“Сергек жашоо мүнөзү” темасында инновациялык усулдук иштелмелердин сынагы

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Россиянын Тармактык тамактануу институту (SIFI) менен биргеликте башталгыч класстардын окуучулары үчүн “Сергек жашоо мүнөзү” темасында инновациялык усулдук иштелмелердин сынагын жарыялайт.

Сынак, инновациялык окутуу технологияларын колдонуу менен мектеп окуучуларын туура тамактануу принциптерине үйрөтүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлөт.

Катышууга башталгыч класстардын чыгармачыл, активдүү жана демилгелүү мугалимдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү бөлүмдөрүнүн усулчулары чакырылат.

Эгерде сиз балдарды кичинесинен сергек жашоо мүнөзүнүн маселелерин түшүнүүгө жана өз ден соолугуна кам көрүүгө үйрөтүү менен дени сак муундун калыптанышына салым кошууга даяр болсоңуз, анда сынакка катышып, оригиналдуу идеяларыңыз жана иштелмелериңиз менен бөлүшүңүз!

Тапшырма: – «Биздин ичибиздеги жашыруун лаборатория. Биздин организм тамакты кантип сиңирет?» деген анимациялык роликти пайдаланып, туура тамактануу темасына сабак өтүү боюнча усулдук колдонмо иштеп чыгуу.                                                                                                                              

Конкурстук иштерге коюлган талаптар:

1. Материал 7-11 жаштагы мектеп окуучуларына ылайыкталган.

2. Сабактын узактыгы – бир академиялык саат (45 мүнөт).

3. Автордук – түздөн-түз сынактын катышуучулары тарабынан иштелип чыккан – «Жашыруун лаборатория биздин ичибизде. Биздин организм тамакты кантип сиңирет”, – деген анимациялык роликти пайдаланган материал.  

(орусча варианты: https://www.youtube.com/watch?v=eRCGwe9MtTM

кыргызча варианты: https://youtu.be/PexL2G3mRQ0).

4. Материалдын мазмуну:

● Сабактын максаты жана милдеттери

● Күтүлүүчү натыйжалар

● Сабактын кыскача аннотациясы

● Сабакты өтүүдө керектелүүчү реквизиттердин жана басма материалдардын сүрөттөлүшү

● Сабактын жүрүшү, так аныкталган сценарийи (планы) менен

● Интерактивдүү инновациялык усулдук иштелмелердин сүрөттөлүшү: квесттер, мастер-класстар, ролдук оюндар, чакан изилдөөлөр

● Жыйынтык чыгаруу

  • Усулдук иштелмелерди түзүүдө колдонулган адабияттардын жана булактардын шилтемелеринин тизмеги.

5. Тексттик иштер фотоматериалдар, сүрөттөр, макеттер, чиймелер, схемалар, таблицалар, графиктер, өзү даярдаган көрсөтмө куралдар менен коштолсо болот. Сынакка электрондук файлдар (текст, сүрөт, видео жана аудио материалдар д.у.с.) каалаган форматта кабыл алынат.

6. Тексттик материалдар Word форматында, Times New Roman шрифти менен, шрифттин өлчөмү – 12 менен берилет.

Конкурстук иштер жеке же чыгармачыл топ менен аткарылса болот.

Чыгарманы сынакка берген катышуучу чыгарманын автордугунун аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

Арыздар кабыл алуу мөөнөтү:

Сынактык иштер ​​2022-жылдын 08-апрелинен 12-майына чейин tamakashkg@gmail.com электрондук дарегине кабыл алынат.

Сынактын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин аныктоонун тартиби

2022-жылдын 13-майынан 24-майына чейин көз карандысыз сынак комиссиясы үч номинация боюнча сынактын жеңүүчүлөрүн аныктайт.

Сынак комиссиясы:

– Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү

– Көз карандысыз эксперттер

– БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү

– SIFI өкүлү

Сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар:

1-орун – ноутбук

II орун – планшет

III орун – смартфон

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа