.com/watch?v=eRCGwe9MtTM) мультфильми жатат. Когнитивдик мультфильм 2022-жылы БУУ ДАП жана SIFI менен кызматташтыкта жаратылган. Киченекейлерге жеткиликтүү форматта ал балдарга тамак сиӊирүү кандай уюшулгандыгын түшүндүрөт.

ϴз кезегинде, ата-энелер окутуучу семинарларга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ата-энелер баланын үйдө дени сак тамактануусунун сырларына үйрөнүшөт. Конкреттүү мисалдар, оюндар жана тапшырмалар аркылуу баланын бир эле учурда даамдуу да, өсүүчү организмге пайдалуу да тамактануусу үчүн рационду түзүүнү үйрөнүшөт.  

“Туура тамактануу айы” Чүй облусунун Кант шаарындагы Д.Зубков атындагы №1 мектеп-гиманзиясында жана Ош шаарындагы 24-партсъезддин атындыгы №27 орто мектепте балдар жана ата-энелер үчүн фестиваль менен аяктайт. Туура тамак сиӊирүүнүн суроолоруна арналган майрам квест форматында өтөт. Ата-энелер жана балдар топтору тамак сиңирүү тутумунун органдарынын иштешине байланыштуу сыноолордон өтүп, адамдын тамак сиңирүү жолун өтүшү керек. Эӊ шамдагайлар, эр жүрөктөр жана сабакты кунт коюп уккандар жеӊет!

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа